Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Сомдун баасы күчтөндү. Кырдаал дагы өзгөрөбү?


Кыргыз сому
Кыргыз сому

Улуттук банк акыркы төрт жылдан бери алгачкы жолу каржы базарына сом чыгарып, бүгүн 14,5 млн. доллар сатып алды. Адистер доллар менен евронун күн санап төмөндөп жатканына Орусиянын газ менен мунайын рублге гана сатуу дымагына байланыштырып, бул убактылуу көрүнүш деп айтышууда.

Базарга доллар эмес, сом чыгарылды

Улуттук банк 30-мартта акча алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн жөнгө салуу максатында 5,4 млн. долларды сатып алуу боюнча интервенция жасады. Бир күндөн кийин, 31-мартта дагы 14,5 млн. доллар сатып алганы белгилүү болду. Башкы каржы мекемеси буга ички валюта рыногундагы суроо–талап негиз болгонун билдирди. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын түшүндүргөнү боюнча, сомдун куну кымбаттап, доллар менен евронун арзандоосуна ички базарда бул валюталарга суроо-талап азайганы себеп болууда:

Аида Карабаева
Аида Карабаева

"АКШ долларынын кыргыз сомуна карата курсунун төмөндөөсү боюнча айтсак, алмашуу курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктун чет өлкө валютасына карата суроо-талабы менен сунушунун учурдагы балансынан түзүлөт. Суроо-талап жана сунуштун балансына тышкы жана ички факторлор таасир этет. Демек, АКШ долларынын арзандашына чет өлкө валютасына суроо-талаптын азайышы, мындан тышкары Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын АКШ долларына карата бекемделиши таасир эткен".

31-мартка карата доллар менен евронун баасы дагы төмөндөгөнү байкалды. 1 АКШ долларынын расмий курсу 83 сом 30 тыйын. Бул мурдагы көрсөткүчтөн 4 сом 64 тыйынга арзан. 29-мартта расмий курс 94,2 сом деп аныкталган болсо, 30-мартка карата 87,9 сомго түшкөн.

Коммерциялык банктарда долларды 82 сомго сатып, 83,5 сомго сатып ала аласыз. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда баалар бир аз төмөнүрөөк, 1 долларды 81,50 сомго сатып, кайра 83,5 сомго сатып алсаңыз болот.

1 евро коммерциялык банктарда 91 сомдон 92,5 сомго чейин турса, акча алмаштыруучу жайларда 92-94 сом болууда.

Рублди ээрчий күчтөнгөн сом

Дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар 24-февралда Орусия Украинага басып кирген күндөн тартып кымбаттай баштаган. Эки апта ичинде анын куну дээрлик 20 сомго жогорулап, 106 сомго жеткен. Бирок акыркы он күн аралыгында сомдун куну көтөрүлүп, доллардын кескин арзандашын Орусиянын рубли башка валюталарга каршы күчтөнүшү менен байланыштырылууда. Буга Кыргызстан экономикасы, соодасы Орусия менен тыгыз байланыштуу болгону себеп кылынып жатат.

Экономист жана финансист Мурат Исмаилов Орусия чет элдик валюталарды колдонуудан баш тартып, сыртка экспорттоочу газы менен мунайына да рубль талап кылып жатканы сомдун курсуна да таасир этти деген пикирде.

Мурат Исмаилов
Мурат Исмаилов

"Орусиянын газды, мунайды сыртка рубль менен сатабыз деп жарыялаганына байланыштуу базардагы оюнчулар да рублге көбүрөөк көңүл буруп, натыйжада рубль күчтөндү. Анын артынан биздин сом да күчтөндү. Мындан тышкары Орусиядагы айрым бир ишканалар Кыргызстан аркылуу ишин жүргүзүүнү көздөгөнү байкалып жатат. Көбүнчө санкциядан качкан ишкерлер келип жатышат. Бул дагы доллардын арзандашына таасир этүүдө. Бирок алардын дарамети канчалык, аны убакыт көрсөтөт. Ошентсе да, мунун баары убактылуу көрүнүш экени байкалып турат. Анткени Орусиянын экономикасынан да көп нерсе көз каранды. Эгер батыш өлкөлөрү орустардын газын жана мунайын рублге сатып алуудан башка жолдорун тапса, кырдаал таптакыр башкача өнүгүп кетүүсү да мүмкүн".

Орусиялык ишканалар Кыргызстандын ишкерлери менен соода-сатыгын жалаң рубль менен жүргүзүп жатканын "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын президенти Канат Эшатов да ырастады. Анын айтуусунда Украинадагы окуялардан кийин "Газпром" мунайын жалаң рубль менен сатууда.

Канат Эшатов
Канат Эшатов

"Украинадагы кырдаалдан улам бизде доллар таңсык болбодубу. Ошондо биз Орусияга кайрылып атып, рублге өткөнбүз. Азыр эсеп-кысап толук рубль менен жүрүп жатат".

Канат Эшатов ошол эле учурда күйүүчү майдын баасы доллар менен бааланып, андан курс менен рублге айландырып сатылып жатканын да айтып кетти.

Доллар менен евро рублдин алдында да күн санап күчүн жоготууда. Бир күн мурда 86,28 рубль турган доллар 31-мартта 84 рублге чейин түштү. Евро дээрлик 2,5 рублге арзандап, 93.69 рубль болду.

"Жасалма чектөөнүн келечеги жок"

Рубль, аны ээрчий сомдун курсунун жогорулашы убактылуу көрүнүш деген пикирлер баары бир басымдуулук кылууда. Буга учурда батыш жана АКШ тарабынан көптөгөн санкцияларга кабылган Орусиянын экономикасы келечекте алсырашы ыктымалдыгы себеп катары айтылып жатат.

Экономист, ишкер Эмил Үмөталиев Кыргызстандын экономикасы Орусияга ЕАЭБ алкагында көз каранды болгонун белгилеп, бул валюта рыногундагы олку-солку учурунда да терс таасирин тийгизбей койбойт деди:

Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

"Кыргызстанды 2012-жылы ЕАЭБ деген экономикалык алкак түзүп алып, ошого киргизип, экономикабызды байлап алууга аракеттенди. Азыр эми да бизди Орусияга байлап берүүгө кызыкдар күчтөр болууда. Биздин сом рублге караганда туруктуу валюта болуп келген. Бирок азыр доллар менен еврого карай күчтөнүп жатышы - убактылуу. Буга биз алданбашыбыз керек. Анткени Кыргызстан - сатарман эмес, аларман өлкө. Бизде экспортко караганда импорт көп. Ал эми Орусиянын газ менен мунайын рублге сатабыз деген аракети - чөгүп бараткан экономикасын сактап калууга жасаган акыркы аракети деп бааласак болот. Анткени, Батыштын да буга татыктуу жооп берчү жолдору бар. Кыргызстан мындан 20 жыл мурун орус рублинен баш тартып, сом деген улуттук валютасын киргизип, эгемендигин бекемдеген. Азыр дагы кыргыз бийлиги эл аралык уюмдар менен кызматташууну улантуусу абзел".

Украинадагы согуштан улам Батыштын экономикалык санкциясына кабылган Орусия Европа өлкөлөрүнө газ менен мунайды рублге гана сатарын билдирген. "Чоң жети" муну мурда түзүлгөн келишимдердин орой түрдө бузулушу деп сыпаттап, талапты аткаруудан баш тарткан.

31-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин "дос эмес мамлекеттер" үчүн газдын акысын төлөөнүн жаңы тартибин аныктаган жарлыкка кол койду.

Путиндин айтымында, Орусиядан газ алган Батыш өлкөлөрү көгүлтүр отундун акысын төлөө үчүн "Газпромбанкта" рубль эсебин ачышы керек. Алар газдын акысын чет элдик валюта менен жөнөтсө, анда "Газпромбанк" аны Москва биржасында алмаштырып, рубль түрүндө кардардын эсебине салат. Бул эреже 1-апрелден тарта күчүнө кирет.

Жарлыкка ылайык, эгер учурдагы келишимдер боюнча төлөмдөрдү убагында жөнөтпөгөн, толук эмес же башка банк аркылуу жөнөткөн өлкөлөргө "газ берүү" токтотулат.

Ушундан улам байкоочулар 1-апрелден тартып, рублдин, аны улай сомдун да тагдыры чечилерин айтышууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG