Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

АКШ тарыхындагы эң ыпылас шайлообу?


АКШ президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп соңку дебат маалында. 19-октябрь, 2016-жыл
АКШ президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамп соңку дебат маалында. 19-октябрь, 2016-жыл

Байкоочулар АКШдагы президенттик шайлоодо өлкөдөгү маанилүү маселелер эмес, эки башкы талапкердин жеке сапаттары референдумга коюлчудай болуп калганын белгилешет. Башкы атаандаштар бири-бирин айыптоону улантып, “жийиркеничтүү аял” жана “Кремлдин куурчагы” дегенге чейин барышты.

Эркин шайлоо, демократиянын бешиги саналган АКШда президенттик жарыш ага катышкан талапкерлер үчүн качан болбосун абдан катаал сыноо. Анысы кандай, 70ке таяп калган экс-мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен миллиардер Дональд Трамптын ушунча жыл ичинде баскан-турганы, айткан-дегени терең талданып казылып, улам жаңы маалымат шардана болуп жаткан чак. “Кыңыр иштеринин” баары калкып чыгып аткан талапкерлер шайлоого аттанганда ушундай болорун алдын-ала билишет, даярданышат.

Тарыхка кайрылсак, 1828-жылкы шайлоого катышкан ал кездеги президент Жон Квинси Адамс саясий максатына жетиш үчүн өзүнүн үй кызматкерин Орусиянын падышасы Александр 1-ге сойкулукка садага чапкан деп айыпталыптыр.1800-жылкы шайлоодо ал кездеги алдыңкы гезиттердин бири талапкер Томас Жефферсон жеңсе, “киши өлтүрүү, карактоо, зордуктоо, аялынын көзүнө чөп салуу, жакын тууганын бузуу жагынан бекер сабак алабыз" деп жазат.

АКШ: кош тандоонун кармашы

АКШ: кош тандоонун кармашы

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо өнөктүгү өзүнүн негизги бөлүгүнө өттү. Республикалык жана Демократиялык партиялар чоң жарышка аттандырган миллиардер Дональд Трамп менен мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун шайлоо платформаларында тышкы жана ички саясат боюнча кандай ири айырмачылыктар бар?

Ошентсе да, АКШдагы Стэнфорд университетинин Америка тарыхы боюнча профессору Дэвид Кеннеди быйылкы президенттик шайлоо абдан ыпылас өнөктүккө айланып, саясий маданият өтө төмөндөп кетти деген пикирде.

- Мамлекет астында азыркыдай маанилүү маселелер турганда, бу жолку шайлоо өнөктүгү менин өмүрүмдөгү эң көңүл чөктүргөн кампанияга айланды. АКШнын соңку эки кылымдык тарыхындагы эң ыпылас өнөктүк десем болот. Эки талапкер өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерден көрө бири-бирин чукулап айыптаганга көбүрөөк убакыт коротушту. Дональд Трамп орой сөздөрдү колдонуу жагынан атаандашын артта калтырды. Бирок ушундай жагдай түзүлгөнүнө экөө тең күнөөлүү.

The New York Times гезити ушул аптада Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү башталган бир жарым жылдан бери Твиттерде жамандап-мазактаган 281 киши, уюм, мамлекет жана башка тараптардын тизмесин алар тууралуу айтылгандарды кошуп жарыялады.

30 жылдан бери чоң саясаттан түшпөй, күйөөсү жана экс-президент Билл Клинтонго байланыштуу далай жаңжалдарды башынан өткөргөн Хиллари Клинтон шайлоого аттанганда, күрөш абдан курч жана ага каршы компроматтар арбын болорун билген. Ал АКШ тарыхындагы башкы эки партиянын биринин атынан чыккан алгачкы аял-талапкер катары интернетте жарыяланып кеткен жаңжалдуу электрондук каттар, Клинтон фонду менен ири корпорация жана авторитардык мамлекеттер байланышы туурасындагы суроолорго эч тайсалдабай, кайра Трамптын аялдарга карата мамилесин ашкере кылып бетке кармап, элди алаксытуу тактикасын тандады.

Шайлоочулар АКШдагы салык саясаты, иммиграция көйгөйү, улуттук коопсуздук өңдүү маанилүү маселелердин ордуна соңку күндөрү талапкерлердин бири-бирин айыптаган тамашасын эрмектеп, Клинтон айым менен Трамп мырза дебатка келгенде кол алышып учурашпай, атаандашын терең жектеп жериген сөздөрүн аянбай жаадырууну улантууда. Бир жарым жылдай убакыттан бери ички жана тышкы саясатта карама-каршы көз караштарын кайталап келаткан эки талапкердин кимиси элди көбүрөөк ынандырганын эми 8-ноябрдагы шайлоодо билебиз.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG