Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Зеленский Трамп менен жолугуу үчүн Вашингтонго барды


Дональд Трамп, Владимир Зеленский. Коллаж сүрөт.
Дональд Трамп, Владимир Зеленский. Коллаж сүрөт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтондо экенин, Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушарын 17-октябрда билдирди. Ал өзүнүн Telegram каналына жазгандай, энергетика жана коргонуу компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу, абадан коргонуу боюнча кошумча системалар маселесин талкуулоо пландалып жатканын жазды.

Трамп менен боло турган жолугушуусу тууралуу украин президенти:

"Террорду жана согушту бөгөттөө аракети Жакынкы Чыгышта жакшы натыйжа бере алгандыктан биз Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга да жардам берет деп ишенебиз", - деп айтты.

Ошону менен катар Зеленский Москва Tomahawk тууралуу укканда эле "диалог баштоого шашылып каларын" белгиледи.

Трамп 16-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу көпкө сүйлөштү, аны Будапешттен жолугушууга чакырды, бирок Tomahawk боюнча сөз болдубу, эч нерсе деген жок.

Украина АКШдан Tomahawk канаттуу ракеталарын алууга үмүттөнүүдө.

Москва эгер Вашингтон Украинага мындай ракеталар жагынан жардам берсе согуштун жүрүшүнө таасирин тийгизе албасын, бирок АКШ-Орусия мамилесине залакасын тийгизерин айтууда.

10-октябрда украин президенти Зеленский журналисттерге АКШ президенти менен телефондон сүйлөшкөнүн, Орусиянын ок атуусун токтотуу үчүн Украинага канча америкалык Tomahawk ракеталары керек деген пикири менен бөлүшкөнүн айткан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG