АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстанга иш сапары менен келип, бир катар мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер менен жолукту. Ал Бишкекте "Азаттыкка" эксклюзивдүү маек курду.
- Биринчиден, сиздин Кыргызстанга иш сапарыңыздын максаты эмне экенин билсек болобу?
- Саламатсыздарбы, маектешүү мүмкүнчүлүгү үчүн чоң рахмат. Биздин Кыргызстанга иш сапарыбыздын негизги максаты - кыргыз элин, өкмөтүн угуу, ошону менен катар кыргыз–америка алакасынын келечегин кандай көрөрүн билүү. Бул жактагы бир нече күн аябай жакшы өттү. Эми мен кайра дагы кайтып келишим керек экенин түшүндүм. Кыргызстан керемет өлкө экен.
- Кезинде Бишкектин четинде америкалык аба база турганда АКШ Кыргызстандагы таасирдүү өлкө катары каралчу. Аскер базасы чыгарылгандан бери көп нерсе өзгөрдү. Ооганстанда да кырдаал өзгөрбөдүбү. АКШ менен Кыргызстандын учурдагы мамилесине кандай баа бересиз? Эки тарап алака-катыштын толук потенциалын колдонуп жатабы?
- Сиз берген суроодогу эң негизги маселе - кыргыз-америка ымаласынын келечеги экенин белгилегим келет. Анын келечеги бекем жана жаркын. Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын орток баалуулуктары бар. Биз аймактагы туруктуулукту, коопсуздукту көздөйбүз. Экономикалык өнөктөштүктү тереңдетип, эки өлкөнүн тең атуулдарынын жашоосун жакшырткыбыз келет. Бул алакалардын келечегин карасак, абдан көп нерселерди кура алабыз деп ойлойм. Биз Бишкекте дипломатиялык миссия түптөгөн алгачкы өлкө болгонбуз. Бул улуу эл менен узак мөөнөттүк өнөктөштүк үчүн терең сыймыктанабыз. Биз аны дагы улантууга даярбыз.
Эки тараптуу келишимдин тагдыры
- Кыргызстан АКШ менен стратегиялык келишимди денонсациялаганына жети жылдан ашып калды. Расмий Бишкек менен Вашингтон билдирүүлөрү эки тарап жаңы эки тараптуу келишим түзүүгө аз калганын ишарат кылып жатат. Эки өлкөнүн бул келишимди кабыл алуусуна эмне тоскоол болууда? Келишимди кабыл алуу маселеси жылдап уланып келе жатпайбы.
- Биз даяр турабыз. АКШ Кыргызстанды эң күчтүү өнөктөш катары көрөт жана биз бул сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр турабыз. Ар бир суверендүү өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. Кыргызстан да өз өнөктөшүн тандай алат. АКШ ошол өнөктөшү болууга даяр.
- Келишимди сүйлөшүүнү Кыргызстан кечеңдетип жатат деп ойлойсузбу?
- Буга Кыргызстандын өкмөтү жооп бериши керек деп айтат элем. Биздин өкмөттүн атынан сүйлөсөк, биз келечек жаркын деп ойлойбуз.
- Сиз Бишкекке келгенге чейин Өзбекстанда да болдуңуз, балким өзүңүз байкагандай, ушуга чейин Борбор Азия өлкөлөрү ар дайым Орусиянын таасиринде болуп келген. Азыркы тапта Москва Украинага кол салгандан бери өз алапайын таппай жаткандай. Ошол эле маалда эксперттер Кытайдын аймактагы таасири артып жатканын айтышууда. Мындай шартта АКШнын Борбор Азия менен, өзгөчө Кыргызстан менен болочоктогу алакасын кандай элестетет? Украинадагы согуш сыяктуу геосаясий айдыңдагы соңку өнүгүүлөр Американын Борбор Азиядагы кызыкчылыктарын өзгөрткөн жокпу?
- Орусиянын Украинадагы адилетсиз жана мыйзамсыз согушу геосаясий реалдуулукту өзгөрттү деп айтар элем. Бирок өзгөрбөгөн бир нерсе бар - ал биздин бул эл менен, кыргыз эли менен достугубуз. Жогоруда айтканымдай, ар бир өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. АКШ тандоо кыл деп сурабайт. Бирок биз суверендүү, көз карандысыз жана принциптүү Кыргызстанды досубуз дегибиз келет жана бул өнөктөштүктү кубаттайбыз.
- Украинадагы согушка байланыштуу дүйнөдөгү энергетикалык коопсуздук көйгөйүнүн эпкини Борбор Азия өлкөлөрүн, анын ичинде Кыргызстанда кыйгап өткөн жок. Мындан тышкары бул согуш климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу саясатка да таасирин тийгизүүдө. Бул маселелерде АКШ аймакка жана Кыргызстанга кандай колдоо көрсөтө алат?
- Бул маселенин эки жагы бар. Биринчиден, мунайдын баасы менен катар азык-түлүктүн баасы да Орусиянын согушунун айынан кымбаттады. Путин мырза бул согушту токтото алат, эгер өзү кааласа. Бирок мен климаттын өзгөрүүсүн козгогонуңузга сүйүндүм. Себеби бул маселеде Кыргызстан лидерлик ролдо турат, тоолорду сактоо жылы маселен. Кыргызстандын Борбор Азиядагы мындай лидерлигин кубаттоого арзыйт. Биз Египетте өтө турган глобалдык COP 27 саммитине баратабыз. АКШ да абага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтуу багытында абдан маанилүү кадамдарды таштап жатат.
Биз бул конференцияда Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр менен чогуу аракеттенип, буга чейин макулдашылган нерселерди ишке ашырып, алдыга карай кетебиз деп ойлойм. Климаттын өзгөрүүсүндө белгилей кетчү бир нерсе - Борбор Азиядагы өлкөлөр аба улуу газдарды эң чыгарган мамлекеттердин катары турбаганын, бирок климаттын өзгөрүүсүн түздөн-түз сезип жатканын түшүнүп турабыз. Глобалдык коомчулук катары биз өз атуулдарына кам көргөн өлкөлөрдү колдошубуз керек.
- Жакында эле кыргыз-тажик чек арасында эки тараптан 130дан ашуун адам өмүрүн алган кандуу кагылышуу болду. Эки өлкөнүн жетекчилиги БУУнун генералдык ассамблеясында бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасады. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагы боюнча АКШнын позициясы кандай?
- Биринчиден жана өтө маанилүү нерсе катары айтарым, биз курман болгондор менен үйлөрүнөн кетүүгө аргасыз болгондорго көңүл айтабыз. 130 миңден ашуун кыргыз жарандары акыркы болгон кагылышууларда жашаган жеринен көчүүгө аргасыз болгонун билебиз. Биз жардамга муктаждарга токтоосуз биринчи жардам көрсөтө алганыбызга сыймыктанабыз. Чек арадагы зомбулукка байланыштуу азыр айтайын дегенибиз, ок атышуулар токтоп калганына, Кыргызстан аймактык туруктуулук менен коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшө алганына кубанычтабыз. Бул Кыргызстандын жарандары үчүн мыкты нерсе.
"Сөз эркиндиги боюнча сүйлөшүүлөр дагы уланат"
- Сиз Бишкектеги иш сапарыңыз учурунда президенттин администрациясындагы айрым расмий жетекчилер менен жолуктуңуз. Администрациянын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков менен да жолугуп, сөз эркиндиги маселесин талкуулаганыңыз белгилүү болду. Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин кандай баалайсыз?
- Айтайын дегеним, кичине артка кайрылсам, абдан көп адамдар менен жолуктум, алар өздөрү үчүн атуул катары эмне маанилүү экени тууралуу сөз кылышты. Бул - ойлонуу эркиндиги, көз караш эркиндиги жана басма сөз эркиндиги. Бул маселелер ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алган. Өкмөт медиа эркиндигине байланыштуу кийинки кадамдарына баа берип жатканда биз өзүбүздүн тынчсызданууларыбызды сүйлөштүк. Биз аларга Кыргызстандын өз атуулдарынын кесипкөй басма сөз аркылуу маалымат алуу эркиндигине болгон укугун колдогон сыймыктуу тарыхы бар экенин эске салдык. Биз өтө ачык сүйлөштүк жана диалогду уланта беребиз.
- Жакында эле Кыргызстандын бийлиги "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков ушул мыйзамды эмне себептен өзгөртүү керек болуп жатканын, азыркы мыйзам учур талабына шайкеш келбей калганын сизге айтканы кабарланды. Мыйзамды өзгөртүү туура деп ойлойсузбу?
- Мыйзам долбооруна келсек, кыргыз эли көчүрүлгөн (копи пейст) мыйзамга муктаж эмес. Менимче, аларга Кыргыз Республикасындагы элдин баалуулуктарына шайкеш келген, сөз эркиндиги жана маалымат алуу эркиндигине байланыштуу сыймыктуу тарыхыңарды чагылдырган мыйзам керек. Менимче өкмөт муну түшүнүп турат.
- Балким, сиз кыргыз блогерлери, медиасы тууралуу билсеңиз керек. Айрым кыргыз блогерлерине жана иликтөөчү журналист Болот Темировго карата кылмыш иштери ачылган учурларды уксаңыз керек. Кыргыз медиасын кандай баалайсыз?
- Мен бир да өлкөнүн медиасын баалай албаймын. Муну ошол өлкөнүн атуулдары кылат. Ошентсе да иликтөөчү журналистика өтө күчтүү экенин айта аламын. Менин өлкөмдө да алар күчтүү. New York Times, Washington Post сыяктуу гезиттерди карасаңыз алар АКШнын бийлигине карата аябай сынчыл. Алар бизди эсептешүүгө чакырат. Мен АКШ өкмөтүнүн атынан йтарым, алар бизди жакшыртууда, жоопкерчилигибизди арттырууда, ачык-айкын кылууда. Медианын иши оор суроолорду берүү, себеби жарандар мамлекеттен сурак алып турушу керек. Медиа муну ишке ашыруучу жол.
- Сиз көп жыл бийликтин басма сөз кызматын жетектеп иштепсиз. Бизде журналисттер менен басма сөз кызматтары арасында мамилени жакшыртуу өнүктүрүү үчүн жеке тажрыйбаңызга таянып кандай кеңештерди бере аласыз? Кээде тил табыша албай калган учурлар болот эмеспи?
- Бул жумуш аябай оор деп айта алам, балким журналисттик кесиптен кийинки эле эң оор иш - басма сөз катчылык. Мамлекеттин басма сөз катчысы болсоң ар дайым чындыкты айтышың керек, медиа өкүлдөрүнө ар дайым жеткиликтүү болушуң керек, ийкемдүү кызматташа алган адам болушуң зарыл. Жакында эле Кыргызстандын чек арасында болуп өткөн калабалуу окуяларды буга мисал келтиргим келет. Анда кыргыз бийлиги өтө зор иш алып барды. Жеткиликтүү болуп, маалыматты убагында берүүсү менен мамлекеттик коммуникациянын мыкты өрнөгү болду деп айта алам. Борбор Азия мамлекеттери жана дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн мыкты үлгү болуп берди.
Аялдарга карата зомбулук дүйнөнү түйшөлтүүдө
- Иш сапарыңыз учурунда аялдар же жаштардын тобу, активисттер менен жолуктуңузбу?
- Ушул суроону бергениңиз үчүн өтө кубанычтамын. Бүгүн эртең менен бир жолугушуу болду жана түштөн кийин да мен аябай кубанып күтүп жаткан жолугушуу пландалган. Бүгүн эртең менен гендерге байланыштуу зомбулук маселеси менен иш алып барган бир нече активист менен сүйлөштүм. Бул маселе дүйнөнүн чар тарабындагы ар бир адамга таасирин тийгизип жатат. Биз аябай көп нерсе жөнүндө сүйлөштүк, коомдун маалыматтуулугу, адилеттүүлүк, зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү маселесин карадык. Түштөн кийин мен илим, билим, технология жаатындагы STEM активист кыздары менен жолугамын. Алар менен жаңы нерселерди ойлоп табуу аркылуу улуттук келечекке кантип салым кошсо болорун сүйлөшөбүз. Мен бул жолугушууну толкунданып күтүп жатам.
- Ошол эле маалда Кыргызстан аялдарга жасалган зомбулук боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндө алдыңкы сапта турарын эл аралык изилдөөлөр, индекстер көрсөтүп жатпайбы. Акыркы бир нече жылда 200дөн ашуун аял үй бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду. Балдарга карата да зомбулук күчүндө. 250 миңден ашуун бала жакырчылыктын чегинде жашайт. АКШ бул багытта Кыргызстанга кандай көмөк көрсөтө алат?
- Мен да бул суроого жооп алгым келет. АКШ мындай суроолорго жооп бербейт, силердин өзүңөрдүн жергиликтүү эксперттериңер, кесипкөй адистериңер бар. Алар бүгүн эртең менен мага өзүлөрүнүн ишмердиги тууралуу айтып беришти. Мектептердеги коомдук таанытуу иштеринен тарта, жергиликтүү тургундарга, сотторго маалымат берүү, маалыматтык түшүндүрүү иштерин өткөрүү, өнөктүктөрдү демилгелөө сыяктуу иштерди алып барышат. Бул социалдык деңгээлде өзгөрүүнү талап кылган маселе. Кайра эле бул маселе жеке эле Кыргызстан үчүн мүнөздүү эмес, менин өлкөмдө да, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да болуп жаткан нерсе. Бирок менимче ой жүгүртүүнү өзгөртүү керек. Аялдар менен эркектер, жаштар менен карылар, жарандар менен шайланган расмийлер бул иште маанилүү орунда турат.
- Эми сизге эркин микрофон берип, кыргыз коомчулугуна кандай кайрылууңуз бар айта берсеңиз болот демекчимин. Дегеле Кыргызстанга келгендеги сезимдериңиз кандай болду, башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн эмнеси менен айырмаланат экен?
- Сонун суроо, менимче эң башкы мен байкаган нерсе - улут катары кыргыз элиндеги сыймыктануу сезими. Кыргыз тили, тилдин ренессансы буга мыкты мисал болот алат. Бул тил акындардын тили, тарыхтын тили. Коомдун бардык катмарындагы адамдар муну далилдеп турат. Кыргыз тилиндеги балдардын китептерин, үйдө, көчөдө, коомчулукта, бизнесте кыргызча сүйлөгөн адамдарды көрдүк. Мен бул өлкөнү өтө намыскөй, принципиалдуу, көз карандысыз өлкө катары кабылдадым. Кыргызстандын келечегин кыргыз эли гана тандайт. Биз муну менен аябай сыймыктанабыз. Биз силерди өзүбүзгө тең ата, өнөктөш өлкө катары көрүп, достугубузду улантабыз.