Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Орусиянын чабуулунан улам Киев жана бир нече облус жарыксыз калды


Украинанын Чернигов облусуна болгон чабуулдун кесепети, 16-октябрь 2025-жыл.
Украинанын Чернигов облусуна болгон чабуулдун кесепети, 16-октябрь 2025-жыл.

16-октябрда Украинанын баш калаасы Киевде жана бир нече облусунда Орусиянын чабуулдарынан улам авариялык түрдө электр жарыгын өчүрүү чаралары киргизилди.

Украинанын Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, авариялык өчүрүүлөр Киев, Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье, Кировоград, Днепропетровск, Хмельницкий, Житомир жана Черкассы облустарында жүргүзүлдү.

Соңку күндөрү орусиялык армиянын соккуларына туш болгон Чернигов облусунда электр энергиясын саат сайын өчүрүү графиги колдонулат. Мындай чектөөлөргө өнөр жай ишканалары да туш болушу мүмкүн.

Украин бийлигинин маалыматына ылайык, акыркы жума ичинде Орусия Украинанын энергетикалык объектилерине болгон чабуулдарын күчөттү. Бутага Киевдеги жылуулук электр станциялары да алынды.

16-октябрга караган түнү Орусия коңшу өлкөнүн Чернигов, Полтава жана Винница облустарына дрон жана ракета менен сокку урду. Чернигов облустук аскердик администрациясынын башчысы Вячеслав Чаус облус жапырт чабуулга кабылганын жана бир нече турак үй жабыркаганын билдирди. Алдын ала маалыматтарга караганда, эки адам жаракат алды.

Полтава облусунда түнкү чабуулдардан кийин айрым өндүрүш ишканалары убактылуу ишин токтотту.

Украин президенти Владимир Зеленский билдиргендей, Орусия 300дөн ашык дрон жана 37 ракета колдонду. Анын айтымында, бул жолку чабуулдарда негизинен өлкөнүн энергетикалык жана жарандык инфраструктурасы бутага алынды.

Кыш жакындаган сайын Орусиянын Украинадагы энергетикалык объектилерге кол салуулары күчөп жатат. Далилдерге карабастан Москва карапайым жарандар менен жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG