Согуштук кырдаалдан улам Кара деңиздеги порттор бөгөттөлүп, Украина дан азыктарын экспорттой албай калды. Дан азыктары боюнча эл аралык кеңештин (IGC – International Grains Council) маалыматына караганда, аталган өлкө бул багыттагы экспортто дүйнөдө төртүнчү орунда турчу. Тамак-аштын 90% деңиз порттору аркылуу чыгарылып келген.
Украинаныкы бөгөттөлдү, Орусияда түшүм көп
Орусиянын кеңири масштабдагы кол салуусу башталганга чейин украиналык компаниялар Кара деңиз порттору аркылуу айына 5 миллион тонна дан азыктарын экспортточу. Эндей салынган жүктөрдү ташычу атайын кемелер – балкерлердин кербени Кара деңизден буудайды, арпаны, жүгөрүнү жана дандын башка түрлөрүн Жер ортолук деңизине же, андан ары алып чыкчу.
Согуш башталгандан кийин Орусия Кара деңиздин украин жээгиндеги порту бар шаарларды басып эле албастан, Украинанын бүтүндөй дан соодасына бөгөт коюп жатат.
Украинанын агрардык кеңешинин төрагасынын орун басары Денис Марчук мындай деди:
“Бүгүн мунун баары иштебей калды. Кара деңизде орус кемелери турат. Алар ал тургай согуш башталганга чейин Украинанын аймагына келген эл аралык кемелерди да чыгарбай турат. Данды дүйнөгө ташып кетчү башка кемелер дагы ичкериге кире албай жатат".
Европа комиссиясы ушул тапта Украинадан дандын экспортун жандантуунун жолдорун караштырып жатат. Алар орус флоту жаап турган украиналык порттордогу дан азыктарын темир жол аркылуу же транспорттун башка түрлөрү менен чыгарып кетүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырууда.
Бирок бул өтө чоң күч жумшоону талап кылат жана иш жүзүндө жаңы логистиканы уюштурууга туура келет. Анткени, бир балкер 60 миң тоннадай данды бир ташып жүрүүгө кудуреттүү. Жүк ташуучу автоунаа болгону ондогон тонна гана ташый алат. Ошондо да Украинадан кандайдыр бир ыкма таап Европанын Жер ортолук деңизиндеги портторуна жеткирген күндө дагы, аны башка кемелерге түшүрүп-жүктөө ыкчам аткарылбайт.
Жергиликтүү саясат таануучу Алексей Якубин үн кошту:
“Европадагы порттордун өзүнүн пландалган ишмердүүлүгү жана алдын ала белгиленген графиктери бар экенин унутпайлы. Алар өз жумуштарын пландап жатышканда, Украинадан дан азыктарын кошумча ташууга туура келет деп пландашкан эмес”.
Европада “Украинадагы согуштан улам ачарчылык болушу ыктымал” деген кооптонуу күчөгөн кезде орус президенти Владимир Путин быйыл “түшүм мол болорун” жарыялады.
“Бул жылы жакшы түшүм күтүлүп жатат. Адистердин эсебинде, быйыл Орусияда 130 миллион тоннадай дан азыктары жыйналат. Анын ичинде 87 миллион тоннасы буудай. Албетте, биз ушундай болот деп күтүп жатабыз, эгер чындап ушул көлөм жыйнасак, анда бул Орусиянын тарыхындагы рекорд болот”, - деди Орусиянын президенти Путин.
Украин буудайын кошо саткан Москва
CNN телеканалынын иликтөөсүнө ылайык, Орусия ушул тапта өз өндүрүшүндөгү дан азыктарынан сырткары басып алган украин жерлериндеги буудайды да сатууга өттү. Журналисттер спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу аннексияланган Крымдан Сирияга дан эгиндерин жеткирген кемени аныктап чыгышты. Ага чейин жүктөр жарым аралга Украинанын кампаларынан автоунаа менен ташылып келингени такталган.
Украинанын агрардык кеңешинин төрагасынын орун басары Денис Марчук кайрадан кепке кошулду:
“Биз Украинанын басып алынган аймактарындагы – Херсондогу, Запорожьенин бир бөлүгүндөгү, Донецк жана Луганск облустарындагы кырдаалды айтып жатабыз. Бул деген иш жүзүндө 500 миң тоннадай дан азыктары Украинанын аймагынан баскынчылык менен чыгарылып кетип жатат дегенди түшүндүрөт”.
Денис Марчуктун эсебинде, 500 миң тонна дандын баасы 150 миллион доллардан жогору турат. Бул Украинанын бюджети үчүн өтө чоң чыгым.
Мындан сырткары азыктарды Киевдин көп жылдык соода өнөктөштөрү ала албай калып жатканын түшүнүш керек. Алардын ичинде бакубат Батыш өлкөлөрү эле эмес, Түндүк Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер да бар. Бул аймактарда ундун жана нандын тартыштыгы ачарчылыкка жана жапырт нааразылыкка алып келиши ыктымал.
Украинанын агрардык саясат министринин орун басары Тарас Высоцкий буларга токтолду:
“Биз өндүргөн азык-түлүк товарларынын баары толук керектелчү. Ошондуктан азыр ондогон тонна буудайды жетпей калып жатканы бул ошол керектөөнү азайтуу менен гана чечилет. Же алар керектөөсүн азайткан башка өлкөлөрдөн алып келүүгө мажбур болушат. Бул баары бир дефицитке алып келет. Бул согуш иш жүзүндө дүйнөлүк азык-түлүк кризисине старт берди. Анткени, азык-түлүк жеткиликтүү болбой калат, калктын көп катмарына экономикалык жактан коргоосуз калат. Алар көп нерсени сатып ала албай калат”.
Украинанын агрардык кеңешинин төрагасынын орун басары Денис Марчук да куду ушул пикирди бекемдеп, Жакынкы Чыгыштагы он жыл баштагы окуяларды эстеди:
"2011-жылы “Араб жазы” көтөрүлүштөр сериясын эстесеңиздер. Иш жүзүндө ошондо баары адамдарда акча жетпей калганынан, буудай жана ундун баасы өтө кымбаттап кеткенинен башталган. Натыйжада нааразылыктар болду, а Европа “Араб жазынын” кесепетинен өтө чоң качкындардын тобун кабыл алууга аргасыз болду. Бүгүн да ошондой эле маселе турат".
Украина жылына орточо 100 миллион тоннадай дан азыктары өндүрөт. Өлкө жаңы түшүмдү дагы бир нече айдан жыйнай баштайт. Бирок адистер ага чейин анча өнүкпөгөн өлкөлөрдүн дан запастары дээрлик түгөнүп каларын эскертүүдө. Кара деңизди орус аскерлери бөгөттөп тура берсе анын ордун толтуруу мүмкүн эмес.
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан дан азыктарын негизинен Орусиядан алат. Алатоолуктар жылына 770-800 миң тонна буудай керектесе, жергиликтүү ишкерлер болгону 400 миң тонна гана жыйнайт.
Мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Орусия Украинага кол салгандан кийин тараткан билдирүүсүндө дагы эскертүүлөрдү берген. Мекеме өз маалыматында, эки өлкө биригип дүйнөдө арпанын 19%, буудайдын 14%, жүгөрүнүн 4%, күн карама майынын 52% камсыз кыларын белгилеген. Ошол себептүү мекеме Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратарын кабарлаган.
Ушундай эле билдирүүлөрдү Дүйнөлүк банк, Эл Аралык Валюта фонду жана башка мекемелер да жасашкан.