Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Иран Суэц каналынан өтүү менен cес көрсөттү


Ирандын кемеси Суэц каналы аркылуу кетип бара жатат.
Ирандын кемеси Суэц каналы аркылуу кетип бара жатат.

Ирандын эки аскерий кемеси 22-февралда Египеттеги Суэц каналы аркылуу өттү. Бул ирандык кемелердин аталган суу жолуна акыркы отуз жылдан ашуун убакыттан бери алгачкы ирет кириши болду. Израиль окуяны чагым катары катуу айыптады.

Жакынкы Чыгыш саясий толкундоолордун кучагында калган шартта Ирандын аскер-деңиз кемелеринин 1979-жылкы ислам ыңкылабынан бери биринчи жолу Суэц каналына кириши тарыхый окуя жана Тегарандын аймактык таасирин чыңдоо мүдөөсү катары каралууда.

Тегерандын өнөктөшү Сирияга машыгууга катышуу үчүн багыт алгандай көрүнгөн кемелер мерчемдеген жерине жеткенге чейин жолдо Иранды душман катары эсептеген Израилдин жээгин да бойлоп өткөндүктөн, бул Тел-Авивдин кыжырдануусун жаратты.

Ричард Далтон
Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху мурдараак муну олуттуу инцидент деп эсептерин эскерткен. Ал бул окуяны 22-февралда АКШнын Израилдеги элчиси менен талкуулаган. Бирок Британиядагы Chatam House иликтөө уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти Ричард Далтондун айтымында, аскерий жагын караганда Ирандын кемелери эч кандай коркунуч туудурбайт:

- Алардын сокку урарлык кандайдыр бир олуттуу кубаты жок, эски. Бирөө камсыздап жүрүүчү кеме. Экинчиси 1950 же 60-жылдары чыккан үч мачталуу фрегат кемеси. Аймактагы флоттордун алардан корко турган эч нерсеси жок. Бул окуяны аскерий чагым деп болжолдоо абсурд.

Ирандын 30 жылдан ашуун созулган тыныгуудан кийин Жер ортолук деңизине кемелерин Суэц каналы аркылуу жиберүү чечими көп жагынан элдик толкундоолор Жакынкы Чыгыштын саясий ландшафттын өзгөртүп жаткан шартта Тегерандын аймактагы турумун чыңдоо аракети катары мүнөздөлүүдө. Суэц каналы Жакынкы Чыгыш менен Европанын ортосун деңизде Түндүк Африканы айланбай туруп басып өтүүгө мүмкүндүк берет.
Бул окуяны аскерий чагым деп болжолдоо абсурд.


Иран боюнча израилдик эксперт Узи Раби Тегеран Жакынкы Чыгышты каптаган толкундоолордон пайда табууну көздөөдө деген пикириде:

- Менимче бул жерде Ирандын аймакка, балким бүткүл дүйнөгө бийликте жаңы теңдешүү бар деген белги берүү аракети жатат. Ал Жакынкы Чыгыштын араб өлкөлөрүндө болуп жаткандарды өз пайдасына чегерүүгө аракеттенип жана аймактык чен-өчөмдөн алганда Иран эң кубаттуу өлкө деген белги берүүгө умтулууда.

Алыстан жиберилген белги

Суэцтен Ирандын кемелеринин өтүшү Израил Египеттеги жана араб дүйнөсүнүн АКШ менен өнөктөш башка өлкөлөрүндөгү элдик көтөрүлүштөрдөн тынчсызданып турган учурга туш келди.

Ирандын кемеси
Египеттеги сурамжылоолор өлкөдөгү жаңы саясий күчтөр 1978-жылкы тынчтык келишимди карманууну убада кылганына карабай, Израил менен АКШга мурдагыдай ыктабай турганын каңкуулоодо. Ирандын кемелери Суэцке киргенден бир апта мурда эле АКШнын учак тартып жүрүүчү кемеси ал аркылуу тескери багытта кеткен болчу. Жакынкы Чыгыш боюнча британиялык эксперт Ричард Далтон мындай дейт:

- Ирандыктар кемелерди коргоо боюнча эл аралык аракеттин алкагында Инд океандын түндүгүндө, Аден булуңунда да жүрүшкөн. Алар Жакынкы Чыгыштагы чечүүчү окуялар өздөрү душман санаган АКШнын таасири азайышына алып келүүдө деп эсептешип жаткан учурда бул - Жер ортолук деңизде да бардыгын көрсөтүү үчүн Ирандын деңиздеги ишмердигин кеңейтүүсү.

Буга кошумча Ирандын Суэц каналына кеме жиберүү боюнча чечими Тегерандын Египет менен Хосни Мубарак бийликтен кулагандан кийинки мамилесин сыноодо. Египетти азыр башкарып жаткан аскерий кеңеш каналга кирүүгө мүмкүндүк бербесе, Иран менен буга чейин эле бузулган мамилени курчутуу тобокелчилигине кептелмек.

Ал эми уруксат берүү менен ал АКШны да, Израилди да нааразы кылгандай. Бирок иш жүзүндө деңиз укугу боюнча адистердин айтымында, Египетте уруксат берүүдөн башка тандоо деле жок. Анткени эл аралык конвенцияга ылайык, Суэц каналы аскерий же соода кемеси экенине карабай баарына бирдей ачык болуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG