АКШ президенти Дональд Трамп Украина чабуулга өтө башташы ыктымал экенин билдирди. 15-октябрда Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун директору Кэш Пател менен жолугушуудан кийинки биргелешкен пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Трамп украин тарап мындай аракетке даярданып жаткан болушу мүмкүн экенин айтты.
Украинага курал жарактын Tomahawk ракеталарынан башка да түрлөрүн берүү планы бар же жогу тууралуу суроого Трамп башка варианттарды карап жатканын, бул боюнча чечим кабыл алышы керек экенин билдирди.
Трамп Украина маселесин 17-октябрда Владимир Зеленский менен жолукканда талкуулай турганын айтып:
"Алар чабуулга өтүүнү каалашат", - деди жана "Биз чечим кабыл алышыбыз керек" деп кошумчалады.
10-октябрда украин президенти Зеленский журналисттерге АКШ президенти менен телефондон сүйлөшкөндө Орусияны ок атууну токтотуу үчүн Украинага канча америкалык Tomahawk ракеталары керек деген пикири менен бөлүшкөнүн айткан. Буга чейин Орусия бир нече жолу Украинага узак аралыкка жетүүчү ракетанын берилиши боюнча тынчсыздануусун билдирген. Орус президенти Владимир Путин мындай кадам “согуштун жүрүшүн өзгөртпөй” турганын билдирген. (RK)
Шерине