Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

АКШ-Пакистан: ишеним кеткен достук


Пакистандын учкучу F-16 учагын башкарып жүрөт. Пакистан, март, 2016
Пакистандын учкучу F-16 учагын башкарып жүрөт. Пакистан, март, 2016

АКШ жана Пакистандын мамилеси бир кылка эмес мезгилди башынан кечирүүдө.

Аскердик жактан кызматташып келген Исламабадга Вашингтон Ф-16 учагын сатуудан баш тартты. Пакистан андай учакты Иорданиядан сатып аларын билдирди.

Исламабад Кошмо Штаттардан сегиз даана Ф-16 аскердик учагын сатып алууну көздөгөн. Пакистандын расмий бийлиги учактарды террорчу жана экстремисттик топторго каршы колдонорун билдирген.

Бирок Кошмо Штаттардын Конгрессинде Пакистанга аскердик учак сатуу маселесинде талаш-тартыш чыгып, аягында Конгресс Пакистандын учак сатып алуусу үчүн насыя бөлүүдөн баш тарткан.

Пакистан өкмөтүнүн тышкы байланыштар боюнча алдыңкы кеңешчиси Сартай Азиз Исламабад Кошмо Штаттардан аскерий учак сатып алуудан баш тартарын 14-июнда билдирген. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы өсүп бараткан чыңалууну белгилеген.

Пакистан армиясынын 70 чакты Ф-16 учагынын айрымдарынын кызмат мөөнөтү аяктап, алар иштен чыгарылууга тийиш. Өкмөт болсо учактар Ооганстанга жакын тоолуу аймактардагы динчил жоочуларга каршы күрөш үчүн керектигин айткан.

Пакистан аскерлери ошондой эле бул учактар, кокус Индия менен согуш чыгып кетсе, керек болорун белгилешүүдө.

Ядролук куралга ээ болгон кошуна мамлекеттер 1947-жылы Улуу Британиядан эгемендүүлүк алгандан бери үч ирет согуша кеткен.

"Иорданиядан сунуш бар"

Пакистан аскердик учак сатып алуунун аргасын башка жактан издеп, анын жолун тапканы кабарланды. 13-июнда Пакистандын коргоо министри Алам Хаттак парламенттин коргоо жана тышкы иштер боюнча комитетинин биргелешкен жыйынында “биз азыр үчүнчү тараптан сатып алууну көздөп жатабыз жана Иорданиядан сунуш бар” деп билдирген.

Маалыматка караганда, Иордания мурда колдонулган Ф-16нын Блок-30 деген вариантын сунуштаган. Пакистан болсо Кошмо Штаттардан Ф-16нын Блок-52 деген жаңы вариантын сатып алууну каалап жаткан. Жаңы варианттагы сегиз учактын баасы 700 млн доллар деп бааланган.

АКШ Конгрессинин тышкы иштер комитетинин төрагасы Боб Коркер Пакистанга учак сатуу маселеси Конгрессте каралган учурда Пакистан ооган талиптерин жана Хакканинин топторун калкалайт деп айыптап чыккан. Мына ошонун негизинде Конгресс Пакистанга учак сатууну АКШнын курал сатууну насыялоо программасына киргизүүгө уруксат берген эмес.

Ооганстан өкмөтү да Исламабад талиптерди калкалайт деп айыптап келет. Эки өлкөнүн ортосундагы мамиле мына ошонун айынан начарлоодо. Жакында эле Хайбар ашуусунда эки мамлекеттин чек арачылары атыша кеткен.

Ооганстан-Пакистан мамилеси

“Азаттыктын” пакистан кызматынын редактору Дауд Кхайтак Кошмо Штаттар менен Пакистандын мамилеси жана Ф-16 учагынын айланасында түзүлгөн кырдаал тууралуу буларды билдирди:

- Ф-16 учагына байланыштуу маселе жаңы эмес. Ал жакында эле кайра чыкты. Америка менен Пакистан мамилеси жакында эле начарлап кетти. Ф-16 учагына байланышкан маселе АКШ-Пакистан мамилесиндеги проблеманын бир бөлүгү. Эки тараптын ортосундагы чыңалуу Белужистан провинциясында талиптердин лидери молдо Ахтар Мансурдун өлтүрүлүшүнөн кийин күчөдү. Ага Пакистан кескин каршылыгын билдирген. Исламабад ошондой эле Индия менен АКШнын мамилесинин күчөшүнө кубанган эмес. АКШ Пакистанга Ф-16 учагын сатпаса, анда Исламабад Иордания жана Франциядан учак сатып алууну караштырууда.

Борбор Азия боюнча серепчи Брюс Паниер Кошмо Штаттардын учактарды сатпай калышын биринчи кезекте Ооганстан менен Пакистандын мамилесине байланыштырууда. Анын айтымында, Вашингтон ар дайым Ооганстанды колдоп келет. Ошондуктан муну Кабулду колдоо катары караса болот. Экинчиден, Пакистандын Кытайга абдан жакындашуусу ага жаңы заманбап учакты сатууга тоскоолдук кылды дейт Брюс Паниер:

- Экинчиден, Пакистандын Кытай менен бекем мамилесине байланыштуу. Бул Американын конгрессмендерин тынчсыздандырат. Алар Американын куралын Пакистанга бергиси келбейт. Анткени конгрессмендер пакистандыктардын ал техниканын кандай иштешин, технологиясын Кытайга көрсөтүүсүн каалабайт. Белгилүү болгондой, Кытай көп техникаларды көчүрмөлөп жасап жүрөт, анын ичинде Орусиянын техникаларын да.

Брюс Паниердин белгилешинче, Кытай учурда Пакистанга абдан көп инвестиция да салып жатат. Эгерде АКШ Ооганстандан кайсы бир кезде чыга турган болсо, АКШнын бул согушка аралашуусунун эң башкы курмандыгы Вашингтон менен Исламабаддын мамилеси болуп калчудай. "Анткени эки ортодо мамиле такыр калбай калчудай болуп турат" деп белгиледи Брюс Паниер.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG