Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

"Аялымдын инсульт алганына дарыгерлер күнөөлүү"


Залина Үмөталиева
Залина Үмөталиева

Ысык-Ата районунун 35 жаштагы тургуну Залина Үмөталиева 7-ноябрь күнү төрөт маалында мээсине кан куюлуп, комага түшкөн. Учурда ал Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Залинанын окуясы Кыргызстанда инсульттан кийин бейтаптарды карай турган атайын жайлар жок экенин дагы бир жолу эске салды.

Төрт баланын энеси, 35 жаштагы Залина Үмөталиева 6-ноябрь күнү Бишкектеги Улуттук репродукция боюнча илим изилдөө борборунун төрөтканасына барган. Эртеси төрөт маалында каргаша тооруп, ишемикалык инсульт алган.

Келиндин күйөөсү Данияр Дабаев дарт дарынын айынан болушу мүмкүн деп шек санап турган кези:

- 6-ноябрь күнү келинчегимди төрөтканага алып баргам. Дарыгерлер ага толгоо чакырган дарыны үч жолу берген экен. Эртеси толгото баштады. Төрөт учурунда баш жагында тургам. Баары жакшы болчу. Бир маалда эле башын ары-бери чайкай баштады. Анан эси ооп калды. Жүрөгү токтоп, инсульт болгону билинди. Биз ооруканага бара жатканда гемоглобини 64 эле. Кийин дарыгерлер 110 деп жазып коюшуптур.

Улуттук репродукция боюнча илим изилдөө борборунун директорунун орун басары Тимур Сартбаев Залинанын жүрөгү төрөт учурунда токтоп калып, реанимациялык иш-аракеттерден кийин кайра сого баштаганын ырастады.

- Саламаттык сактоо министрлигинин протоколуна ылайык толгоо чакырган дары бергенибиз анык. Дарынын аты - "мизопрастол". Кайсы дары болбосун, терс таасири болот. Бирок ал инсульт чакырды деп айта албайм. Бейтапты бир нече ирет магниттик-резонанстык томографияга түшүргөнбүз, башына кан уюп калганы такталды. Нейрохирургдар менен бир нече ирет кеңешме өткөрдүк. Андан чыккан чечимдин негизинде Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнө котордук. Ал жактан башына операция жасалды. Мээге 100-150 миллиграмм кан уюп калганы билинип, "аневризма" деген диагноз коюшту. Азыркы тапта бейтаптын акыбалы оор.

Бейтаптын жакындары дарыгерлерди айыптоодо

Дарыгерлердин айтымында, Залина Сартбаева төрөгөн ымыркайдын саламаттыгы жакшы.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева Үмөталиева боюнча иликтөө жүрүп жатканын жазуу жүзүндө билдирди.

Залина азыр түтүк аркылуу тамактанат. Жакындары аны 24 саат бою кароого муктаж. Үй-мүлкүн күрөөгө коюп, дары-дармекке 300 миңден ашуун акча коротушкан.

Залинанын жеңеси Жасмин Бобуева болсо дарыгерлер жоопко тартылышы керек деп эсептейт:

- Толгоо маалында күйөө балам жанында турган. Башын чайкап жаткан дейт. Ошондо эле кан басымын ченеп, дароо чара көрүшсө болмок да. Жүрөгү токтогуча, таптакыр эси ооп калгыча күтүп турушкан. Бизде мыйзам иштебейт. Эгер иштесе, бул догдурлар соттолушу керек. Эми болор иш болду. Бирок азыркы абалына жаныбыз кейип жатпайбы. Дарыгерлер аны багышканга жардам берип коюшпайбы? Ата-энеси карып калды. Ошого карабай апасы ооруканада күнү-түнү карап отурат.

Инсульт жашарды

Тилекке каршы ушу күндө Кыргызстанда инсульттан кийин ден соолукту калыбына келтире турган атайын неврологиялык диспансерлер жок.

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн дарыгери Жамалбек Тургумбаев инсульт болгондон кийин адам ооруканада 21 күн медициналык кароодо болорун, андан кийин бейтапты үйүнө чыгаруу же чыгарбоо чечими кабыл алынарын айтты:

- Инсультка чалдыккан адам келгенде комадабы, бир жак ыптасы иштебей калдыбы же денеси толук кыймылдабай жатабы, оору ишемикалыкпы же геморрагикалык түрүбү баарын карайбыз. Толук анализ жасап, ошого жараша чечим кабыл алынат. Адамдын мээсине кан куюлар замат аны дарылаш керек. Тамырына дары куюшубуз мүмкүн. Кээ бир дарылар 24 саат бою тамчылап турушу керек. Айтор аны калыбына келтирүүнүн түрү бар. Мындай учурда бейтап ооруканада гана жатышы керек. Качан гана кан басымы жакшырып, керектүү дарылардын баарын алып бүтүп, жөн эле караш керек болуп калганда үйүнө жиберебиз.

Жамалбек Тургумбаевдин айтымында, жаштар арасында инсультка чалдыккандар арбын. 20 жылдай мурда инсульт 60 жаштан өткөндөрдүн оорусу болсо, азыр 20-30 жаштагылар арасында да кездеше баштады.

- Илгери биз жаңы иштеп жүргөндө көбүнчө кары-картаңдар ооручу. Азыр жаштар, өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар да ооруп жатпайбы. Буга эмне себеп? Адамдар өз ден соолугуна кайдыгер карап, кан басымын текшеришпейт, туура азыктанышпайт. Ашыкча стресс болуп, күнү-түнү тынбай иштешет. Ушунун баары мээге кан куюлуп кетишине себеп болот.

Ал эми төрөттөн кийин инсульт алган Залина Үмөталиеванын акыбалы жакшыра элек. Адистер аял кош бойлуу кезинде ден соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керектигин тынбай эскертип келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG