Ал эми НАТО лидерлери Брюсселдеги саммитинде Трамп-Путин жолугушуусуна колдоо көргөзүшүп, муну НАТО менен Орусиянын мамилесиндеги чыңалууну басаңдатууга салым кошо ала турган иш катары баалаган.
Орусия президенти менен буга чейин көп тараптуу саммиттерде эки ирет жолуккан Дональд Трампка эми Хельсинкиде расмий кездешкени турган Путин “доспу, душманбы же атаандашпы” деген суроо НАТОнун Брюссель саммити учурундагы пресс-конференцияда кайрадан жолдонду:
- Ал (Путин) атаандаш, жолукканымда абдан жакшы мамиле жасады. Мен дагы жакшы мамиле кылдым. Ал атаандаш. Кимдир бирөөлөр ал душман деди. Ал менин душманым эмес. Досумбу? Жок, мен аны жакшы билбейм. Бирок эки жолу кездешкенибизде тил табыштык. Муну силер да көрдүңөр. Менимче, биз жакшы тил табышабыз. Бирок акыр аягында ал атаандаш. Ал Орусиянын, мен АКШнын өкүлүмүн. Маселе ал дос же душман экенинде эмес. Ал менин душманым эмес, кайсы бир учурда балким досум да болуп калышы мүмкүн деп үмүттөнөм,- деди Трамп Брюсселден кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып.
Бирок анын бул айткандарын Конгресстеги оппоненттери дароо сынга алышты. Маселен, Сенаттын Аскерий иштер боюнча комитетинин төрагасы Жон МакКейн өз билдирүүсүндө "Путин Американын досу дагы, атаандашы дагы эмес, ал Американын душманы, бул биздин каалообузга эмес, анын тандоосуна байланыштуу болду",- деп белгиледи.
МакКейндин пикиринде, "Путинди өз аракеттери үчүн Хельсинкидеги жолугушууда жооп бердирүү Трамптан көз каранды. Муну орундабоо Кошмо Штаттардын дүйнөдөгү лидерлигин олуттуу айыптагандык болот”.
Путинди “душман эмес, атаандаш” деп атаганы үчүн Трампты республикачыл жана демократ сенаторлордун дагы бир нечеси сынга алышты. Ак үй өкүлдөрү жана Трамп өзү алар Хельсинки саммитинде маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн, Сирия менен Украинаны талкуулай турганын айтып келүүшүүдө.
Кремль болсо Путин Трамп менен алар Орусиянын “ажырагыс бөлүгү” катары санаган Крымдан башка маселелердин баарын талкуулоого, мунаса издөөгө даяр экенин билдирген.
Хельсинки саммитин утурлай Трамп менен Брюсселде украин президенти Петро Порошенко да жолукту:
- Мен албетте президент Трамп менен сүйлөшүүбүздүн чоо-жайын ача албайм жана ачпайм. Бирок бул абдан ачык сүйлөшүү болду. Мен Украинага артыкчылыктуу көңүл бурулуп жатканына ыраазымын. Мен АКШ президенти Хельсинкиге барар алдында сүйлөшүүгө чындап муктаж элем. Мен сүйлөшүүгө канааттандым.
Трамп НАТО саммитинде кабарчылардын суроолоруна жооп бергенде, Крымдын келечеги тууралуу азыр эч нерсе айталбасына, бирок анын аннексияланганына өкүнөрүнө, буга мурдагы президент Барак Обаманын учурунда жол берилгенине токтолду. Ал эми НАТО саммитинин жаңы коммюникесинде да Орусиянын Крымды 2014-жылы аннексиялоосу дагы бир жолу айыпталып, ал эч качан таанылбай турганы көргөзүлгөн. Трамп өзү Брюсселдеги сөздөрүндө Хельсинки саммитин “эркин жолугушуу” катары мүнөздөдү. Талдоочулардын болжолунда да бул саммиттен конкреттүү жыйынтыктар күтүлбөйт.
- Менимче, бул көп жагынан Сингапурда Түндүк Корея лидери менен өткөн саммитке окшош сыяктуу. Башкача айтканда маңызы анчалык көп эмес, бирок эки лидердин: АКШ менен Орусиянын лидерлеринин бирге иштешкиси келет деген саясий кайрылуусу болот. Андыктан, бул саммиттен кийин көп маселелер боюнча бирге иштөөгө аракеттенүүнүн узак жараяны турат. Анда Европадагы кырдаалдан тартып, Украина, Сирия, Жакынкы Чыгыштын башка бөлүктөрү боюнча да маселелер бар. Бирок, мен азыркы баскычта конкреттүү жыйынтык чыгарына ишене албай турам, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде Карнеги корунун Брюсселдеги кеңсесинин талдоочусу Пиерр Вимонт.
Эске салсак, АКШ-Орусия мамилесинин начарлашынын азыркы баскычы, Москва мүнөздөгөндөй, “аянычтуу абалга” түшкөнү Крымдын 2014-жылкы аннексиясынан башталат. Буга жана Орусиянын Украина чыгышындагы аракеттерине байланыштуу мурдагы президент Барак Обаманын тушунда киргизилген санкцияларга бийликке Дональд Трамп келгенден кийин Конгресс мыйзамдык макам берген. Мыйзам талабына жана Москва 2016-жылкы президенттик шайлоого кийлигишти деген айыптоолорго байланыштуу Трамптын администрациясы да орусиялык компанияларга, жеке адамдарга, Кремлге жакын айрым миллиардерлерге каршы санкция киргизүүгө, орус дипломаттарын чыгарууга барган. Өз тарабынан буга жооп чараларды Орусия да көргөн.
Трамп-Путин саммитин утурлай, 13-июлда АКШнын Башкы прокуратурасы Орусиянын негизги аскерий чалгын кызматы - ГРУнун 12 офицерине расмий айып коюлганын жарыялады. Алар 2016-жылы, президенттик шайлоо алдында Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашканы үчүн айыпталууда.