Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Дүйнөдө курал бизнеси кулач жайды


Ирак
Ирак

Стокгольм эл аралык тынчтык маселесин иликтөө институту курал базарынын абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Институттун маалыматы боюнча, дүйнөдө эң көп курал саткан өлкөлөрдүн көч башында АКШ жана Орусия турат.

Стокгольм институтунун баяндамасы 20-февралда жарык көрдү. Ага ылайык, акыркы беш жылда, 2012-жылдан 2016-жылга чейин курал сатуу мурунку беш жылдыкка, 2007-жылдан 2011-жылга караганда 8,4% өскөн.

Негизги курал сатып алуучулар Азия, Жакынкы Чыгыш жана Океания чөлкөмдөрү. Европа, Түндүк жана Түштүк Америка, Африкада курал сатып алуу салыштырмалуу кыскарган.

I
I

Курал сатып ала турган өлкөлөрдүн көч башында Индия турат. Делинин импорту жалпы дүйнөлүк курал импортунун 13% түзгөн. Индия курал импортун мурунку беш жылдыкка салыштырмалуу 2012-жылдан 2016-жылга чейин 43% өстүргөн. Ал негизинен АКШ, Орусия, Европа мамлекеттери, Израил жана Түштүк Кореядан курал сатып алат.

Акыркы беш жылдыкта Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери да курал сатып алууну 6,2% өстүргөн.

Стокгольм тынчтык маселелерин иликтөө институтунун илимий кызматкери Симон Веземан “Азияда куралды көзөмөлдөө боюнча регионалдык уюм, мүмкүнчүлүктөр жок болгондуктан чөлкөмдө куралдануу көбөйүүдө” дейт.

Курал сатып алууну кескин арбыткан регион Жакынкы Чыгыш. Бул чөлкөмдүн мамлекеттери мурунку беш жылдыкка караганда, 2012-жылдан 2016-жылга чейинки жылдары курал сатып алууну 86% көбөйткөн.

Регион мамлекеттеринин курал импорту дүйнөлүк импорттун 29% түзөт. Акыркы беш жылда Сауд Арабиясы дүйнөдөгү экинчи эң ири курал сатып алуучуга айланып, мурунку беш жылдыкка салыштырмалуу акыркы беш жылдыкта курал импортун 212% көбөйткөн. Катар андан да өтүп, курал импортун 245% өстүргөн. Региондогу башка мамлекеттер да курал импортун күчөткөн.

Курал сатып алууга регионалдык жана жалпы эле дүйнөдөгү коопсуздук абал себепкер болгону белгилүү. Стокгольм институтунун директору Дэн Смит дүйнө жүзүндө өсүп бараткан төрт көйгөйдү белгилейт. Ал глобалдык теңсиздик, табият ресурстары үчүн күрөш, климаттын өзгөрүүсү жана дүйнөдөгү ири мамлекеттердин структурасындагы өзгөрүү. Смит табият ресурстары үчүн күрөш күч алды дейт:

- Табият ресурстары үчүн таймаш күч алып баратат. Кээде ал конфликттин чыгышына же анын күчөшүнө түздөн-түз себепкер болууда.

Кооптонуу, кризистердин күчөшүнө жараша курал сатып алуу өсүүдө. Ал курал экспортерлорунун чырагына май тамызууда. Курал экспорту жагынан Кошмо Штаттар биринчи орунда турат.

Бул өлкө саткан курал дүйнөдөгү курал экспортунун 33% түзөт. АКШ мурунку беш жылдыкка караганда акыркы беш жылдыкта курал экспортун 21% көбөйткөн. Саткан куралдарынын жарымы Жакынкы Чыгышка багытталган.

Стокгольм институтунун курал жана аскерий чыгашалар боюнча программасынын директору Од Флерандын айтуусунда, Кошмо Штаттар дүйнө боюнча кеминде 100 өлкөгө курал-жарак экспорттойт.

Дүйнөлүк курал базарындагы экспорттун 23% Орусия ээлейт. Москва негизинен курал-жарагын Индия, Вьетнам, Кытай жана Алжирге экспорттойт.

Анын курал экспортунун 70% ушул өлкөлөргө туура келет.

Кытай акыркы мезгилде курал экспорттун көбөйтүп жатат. Ал мурунку беш жылдыкка салыштырмалуу акыркы беш жылдыкта курал сатууну 3,8% өстүрүп, дүйнөлүк курал экспортунун 6,2% ээлеген. Муну менен Кытай Франция жана Германияны артка таштап, курал сатууда дүйнөдө үчүнчү орунга чыккан.

АКШ, Орусия, Кытай, Франция жана Германия дүйнөдөгү курал экспортунун 74% ээлейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG