Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Украин-орус чатагы: Кыргызстандын позициясы кандай болот?

Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинага кол салбоого чакырган жана анын чечимдерин айыптаган акциялардын бири.
Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинага кол салбоого чакырган жана анын чечимдерин айыптаган акциялардын бири.

Орусия менен Украинанын ортосундагы чыр кыргыз коомчулугунун да көңүл борборунда турат. Орус бийлиги Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааныгандан кийин мындан ары окуя кандай өнүгөт, эки өлкөнүн чатагы Кыргызстанга кандай таасир этет деген суроо талкууланып жатат.

Орус-украин чатагын Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары адаттагыдай эле активдүү талкуулап жатышат. Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялагандан кийин ал ого бетер күчөдү. Маселе Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин жыйынында да көтөрүлүп, депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламентти өз позициясын билдирүүгө чакырды.

Жусупбек Коргонбай уулу.
Жусупбек Коргонбай уулу.

“Украина менен Орусия боюнча биздин парламент, президенттин өкүлү да оюбузду билдирип койсок. Тынчтыкка чакырсак. Себеби, Украина жана Орусия менен 70 жыл чогуу СССР деген мамлекетте бирге жашаганбыз. Эки өлкө тең бизге боордош мамлекеттер. Анан унчукпай койгон да туура эмес. Ошондуктан парламенттин отурумунда өзүбүздүн оюбузду билдирели. Донецк менен Луганск облустарынан 100 миңдеген киши Орусияга барып атат. Алар Кыргызстандан барган мигранттардын жумуш ордун алышы мүмкүн. Баары тең бири-бирине байланыштуу”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Донецк менен Луганск облустары боюнча расмий Бишкектин позициясын жарыялай элек. Мекеме, азырынча үн катпай турат.

Коңшу Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган жикчил түзүмдөрдү таануу маселеси күн тартибинде жок экенин айтты. Ошондой эле ал Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) алкагында Казакстан Украинага тынчтыкты орнотуучу күчтөрдү жибере албай турганын билдирип, “бул уюмдун уставына каршы” келерин белгиледи.

ЖККУга Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан мүчө. Быйыл Казакстандагы Январь окуялары маалында уюмга мүчө мамлекеттер коңшу өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн аскер жана техника киргизген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстан орус-украин чатагы боюнча пикирин билдирүүдө эл аралык келишимдерди эске алышы керектигин эске салды.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

“Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү катары, көптөгөн эл аралык келишимдерди ратификация кылган мамлекет катары ошол документтерде бекитилген принциптерди бекем карманышыбыз керек. Ар бир мамлекеттин чек арасынын бүтүндүгүн сыйлаш керек деген негизги талапты аткаралы. Чек арага жана кайсы бир өлкөнүн түзүмүнө байланыштуу биз бүгүн кабыл алган чечимдер эртең Кыргызстандын өзүнө да тиешелүү болуп калышы мүмкүн”.

Орусия Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный электе эле орус-украин чатагынын Кыргызстанга тийгизген экономикалык, саясий кесепеттери тууралуу кеп-сөз козголуп жаткан.

Согуштук аракеттер башталып кетсе күйүүчү май менен газдан Орусиядан көз каранды болгон Кыргызстанда тартыштык пайда болуп, баа кымбаттап кетери айтылган. Андан тышкары расмий эсепте миллиондон ашуун кыргызстандыктар Орусияда мигрант болуп эмгектенип жүрөт.

Украинанын чек арасына топтолгон орус күчтөрү (Сүрөт баян)

Бул сүрөттөн Орусиянын Солоти аймагына аскерлер менен техниканын жайгашканын көрүүгө болот. 20-февраль, 2022-жыл.
1/12 Бул сүрөттөн Орусиянын Солоти аймагына аскерлер менен техниканын жайгашканын көрүүгө болот. 20-февраль, 2022-жыл.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Түштүктү көздөй бараткан батальон, Солоти, Орусия. 20-февралда Солотидеги аскер техникаларынын көп бөлүгү конвойдун коштоосунда башка аймакка көчүрүлдү.
2/12 Түштүктү көздөй бараткан батальон, Солоти, Орусия. 20-февралда Солотидеги аскер техникаларынын көп бөлүгү конвойдун коштоосунда башка аймакка көчүрүлдү.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Солоти. Аскер жана техникалар чыгарылгандан кийин.
3/12 Солоти. Аскер жана техникалар чыгарылгандан кийин.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Орусиянын Валуйки аймагынан 20-февралда спутниктен тартылган бул сүрөттөн тик учактарды, аскерлерди жана башка техникаларды байкоого болот.
4/12 Орусиянын Валуйки аймагынан 20-февралда спутниктен тартылган бул сүрөттөн тик учактарды, аскерлерди жана башка техникаларды байкоого болот.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Валуйки. Тик учактар.
5/12 Валуйки. Тик учактар.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Бак-дарактын арасында турган аскер техникалары.
6/12 Бак-дарактын арасында турган аскер техникалары.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Орусия, Валуйки аймагы. Украинанын чек арасына жакын жерге жаңы жайгаштырылган аскер техникасы. 19-февраль, 2022-жыл.
7/12 Орусия, Валуйки аймагы. Украинанын чек арасына жакын жерге жаңы жайгаштырылган аскер техникасы. 19-февраль, 2022-жыл.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Белгород шаарына жакын жердеги токтойдун арасына жаңы жайгаштырылган аскерлер жана аскер техникалары. 20-февралда тартылган сүрөт.
8/12 Белгород шаарына жакын жердеги токтойдун арасына жаңы жайгаштырылган аскерлер жана аскер техникалары. 20-февралда тартылган сүрөт.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Белгород шаарына жакын жердеги өнөр жай ишканасына жайгашкан аскерлер.
9/12 Белгород шаарына жакын жердеги өнөр жай ишканасына жайгашкан аскерлер.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Бак-дарактардын далдоосуна жайгаштырылган техника.
10/12 Бак-дарактардын далдоосуна жайгаштырылган техника.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Орусия аннексиялап алган Крымдагы Донузлав көлүнүн жээгиндеги тик учактар жана аскерлер. 18-февраль. 2022-жыл.
11/12 Орусия аннексиялап алган Крымдагы Донузлав көлүнүн жээгиндеги тик учактар жана аскерлер. 18-февраль. 2022-жыл.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Донузлав көлүнүн жээгиндеги тик учактар.
12/12 Донузлав көлүнүн жээгиндеги тик учактар.
Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.
Артка
Алдыга

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул коңшу эки өлкөнүн ортосундагы чыңалган абал жана анын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу пикири менен бөлүштү.

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

“Кыргызстан бул маселе боюнча өзүнүн позициясын билдирбесе болбойт. Бирок бизге окшогон кичинекей мамлекеттер башка чоң өлкөлөр реакция кылмайынча күтүп турушат. Кыргызстан менен Орусиянын акыркы мамилесине караганда Бишкек Орусияны же Украинаны колдогон бир так позициясын айтпай да коюшу мүмкүн. Муну Орусия жактыра бербейт. Себеби, биз ЖККУда мүчөбүз, Орусияны өнөктөш өлкө деп эсептейбиз. Геосаясатта жок дегенде моралдык колдоо маанилүү да. Бирок бул маселеде Кыргызстан менен Тажикстандын “тили кыска”. Анткени, экономикалык жактан Орусияга байланганбыз”.

Акыркы окуялар Орусиядагы эле эмес, Украинада жүргөн да кыргызстандык ишкерлер менен жарандарга зыянын тийгизип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода палатасынын Украинадагы ыктыярдуу өкүлү Азамат Исмаилов айтты. Анын сөзүнө караганда, Украинада ушул күндөрү миңдин тегерегинде кыргызстандыктар бар. Бул мамлекет менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү 100 миллион долларга жакын.

Азамат Исмаилов.
Азамат Исмаилов.

“Украинанын элиндей эле кыргызстандыктар да эми эмне болуп кетет деп сарсанаа болуп турат. Мамлекеттеги абал өзгөчө ишкерлердин ишине терс таасир берди. Мурдагыдай соода-сатык жок. Эл да эртең эмне болуп кетет деген ой менен акчасын сарптабай турат. Жалпысынан жумуш болуп атат, балдар мектептерге барып жатат. Украина Орусиядан толук кол үзүп кете албай, ошонун аракетин көрүп жатпайбы”.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов орус-украин чатагы тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына көз карашын жазды.

"Эгерде Орусия өз аскерлерин “ЛЭР”, “ДЭР” аймагына киргизип, ал жерде согуштук аракеттер башталса, ЖККУнун күчтөрү ал аймакка кире албайт. Анткени “ЛЭР”, “ДЭРдин” ЖККУга эч кандай тиешеси жок", - деген пикирде Феликс Кулов.

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча 21-февралдагы видео кайрылуусу жана анын маани-маңызы тууралуу буларга токтолду:

“Кремлдин Украина боюнча акыркы кадамы менен иш-аракети жана Орусиянын президентинин сөзү Орусияга географиялык да, саясий жактан да жакын болгон мамлекеттерге кесепети тийип каларын эске алыш керек. Владимир Путин ар кандай коркутуу сөздөрүн буга чейин эле айтып келген. Украина кабылган кырдаалга башка да мамлекеттер кабылып калышы мүмкүн. Ошондуктан бул белги катары кабыл алынышы керек”.

Орусия Кыргызстандын ири экономикалык өнөктөшү болуудан мурда эң башкы саясий жана аскердик өнөктөшү. Эки өлкөнү Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) сыяктуу бир нече аймактык уюмдар бириктирип турат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Төрөгелди

    Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG