Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

"Түрк жарандарына паспорт мыйзамдуу берилген". Соттун чечими, Инандынын иши


Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу Бишкекте акциялар өткөн.
Орхан Инандынын жоголушуна байланыштуу Бишкекте акциялар өткөн.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат башчысы болгон Фарид Ниязов, атайын кызматтын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев менен Жарандык маселелер комиссиясынын мурдагы катчысы Эрнис Апилов кыргыз паспортун Орхан Инанды баштаган теги түркиялык он адамга "мыйзамсыз берүү" ишинде акталды.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте бир канча жылдар бою жашаган "Сапат" билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. Көп өтпөй түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган аны атайын кызмат Анкарага алып барганын билдирген.

Былтыр Инанды "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күнөөлүү деп табылып, 21 жылга эркинен ажыратылган. Анын тарапташтары муну саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Соттун чечими: "Кылмыштын курамы жок"

Орхан Инанды баштаган теги түркиялык он жаранга 2016-жылы кыргыз паспорту мыйзамсыз берилген деген негизде кылмыш иши 2021-жылы июлда, "Сапат" билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Бишкектен бир ай мурда уурдалып кеткенден кийин козголгон.

Ошол иштин негизинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге, анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге жана Жарандык маселелер комиссиясынын мурдагы катчысы Эрнис Апиловго “Коррупция” жана “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү” беренелери боюнча айып тагылган.

Биринчи Май райондук соту 18-мартта өкүм чыгарып, алардын аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты жана актады. Муну менен Инанды баштаган түрк тектүү жарандарга кыргыз паспортун берүүдө мыйзам бузуу болгон эмес деген чечим чыкты.

Бул ишке байланыштуу аталган сот Алмазбек Атамбаевди 2022-жылы июнда актаган.

Инандынын жоголушуна байланыштуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги "Адам уурдоо" беренеси менен иш козгогон.

Инандынын уурдалышы: Сот уланууда

Орхан Инандынын Кыргызстандагы адвокаты Таалайкүл Токтокунованын билдиришинче, Орхан Инандынын кыргыз жарандыгына байланыштуу маселе болгон эмес. Учурда анын өлкөдөн уурдалып кеткени боюнча сот уланып жатат:

"Ал биздин жаран эмес деп бир дагы расмий орган айткан эмес. Кылмыш ишинин козголгону ал биздин жаран эмес дегенди билдирбейт. Анын иши ошол боюнча эле турат. "Чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген берене болгон. Ал жакта дагы деле сот жүрүп жатат".

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекти байырлап жүргөн Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан. Анкаранын Жогорку Соту аны былтыр июнда “куралдуу террордук уюмду башкаруу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан. Инандынын тарапташтары муну саясий куугунтук катары сыпаттап келет.


Президент Садыр Жапаров 2021-жылы октябрда Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. Ошондой эле расмий Бишкек аны кайтарууну Анкарадан талап кыларын билдирген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ал кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин айткан.

Деген менен атайын кызматтын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбеков президенттин Инандыга байланыштуу тапшырмасы аткарылбай жатат деп эсептейт. Анын баамында, Инандынын уурдалышына укук коргоо органдарынын мурда-кийин иштеген кызматкерлери аралашкан болушу мүмкүн:

"Орхан Инандыны бир катар аттуу-баштуу адамдар, түрк лицейлериндегилер ыймандуу, чыгаан жаран деп билишет. Тилекке каршы, ага жалаа жаап, Кыргызстандан алып чыгып кетишкен. Буга укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен же ошол маалда иштеп жаткан кызматкерлердин тиешеси болушу мүмкүн. Себеби бандиттердин же дагы башка адамдардын катышуусу менен болсо, бул иштин бети эчак ачылып, күнөөлүүлөр жазасын алышмак. Мансапты, байлыкты же болбосо жеке кызыкчылыгын ойлогон, ыплас иштеген шумпай кызматкерлер Орхан Инандынын Кыргызстандан уурдалып кетишине чоң жардам берген. Ошондон бери үч жыл өтүптүр. Садыр Жапаров буга байланыштуу өзү тапшырма берген. Тилекке каршы, акыркы кезде президенттин тапшырмасын аткарбаган же үстүртөн караган мисалдар көп кездеше турган болду".

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитети 2021-жылы ноябрда Инандынын уурдалып, кыйноого кабылып, Түркияга жеткирилишине Кыргызстандын күнөөсү бар деп билдирген. Анда уюм бул окуянын тыкыр иликтенбегенин эскерткен.

"Соттун чечими Инанды биздин жаран экенин көрсөттү"

Талдоочу Руслан Акматбек Инанды уурдалган жагдай ачылып, ага жол бергендер, күнөөлүүлөр жоопко тартыларына көзү жетпейт:

"Бул иштин аягына чыгышы үчүн биздин расмий өкүлдөр иш алып барышы керек. Кыргызча айтканда, "кунун куушу" керек, укугун коргошу керек. Инанды жоголгондон ушул кезге чейин байкалган нерсе: мүмкүн болушунча муну улантпоого, козгобоого, ишти аягына чыгарбоого аракет кылып жатышкандай. "Бул түрк экен, мекенинде кылмыш иши козголуптур, биздин жарандыкты мыйзамсыз алыптыр" деген шылтоолорду айтып жатышат. Соттун акыркы чечими эч кандай мыйзам бузуу болбогонун, ал биздин жаран экенин көрсөтпөдүбү. Бул иш Орхан Инанды болгону үчүн эмес, биздеги жалпы эле жаранга, адамга болгон мамиленин айынан аягына чыкпайт деп ойлойм. Бизде адамдын баркы анын кызматы менен бааланат. Соңку окуялардан жөнөкөй жарандардын укугу канчалык сакталып жатканын көрүп турабыз го".

Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелери бир топ жылдардан бери расмий Бишкек менен Анкаранын мамилесин сынаган жагдай болуп калды.

Бишкектеги түрк элчилиги бул окутуу жайларын “Фетхуллахчы, террорчул” же ФЕТӨ/FETO (түрк бийлиги Фетхуллах Гүлендин кыймылын ушинтип атайт - ред.) деп атаган уюмга байланыштуу бир нече жолу күнөөлөгөн жана кыргыз бийлигине кайрылган. Бул мекемеде окуган улан-кыздар Түркияда кыйынчылыктарга кабыларын, аларга бул өлкөнүн эшиги дээрлик жабыларын эскертип, расмий Бишкекти "зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерди жасоого" чакырган.

Кыргыз бийлиги буга байланыштуу расмий комментарий берген эмес. Айрым талдоочулар муну Анкаранын Кыргызстандын ички ишине кийлишүүсү катары сыпаттаган.

“Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштейт. Учурда ага 16 лицей, Эл аралык “Ала Тоо” университети, Эл аралык “Силк Роуд” мектеби, төрт толук эмес жалпы билим берүүчү мектеп карайт жана аларда жалпысынан 10 426 окуучу менен студент билим алат.

XS
SM
MD
LG