Алар өз мекенинен миңдеген чакырым алыстыктагы согушка кантип, эмне үчүн кеткен? Дээрлик эки жыл, сегиз айдан бери уланып жаткан Украинадагы согушта набыт болгон кыргызстандыктардын тек-жайын айтып беребиз.
“Азаттык” радиосунун кабарчылары Би-Би-Синин орус кызматы жана “Медиазона” басылмасы түзгөн тизмеден жана ачык булактардан карап, Кыргызстанда туулуп-өскөн 50дөн ашык адам Украинада орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүрүп набыт болгонун аныктады. Бирок согушка катышкан же анда каза тапкан кыргыз жарандарынын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн. Алгач 50 адамды кантип аныктаганыбызды, бул тизме эмнени көрсөткөнүн түшүндүрүп берели.
Жакында Би-Би-Синин орус кызматындагы жана "Медиазонадагы" кесиптештерибиз Украинада согушта каза болгон, теги кыргызстандык делген 37 кишинин аты-жөнү жазылган тизмени бөлүшкөн. “Азаттык” алгач ал тизмедеги адамдардын тек-жайын Кыргызстандагы расмий булактардагы маалыматтарга салыштырып текшерип чыкты.
Мындан сырткары биздин кабарчылар интернеттеги ачык булактарды колдонуп, кезинде Кыргызстанда туулган дагы 14 киши Украинадагы согушта набыт болгонун аныктады.
Ачык булактардагы маалыматтар курман болгондордун кайсы бирлери өз эрки менен согушка кеткенин ишарат кылып турат.
"Согушта жоголгон уулумду көргөн-билгендер барбы?"
Тизмедегилердин бири Тагай уулу Саматтын ашын жакында эле Оштун Кара-Суу районунда беришти. Ал согушка чейин Москвада көптөгөн мигранттардай эле курулушта иштеп жүргөн. Жакындарынын айтымында, урушка өз ыктыяры менен кеткен. Туугандары Саматтын Украинанын кайсы аймагында өлгөнүн деле так билишпейт.
"Украинага биринчи жолу барганда колуна ок жеп келген. Иним өтө сонун бала эле. "Эже, дагы кетип атам" деди. "Барба, өтүп кетесиң. Биринчисинде алдайт, экинчисинде барбай эле кой. Сен үйлөнө турган баласың. Садага болоюн, андай кылба" дедим. "Эже, мен биринчисинде иштеп, экинчисинде мындан дагы көбүрөөк пул таап келем" деп такыр ынабай койду да", - деп Саматтын эжеси көзүнө жаш алды.
Ал эми бишкектик Анатолий Ручьев Украинадагы согушка Орусияда түрмөдө отурган жеринен кеткен. Ал 2022-жылы мыйзамсыз маңзат жүгүртүү беренеси менен беш жылга кесилген.
Украинага кеткенден кийин бир нече ай өтпөй эле дайынсыз болгон Анатолийдин Кыргызстанда калган энеси уулун Телеграмдагы ар кандай топтордон издей баштаган.
"Уулум менен чогуу кызмат өтөгөндөрдү издейм. Бахмутта согушкан. "Кобальтит" деп коюшчу. Орлов облусундагы ИК-5 түрмөсүнөн 2023-жылы январь айында кеткен. Өлгөндөрдүн арасында аты-жөнү жүрөт. Бирок ДНКсы боюнча ал эмес. Суранам, үн каткылачы. Балким, госпиталдардын биринде жаткандыр?" - деп “уулуң тирүү” деген сөздү уккусу келген эне акырына чейин суук кабарга ишене албай жатканы байкалып турду.
Акыры Анатолийдин сүрөтү Украинанын Бахмут шаарында же Артемовскидеги салгылашта набыт болгондордун чатына жарыяланды.
Самат менен Анатолийден башка тизмедеги ондогон кыргызстандыктар согушка ар кандай жол, анын ичинен мажбурланып барып калышкан. Алардын айрымдары тууралуу "Азаттык" буга чейин жазып, жакындары менен сүйлөшкөн.
Тизмедегилердин жакындарын табуу да оңой болгон жок. Табылса да айрымдар оор жоготуусу тууралуу сүйлөп берүүдөн баш тартып жатышты.
Арасында киши өлтүрүү, зордуктоо деген сыяктуу оор кылмыштар менен кесилип, түрмөдө отурган жеринен согушка айдалгандар бар. Маселен, тизмедеги кыргызстандыктардын бири кызганычтан улам аялынын досун өлтүрүп салды деген айып менен түрмөгө кесилгени расмий документтерде айтылган.
Дагы бири кадыровчулардын катарында Украинада согушуп, Киев, Чернигов облустарындагы жергиликтүүлөрдү талап-тоноо, өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылганы үчүн Украин прокуратурасы ага кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган.
Бишкек менен Москванын ортосунда кош жарандык тууралуу келишим жок болсо да, иш жүзүндө Орусиядагы миңдеген кыргыз мигранттарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту бар. Аларды эки өлкө тең өз жараны катары санайт.
Орусиянын пропагандасы: "Мекени үчүн жан берди"
Украинада каза болгондордун арасында орус паспортун алган теги кыргызстандыктар ондоп саналат. Алардын кыргыз жарандыгынан баш тарткан-тартпаганын көп учурда тактоо да кыйын.
Адатта Орусиядагы жергиликтүү медиалар, Телеграм-каналдар аларды "мекени үчүн жанын берди" деп мактап-жактап жазышат.
“Тимур монголчодон которгондо темирдей бекем дегенди билдирет. Балким, анын алыскы Кыргызстандагы ата-энеси аңдабаса да, уулуна туура ысым ыйгаргандай. Орусиянын түндүгүндө темирдей бекем эрктүү тургундардын арасында Тимур Тилекеев бутуна туруп, Орусиянын жарандыгын алып, аялы менен үч уулду тарбиялап өстүрүштү. Ал атайын операция башталгандан тартып эле жакындарына “мен ал жакка барышым керек, Орусияны коргошум керек” деп жүрүп, быйыл апрелде майданга кеткен”.
Кеп Орусиянын жарандыгын алган теги кыргызстандык Тимур Тилекеев тууралуу болуп жатат. Ал былтыр майда Украинадагы согушка кетип, үч айга жетпей каза болгон. Сөөгү Ханты-Мансы шаарындагы мусулмандардын көрүстөнүндө жерге берилди.
Ал эми теги кыргызстандык Таңатар Конушбаевдин согушта өлгөнүнө бир ай болду.
“Биз бул жерге Кыргызстандын уулу, биздин жердешибиз Таңатар Мамажанович Конушбаевдин элесин эскерүү үчүн чогулдук. Согушка өз ыктыяры менен жөнөгөндөрдүн катарына Таңатар Мамажанович да кошулган. Ал азыркы окуяларга көңүл кош боло алган эмес. 2022-жылы май айында келишим түзүп, жердештери менен бирге атайын аскердик операциянын катышуучуларынын катарына кошулган. Өз милдетин аткарып жатып, 2024-жылы 7-сентябрда Конушбаев Таңатар Мамажанович баатырларча курман болду”, - деп маалымат таратты Орусиянын пропагандасы.
Ош облусунун Кызыл-Дыйкан айылында туулуп-өскөн 57 жаштагы Конушбаев “Барс” отрядынын катарында согушуп жүргөн. Сентябрь айынын башында украин дрондорунун чабуулунда мүрт кеткен.
Ал эми Түштүк-Сахалин шаарынын так ортосунда илинген жарнак тактада аскер кийимчен, күлүмсүрөгөн жигиттин сүрөтү турат. Бул Сахалин мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү, теги кыргызстандык Сыргакбек Өзүбеков. Ал окууну бүтөр замат армияга чакыртылган. Орусия Украинага согуш ачканда, ал кызмат кылган аскер бөлүгү фронтко жөнөтүлгөн. Май айында Власов шаарынын айланасындагы кармашта набыт болгон.
“Ок жаап жатканына карабастан, ал сабырдуулук менен душманды аткылоону улантып, жолдошторунун өмүрүн сактап калды. Сыргакбектин каарман аракеттеринен улам орус армиясынын жеке курамындагы 100дөй киши аман калды”, - деп жазылат Орусиянын Билим берүү министрлиги тараткан билдирүүдө. Сыргакбектин сөөгүн жакындары кичи мекени Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн акыркы сапарга узатышкан.
Орусиянын маалымат каражаттары жарыялаган, мактап-даңктаган мындай пропагандалык тексттердин этегине жарандарга согушка барып, мекенин коргоо милдет экени, ал үчүн Коргоо министрлиги менен кантип келишим түзсө болору жазылат.
Теги кыргызстандык, Орусиянын паспортун алган канча журтташ Украинадагы урушта окко учканы так белгисиз. Бирок алардын арасында кандуу кармаштан тирүү кайтып келип, орус бийлигинен орден-медал алып, башкаларды Украинага барууга үгүттөп жүргөндөр да бар. Алардын бири армияда "Алай" деген ат менен жүргөн Памир Мыкыевди жылдызга айлантпаган агенттик калган эмес. Украинага барып жарадар болуп келип, "Эрк" ордени менен сыйланган Мыкыев ушул тапта аскер комиссариатында башкаларды согушка үгүттөө менен алектенет.
Ал эми орус паспортун алуу үчүн согушка кайра-кайра баргандарды жергиликтүү телеканалдар башкы каарманга айлантып жатышат.
"Согушта өлгөн Кыргызстандын жарандары алда канча көп болушу мүмкүн"
Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" басылмасы Орусия Украинага басып киргенден бери орус тараптын жоготууларын документтештирип келет. Эки басылманын улам жаңыланып жаткан тизмесине ылайык, ушул маалга чейин Орусия Украинада кеминде 74 миңдей жоокеринен ажырады. "Медиазонанын" башкы редактору Дмитрий Трещаниндин айтымында, тизмедегилердин, анын ичинен теги кыргызстандыктардын аты-жөнүн журналисттер негизинен ачык булактардан, мамлекеттик органдар тараткан некрологдордон, маалымат каражаттарынан, Телеграм-каналдардан чогултушкан.
"Орусиянын жарандарын алсак, согушка баргандардын көбү чакан шаарларда, айылдарда туулуп-өскөндөр. Мындан улам жергиликтүү айыл өкмөттөр, администрациялар некрологордору жарыялашат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан видеолорду чыгарышат дегендей. Ал эми чет элдиктер менен башкача, анткени алар үчүн некрологду эч ким жазбайт. Албетте, Кыргызстанда, Өзбекстанда айрым учурларда жарыяланган учурлар болду. Кыргызстан Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырмалуу бул жагынан бир аз ачыгыраак болгону менен айырмаланат", - деген Трещанин согушка азгырылган чет элдиктердин көбү түрмөгө кесилгендер экенин кошумчалайт.
Белгилүү болгондой, адегенде маркум Евгений Пригожиндин "Вагнер" менчик аскердик компаниясы, кийин Орусиянын Коргоо министрлиги 2022-жылдын башынан эле өз катарларын абактагыларды азгыруу менен толуктап келишкен.
"Ал эми түрмөлөрдө ар кандай паспорттору бар жарандар отурушат. Албетте, арасында Кыргызстандын да жарандары бар. Алардын тек-жайын аныкташ өтө кыйын. Биз алар тууралуу көрүстөндөрдөн алган маалыматтардан билебиз. "Вагнерчилердин" өзүлөрүнүн чоң көрүстөндөрү бар. Биз ал жактагы адамдардын ысымдарын жөн эле алып тизмеге кошо албайбыз. Биз абактагыларга чыгарылган өкүмдү же маалымат базаларынан сыртка чыгып кеткен кабарларды издедик. Ошондой жол менен алардын жарандыгын аныктоого мүмкүн болуп жатты. Албетте, бул да кыйынга турду. Балким, ал орус жарандыгын алып, аты-жөнү эле кыргызча бойдон калгандыр. Биздин чоң тизмеде Кыргызстандын жарандары алда канча көп болушу мүмкүн. Бирок аларды аныктоо үчүн өтө чоң иш кылуу керек", - деп кошумчалады Трещанин.
Трещанин белгилеп өткөндөй, Орусиянын аймагында жалаң "вагнерчилердин" сөөгү коюлган жети көрүстөн бар. Ал жакта миңдей кишинин сөөгү коюлган. Көбү түрмөдөн согушка айдалып, каза болгондор.
“Азаттык” түзүп чыккан тизмедеги теги кыргызстандыктардын көбү Бахмуттагы салгылашта өлгөндөр. Дээрлик эки жыл сегиз айдан бери уланып жаткан Украинадагы согушта Орусия тарапта Кыргызстандын канча жараны же канча теги кыргызстандык өлгөнү тууралуу так маалымат эч бир расмий булакта жок. Алтургай Орусия өзү канча аскеринен айрылганын так айткан эмес. Орусиядагы мигранттар менен иштеген кыргызстандык юристтердин жана бул тармакта иликтөө жүргүзгөн журналисттердин айтымында, алардын саны ачыкка чыккандан алда канча көп. Былтыр "Медизона" менен Би-Би-Синин орус кызматы каза болгон бардык "вагнерчилердин" тизмеси тууралуу жазган. Ал жакта 20 миңдей кишинин аты-жөнү бар экени маалым болгон.
"Мен ал тизмеден кыргыз тектүү, өзбек тектүү фамилияларды абдан көп көрдүм. Бирок алардын туулган жерин аныкташ, биографияларынан кандайдыр бир илинчек табыш өтө оор. Албетте, биздин тизмелер да толук эмес экенин моюнга алабыз. Алар сөзсүз түрдө толукталат. Согуш уланып жатат, согушка азгыруу да уланып жатат. Бул акыркы сандар деп айтуу азырынча мүмкүн эмес", - дейт “Медиазонанын” башкы редактору.
Cоңку расмий маалымат боюнча, Орусияда 400 миңдей кыргызстандык мигрант бар. Согуш башталгандан бери мекенине кайтып келгендер көбөйдү. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандын 1100дөй жараны орус түрмөлөрүндө отурат. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин айтымында, алардын укуктарын коргоо үчүн кыргыз бийлиги чара көрүш керек.
"Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул маселе боюнча расмий Москва менен түз сүйлөшүүсү керек. Өз жарандарыбыздын укуктарын жетиштүү деңгээлде коргой албай жатабыз. “Согушка алып кетпегиле, кыргыздарга жасаган мамилеңерди өзгөрткүлө” деп эле айтыш керек. Бөтөн жерде түрмөдө отурган жарандарыбыз айла жоктон согушка кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Түшүндүрүү иштери менен баарын алып калууга алы жетпейт. Мыйзам талаасында эле чечиш керек", - дейт депутат.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кыргыз бийлигинин өкүлдөрү согушка катышкандардын жоопкерчилиги караларын эскертет.
Орусиянын расмий өкүлдөрү орус паспортун алган мигранттар башка жарандар сыяктуу эле Украинадагы согушка барууга милдеттүү экенин айтышат. Кремлчил топтор согушка жөнөтүлгөн башка өлкөлөрдүн жарандары өз ыктыяры менен ушундай чечим кабыл алганын белгилеп жүрүшөт. “Медиазонанын” башкы редактору Дмитрий Трещаниндин айтымында, Орусиянын бийлиги чет өлкөлүктөрдү согушка салуу менен орус коомунун жоготуулар тууралуу аз билишин каалайт.
"Азырынча мобилизациянын экинчи толкуну жарыялана элек. Азыр согушка барам деген ыктыярчылар менен чектелип жатышат. Ошондуктан майданда чабуул отряддарын жалаң түрмөгө кесилгендерден кураганга аракет кылышууда. Мына ушул себептен улам мигранттарды жапырт текшерүү күчөп жатат. Анткени бул адамдардын бар-жогу орус коому үчүн баары бир. Азыр эми түндүк кореялыктарды согушка азгыруу тууралуу кеп тарап жатат. Буга чейин Африка мамлекеттеринин, Непалдын, Индия, Шри-Ланканын жарандарын азгырып, согушка салганы маалым болгон. Мунун баары орус бийлигинин жоготуулар боюнча элдин кыжырдануусун басуу аракети".
Ал эми Украинада өз ыктыяры менен туткунга түшүп бергендер боюнча иштеген "Хочу жить" долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко согушта жакынын издеп кайрылган кыргызстандыктар бар экенин "Азаттыкка" айтты.
"Бизге бир гана Орусиянын жарандарынан эмес, Борбор Азиядан, анын ичинен Кыргызстандан да кайрылгандар болот. Бизге аскерлердин жакындары кайрылганда, маалыматты ыкчам иштеп чыгып, ар кандай булактардан расмий маалымат таап бергенге аракет кылабыз. Эгер Украинанын аймагында туткунда болсо же биз анан өлгөнүн ырастай алсак, жакындарына бул тууралуу кабар таап беребиз. Сөөгү же Украинада, же Орусияга берилген болушу мүмкүн. Кээде алар жакынын сөөгү Орусияга берилгенин билбей калган учурлар болот. Бактыга жараша, Кыргызстандан кайрылуулар өтө көп эмес. Ал эми кандайдыр бир себептер менен Украинанын аймагындагы согушка аралашып калган кыргызстандыктарга айтарым, аман калам десеңер, биздин долбоорго жазып, өз ыктыярыңар менен туткунга түшүп бергиле", - дейт Матвиенко.
Буга чейин Украинада украин күчтөрүнүн катарында да согушуп жүргөн кыргызстандыктар тууралуу кабарлар чыккан. Бирок алардын так саны, каза болгондору тууралуу маалымат жокко эсе.