Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Украина мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине Telegram колдонууга тыюу салды


Украинада мамлекеттик жана аскер кызматкерлерине, коопсуздук жана коргоо мекемелеринде иштегендерге Telegram мессенжерин кызматтык телефонуна жана башка каражаттарына орнотуп, колдонууга тыюу салынды. Мындай чечим өлкөнүн Киберкоопсуздук боюнча улуттук координациялык борборунун отурумунда кабыл алынганын 20-сентябрда Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңеши билдирди.

Мындай чечим коркунучтарды азайтуу максатында кабыл алынганы белгиленди.

Аскердик чалгын мекемесинин башчысы Кирилл Буданов аталган мессенжердин колдонуучуларынын кат алышуусу, жеке маалыматы орусиялык атайын кызматта бар болушу ыктымал экенин айтты.

Башкы штабдын жана Коопсуздук кызматынын адистери Орусия бул мессенжерди киберчабуул жасоо, колдонуучулардын геолокациясын билүү жана ракеталык соккуларын тууралоо үчүн колдонорун билдиришти.

Telegram бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Аталган байланыш түйүнүн 2013-жылы орусиялык ишкерлер Павел жана Николай Дуровдор негиздешкен. Компаниянын кеңсеси азыр Дубайда жайгашкан. Павел Дуров мессенжердин коолдонуучулары тууралуу маалымат алууга аракет кылган мамлекеттердин жана атайын кызматтардын басымына кабылып турарын айткан.

Орусияныкынан тышкары Франциянын, Бириккен Араб Эмирликтеринин, жана Сент-Китс жана Невис федерациясынын жарандыгына ээ Павел Дуров өзү Францияда август айынан бери тергөө алдында. Ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Француз бийлиги Дуровду жашы жете электер аралашкан порнография, маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана алдамчылык кылмыштары тууралуу маалыматты полициянын жана атайын кызматтын талабы боюнча ачыктоодон баш тарткан деген мазмундагы бир нече кылмышка айыптоодо.

Дуров кармалганда орусиялык күч кызматтары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн "База" басылмасы Орусиянын бир катар күч органдарынын, президенттик жана өкмөттүк администрациялардын кызматкерлерине Telegram аркылуу жазышкандарынын баарын өчүрүү талабы коюлганын жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG