Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Сербиядагы толкун басыла элек


Сербия, Белград. 12-январь, 2019-жыл.
Сербия, Белград. 12-январь, 2019-жыл.

Сербияда декабрдын башында башталган элдик толкундоо токтой элек. Миңдеген адам ишемби сайын Белграддын көчөлөрүндө жүрүш жасоодо. Алар президентке жана анын башкаруучу партиясынын ишмердигине нааразы.

Белградда ушу күндөрү жылуулук нөл градустан бир аз гана жогору. Ага карабастан миңдеген сербиялыктар декабрдан бери же тактап айтканда алтынчы ишемби катары менен көчөгө чыгышты. Нааразылык толкуну 23-ноябрда оппозиция лидери Борко Стефанович катуу таяк жегенден кийин башталып кетти.

Отуздай оппозициялык партиянын жана кыймылдын башын кошкон «Сербия үчүн альянс» бирикмеси «Стефановичтин сабалышынын артында турат» деп өлкө президенти Александр Вучичтин «Прогрессивдүү партиясын» күнөөлөп жатышат. Бийлик дооматтардын баарын четке кагууда. Адегенде «саясатчыны сабагандарды тапкыла» деген нааразылык акцияларынын катышуучулары эми башка да талаптарды кое башташты.

Серб жүрүшчүлөрү.
Серб жүрүшчүлөрү.

Жүрүшкө чыккандар өлкө президентин жана анын партиясын «коррупцияга малынды, сөз эркиндигин кысымга алууда, бардык саясий-мамлекеттик институттарды өзүнө каратты, бийликти узурпациялап алды, оппозицияны куугунтуктап жатат» деп айыпташууда. Жүрүшчүлөрдүн арасынан «Саткын, саткын», «Вучич – ууру» деген кыйкырыктарды угууга болот. Айрымдары колдоруна «Сербия козголду», «Башталды» деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан.

Жүрүшкө чыккандар калыс шайлоону, журналисттер менен оппозиция ишмерлерине каршы чабуулду токтотууну талап кылып жатышат. Мындан тышкары «ички иштер министри менен улуттук телеканалдын жетекчиси кызматтан кетсин» деген да башкы талаптар бар. Акциянын катышуучулары өлкөдөгү башкы канал кырдаалды бейтарап чагылдырбай жатканын баса белгилешүүдө.

- Эл бүгүн көчөдө. Анткени адилетсиздик, коррупция, зомбулук жана коркутуп-үркүтүү тойгузуп жиберди. Бүгүн Сербияда бул маселелер менен тийиштүү мекемелер аркылуу күрөшө албайсыз. Анткени алардын колунан келбей калды. Ошондуктан бүгүн ушунча миңдеген киши чыкты, – деди мурдагы тышкы иштер министри, азыр оппозиция лидерлеринин бири Вук Еремич.

- Маселе ушул бойдон кала бергени дурус эмес. Бул жүрүш нааразылыкты көрсөтүүнүн жалгыз жарандык, маданий жолу. Биз социалдык сайттардан башыбызды көтөрүп, көчөгө чыктык, – деди Смиля аттуу аял. Ал эми жүрүштө жүргөн Иван Мандич аттуу активист мурдараак мындай талап койгон:

- Биз бүгүн кечинде бийликке ачык-айкын белги бериш үчүн ушул жакка келдик. Биз Сербиядагы зомбулукка мындан ары чыдабайбыз. Коррупция менен кылмыштуулукка, өлкөнү башкарып аткан мафияга мындан ары чыдап отура албайбыз. Өлкөдө болуп жаткан кыянатчылыктын баарына каршылык көрсөткүбүз келет.

12-январда борбордо эле эмес, Нови-Сад, Крагуевац, Куршумлия, Крушевац, Ужице жана Пожега шаарларында да нааразылык акциялары өттү.

Александр Вучич.
Александр Вучич.

Конституцияга ылайык, Сербияда президент негизги бийлик ээси эмес. Бирок президент Вучичтин партиясы 2012-жылдан бери парламентте басымдуулук кылгандыктан, бийликке таасири күчтүү.​

Президент ««адилетсиздик болуп жатат» деген элди угууга, маселени чечүүнүн үстүндө иштегенге даярмын» деп жатат. Ал кезексиз шайлоо өткөрүп, өз партиясынын кадыр-баркын текшерүүдөн да качпай турганын билдирүүдө.

Бирок оппозиция өкүлдөрү бийлик бардык административдик ресурстарды бир колго топтоп, көзөмөлдөп турган шартта шайлоо өткөрүүгө болбой тургандыгын жүйө келтирип буга каршы чыгып жатышат. Алар адегенде шайлоо системасына реформа жасоону талап кылышты. Президент көчөгө «5 млн. киши чыкса да» буга барбасын билдирген. Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан бул өлкөнүн калкы 7 миллиондон ашат.

Кийинки элдик жүрүш адаттагыдай ишембиге эмес, андан эртерээк, шаршембиге, 16-январга белгиленди. Былтыр дал ушул күнү сербиялык-косоволук саясатчы Оливер Ивановичти атып кетишкен. Аны өлтүргөндөр эмгиче табыла элек.

Кырдаалга Европарламент да тынчсызданып, былтыр ноябрда Сербиянын бийлигин мыйзамдуулукту орнотууга, саясий реформаларды жүргүзүүгө, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG