Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

"19 ай абакта отуруп, акыры акталдым". Орусияда камалган Айнагүл 7 млн кенемте сурайт


Айнагүл Борбиева
Айнагүл Борбиева

26-октябрда Новосибирск облустук соту 7 млн рубль акча уурдоого айыпталып, 2,5 жылга соттолгон Айнагүл Борбиеваны актады. Кыргызстандык аял жумушка баратып көчөдөн баштык таап алган. Борбиеваны ал баштыктын ээси уруулукка айыптап, сотко берген. Мигрант келин эки жылдай абакта бейкүнөө отурган.

"Ыйлай берип көзүм начарлады"

Акыры адилеттикке жетермин деп жүргөн Айнагүл Борбиеваны үч жылдан кийин гана Орусиядагы сот күнөөсүз деп тапкан. Мигрант келин эки жылга жакын тергөө абагында отурган.

"Мени сот толугу менен актап, реабилитацияга укук берди. Тагыраагы, эми мен бейкүнөө отурганым үчүн кенемте талап кылып, сотко кайрыла алам. Мени сотко берген адам эмне болгонун деле билбейм. Негизи ишти кайра тергөөгө жиберишкен. Кийинки инстанцияда прокурор биз тарапта болуп, жардам берди",- дейт ал.

Эми сөз башынан болсун. Новосибирскиде жашаган Айнагүл Борбиева 2021-жылы 4-ноябрда жумушка баратып көчөдөн баштык таап алган. Кийинчерээк ал баштыктын ээси, ошол шаардын тургуну анда 7 миллион рубль болгонун айтып чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө Борбиева күнөөлүү эместигин айтып, баштыкта шейшеп, беткап, калемсап жана флэш-карта гана болгонун билдирген.

Айнагүл Борбиева сот залында. Орусия. 2023-жыл.
Айнагүл Борбиева сот залында. Орусия. 2023-жыл.

Новосибирск шаарындагы сот "жети миллион рубль уурдап алган" деген шек менен камалган Айнагүл Борбиеваны 2,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алып, тергөө абагына камаган.

"Мен үй тазалоочу компанияда иштейм. Ал күнү деле адаттагыдай иштен келатып, жерде жаткан баштыкты көрүп, алып кеткен болчумун. Анткени буга чейин деле ушундай буюмдар калып калган учурлар болгон. Тургундар бизден сурап калышчу. Биз андай учурда иштеген жерибизге алып барып койчубуз. Муну деле ошентип ойлогом. Анын ичинде бирок акча жок болчу. Акча бар экенин далилдөө үчүн менин телефонумду беш айга тыңшап, өзүмдүн, туугандарымдын эсептерин текшеришти. Мен тынбай эле арыз жазып, жактоочум экөөбүз кайра-кайра жогорку инстанцияларга кайрыла бердик".

Мигрант келинге Орусиянын Кылмыш кодексинин 158-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук”) боюнча иш козголгон. Укук коргоо органдары видео көзөмөл камераларынан сөз болуп жаткан баштыкты Борбиева алып, жумушуна алып барып койгону аныкталганы кабарланган. Орусиянын жараны В.С. 2021-жылы 4-ноябрь түнү мас болуп кетип баратып, көчөгө 7 миллион рубль салынган баштыгын унутуп кеткенин айтып, полицияга арыз жазган.

Сотто ал жаран ишкер экенин, акчасын уурдаткандан улам банкротко учураганын жүйө келтирген.

Айнагүл Борбиева.
Айнагүл Борбиева.

Былтыр 31-майда Новосибирск облустук соту мигрант аялды 2,5 жылга абакка кескен мурунку инстанциянын өкүмүн өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Тергөө учурунда 7 миллион рубль табылбаганы үчүн облустук сот Кылмыш кодексинин 158-беренесин (“Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук”) өзгөртүп, аялга 60 миң рубль айып пул чегерген.

"Соттун ал чечиминен кийин биз андан ары күрөштү уланттык. Анткени мени сотко берген адам сумканын баасы 8000 рубль болчу деп айтты. Бирок экспертиза 2021-жылы ал сумканын наркы 300 рублга да жетпегенин аныктады. Ошентип, мен толугу менен акталдым. Бирок муну далилдөө жеңил болгон жок. Мен тергөө абагында 19 ай отурдум. Такыр күнөөсү жок жерден эле отурдум. Ыйлай берип, көзүм начар көрүп калды. Абактагы шарт өтө жаман дебейм. Сен эч кимге тийишпесең, сага да тийишпейт экен. Бирок берген тамагы кайра оозуңан чыгат. Ушунчалык даамсыз. Күйөөм жактоочу жалдап, мага утур тамак-аш ташып, жарым миллион рублдай акча коротту. Ошондуктан азыр жактоочум менен кенемте төлөтүп алганга аракет кылалы деп жатабыз."

Адвокат Наталья Коломбет жакын арада кенемте талап кылган арыз тапшырыларын айтты:

"Соттун чечими толук колубузга тийе элек. Бирок сот залында Айнагүл толугу менен акталганын билдик. Бул иште башынан эле түшүнүксүз жагдайлар көп болчу. Биз тынбай инстанцияларга кайрылып атып, ушул жыйынтыкка келдик. Ишке журналисттер да көңүл буруп, резонанс жаралды. Анткени окуянын негизги сабагы - жолдо жатса да бирөөнүн буюмун албаш керек. Мисалы, Айнагүлдүн учурунда ал ошол сумканы укук коргоо органдарына өзү алып барып бериши керек эле. Бирок ал сот залында ага үлгүрбөгөнүн, анын үстүнө эч кандай баалуу буюмдары жок сумка тууралуу унутуп калганын айтты. Соттун акыркы чечимине ылайык, биз реабилитация кыла алабыз. Анын өлчөмүн Айнагүл өзү чечсе болот. "7 миллион рубль үчүн камалдың, моралдык жактан кыйналганың үчүн 7 миллион сурасаң болот" деп айттык. Сот анын наркын кийин өзү чечет".

Айнагүл жолдошу менен.
Айнагүл жолдошу менен.

48 жаштагы Айнагүл Борбиева - Ноокен районунун тургуну. Бир топ жылдан бери Новосибирскиде күйөөсү жана балдары менен жашайт. Ал учурда мурдагы жумушуна кайтып барып, үй тазалоо тармагында иштеп жатат.

"Мен СИЗОдо отурганымда аябай сарсанаа болдум. Канча акча кетип жатат, мен болсо отурам деп ойлодум. Күйөөм келген сайын мени мурунку жумушума алышат бекен, кайра иштесем болобу деп, улам сурап жаттым. Мурунку жетекчим да "Айнагүлгө ишенебиз, кайра ишке алабыз" деп айткан экен. Камактан чыккандан кийин Кыргызстанга барып келдим. Азыр мурункудай үй жыйнап иштеп жатам. Бул окуя Орусия тууралуу оюмду да өзгөрттү. Кетем деп, көңүлүм калган учурлар көп болду. Азыр бирөөнүн буюмун көрсөк, айланып өтүп калдык. Бая күнү бирөө дагы баштыгын унутуп кеткен экен. Аны кесиптешим алып барып коюптур. Ичиде 3000 рубль бар экен. Аябай жаман болду. Ошол 3000 үчүн "соттолуп кетемби" деп коркуп жатты. Менин окуям көп мигранттарга сабак болду окшойт".

Айрым маалыматтарга караганда, Новосибирскиде 130 миңден ашык кыргызстандык жашайт. Алардын дээрлик жарымы орус жарандыгын алган.

ТИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи жарымына карата Орусиянын түзөтүү мекемелеринде Кыргызстандын 1370 жараны жазасын өтөп жатат. Ал эми 2024-жылдын 6-ноябрына карата тергөө изоляторлорунда 833 жаран кармалып турган. Расмий маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 4-бөлүгү менен ("баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү") күнөөлүү деп табылган. Жогорудагы берене боюнча бир миллион рублга чейин айып пул же 10дон 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Башкача айтканда, бул берене өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирет. 2023-жылдын 11 айында абактагыларды Орусиядан Кыргызстанга өткөрүү боюнча 132 суроо-талап Москвага жиберилген. Былтыр 73 адам, быйыл жарым жыл ичинде 30 киши орус абактарынан Кыргызстанга экстрадицияланган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 494 соттолуучу экстрадициядан баш тарткан.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG