Аналитиктер Орусияда жай айларында жумушсуздук күч алышы мүмкүн экенин болжоп жатышат. Орусия Украинага басып киргенден кийин ондогон мамлекеттер Москвага катаал экономикалык санкцияларды салган. Жүздөгөн чет өлкөлүк компаниялар Орусиядагы ишмердүүлүгүн токтотту. Орусиядагы кыргызстандык мигранттар азырынча санкциялардын кесепети катуу сезиле электигин айтууда.
Орусиядагы балык саткан дүкөндөрдүн биринде иштеген Мамед Мамедовдун айтымында, акыркы үч айда баалар өстү.
"Ооба, баалар өстү. Былтыр бул маалда кыйла арзан болчу"-деди ал.
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда "аскердик операция" деген шылтоо менен согуш ачканда орусиялыктар анын кесепети мынчалык оор болорун элестетишкен эмес. Көп өтпөй мунун кедергиси аларга канаттуу ракета жана миномет менен эмес, буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялар аркылуу сокку болду.
Чет элдик компаниялар Орусияда өз ишмердүүлүгүн токтоткондон бери Москвадагы ири соода борборлору аңгырап бош калды. Май айынын соңунда McDonald's компаниясы Орусиядан толук кетерин жарыялады. Ошол эле маалда миңдеген орусиялыктар, өзгөчө IT тармагында иштегендер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Айрымдар бийликтин саясатына каршылык билдирип чыгып кетишти.
Орусиянын экономикасын иликтеп жүргөн аналитик Крис Уифердин айтымында, жайында өлкөдө жумушсуздук күч алышы мүмкүн.
"Көп ишканалар жумушчуларды толук эмес иш күнүнө которуп жатышат. Айрымдар толук жабылып калышы мүмкүн экенин эскертишкен. Ошондуктан жай айларында жумушсуздук күч алып, инвестиция, сатуу жаатында төмөндөөлөр болушу ыктымал деген кооптонуу бар",-дейт ал.
Буга чейин "Форбс" басылмасы да Орусияда жыл соңуна чейин 600 миң киши жумуш ордун жоготушу мүмкүн экенин божолдогон. Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин 18-апрелде жазган блогунда чет өлкөлүк компаниялар ишин токтотконуна байланыштуу 200 миңдей киши жумушунан айрылып калуу коркунучунда турганын жазган.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар азырынча жапырт жумуш орундарын жоготкон учурлары каттала электигин айтышууда.
Уифердин божомолунда, согуш улана берсе буга чейин толук чыгып кете элек чет өлкөлүк компаниялар да ишмердүүлүгүн токтотушу ыктымал.
"Эгер силер азыр Москвадагы соода борборлорун кыдырсаңар батыштын бренд, саркеч кийимдерин саткан дүкөндөр жабык турганын көрө аласыңар. Алардын текчелери бош эмес, айрымдарында жарык күйүп турат. Демек, бул алар оюндан толук чыга элек дегенди билдирет. Алар мындан ары эмне болорун күтүп жатышат. Бирок азыр алардын деле чыдамы аяктап жаткан маалга жакындап баратабыз",-дейт аналитик.
Москва Киевге кол салгандан кийин Улуттар Уюму, Эл аралык валюта фонду жана башка каржы институттары кеминде элүүдөй мамлекетте азык-түлүк кризиси болорун эскерткен. Дүйнөлүк банктын талдоосунда буудай 40% кымбаттайт жана анын баасы дагы тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө жетет.
Бул оболу Орусиядан жана Украинадан дан азыктарын импорттоого көп көз каранды болгон өлкөлөрдүн экономикасына сокку болот.
Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) апрелдин соңунда жарыялаган баяндамасында, Украинадагы согуш Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия аймактарынын экономикасына чоң кедергисин тийгизгени белгиленген.
Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда да мартта баалар кыйла көтөрүлүп, апрелде ошол абалында бир аз турукташкан. Бирок майдын ортолорунда кайрадан өскөнү байкалды. Өзгөчө азык-түлүк, анын ичинде ун кымбаттай баштаганын “Азаттыктын” бул өлкөлөрдөгү кызматтары жазып жатышат.