Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Трамп Путин менен Будапештте жолугушуу пландалып жатканын жарыялады


АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен бейшембидеги телефондук сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун билдирди.

Бул тууралуу Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social социалдык тармагына жарыя кылгандан 1,5 сааттан кийин жазды.

Кошмо Штаттардын президенти бул сүйлөшүүдө кийинки аптада эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги аткаминерлеринин жолугушуусун уюштурууну талкуулаганын, АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио катышарын билдирди.

Андан кийин Путин менен Будапештте жолугушууну макулдашканын жарыялады. АКШ президенти Путин менен баарлашуусу жана “көптөгөн маселелер” тууралуу Вашингтонго 17-сентябрда сапар менен келчү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен талкуулай турганын да жарыя кылды.

Трамп бул жолу Украинага “Томагавк” ракеталарын берүүгө байланыштуу ооз ачкан жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG