Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:21

Москва: келгин балдар билимге муктаж


"Келгин балдар" долбоору.
"Келгин балдар" долбоору.

Москванын четиндеги Красногорск шаарчасында мигранттардын балдары үчүн бир айлык жайкы лагерь уюштурулду. Мындай демилгени "Ковче -21" билим берүү борбору "Келгин балдар" долбоорунун алкагында уюштурган.

Лагерде маданий иш-чара жана оюн-зооктон тышкары мектепке бара албай калган балдарга атайын орус тилин үйрөтүү жана мектепке даярдоо программалары каралган. Айдай Максутованын үч кызы бул жерде декабрдан бери билим алып келет:

- 5, 9 жана 10 жаштагы үч кызым бар. Кичүүсү эки жылдан бери жанымда болчу. Улууларын эми Москвада мектепке берейин деп алып келгем. Декабрдан бери барып, ал борбордон мектепке даярданып, тил үйрөнүп жатышат. Тилден кыйналабыз биринчи эле. Анан ал жакта мектепке киргизгенге жардам беребиз дешти. Мурун жумасына үч күн барып окушчу, эми азыр жайкы лагерде эртең менен 8де кетип, кечинде саат 6-7де кайтып жатышат. Өзүм эки жолу барып көрүп келгем. Тамак-аш берет, түштөн кийин уктатат, окутушат.

Экскурсияда
Экскурсияда

​Ал эми Гүлбарчын Жаанбаева борборго алгач өзүнүн балдарын окутууга алып келип, кийин "Келгин балдар" долбоорунда иштеп калган. Балдарга орус тилин үйрөтүү, мектепке даярдоо жана балдардын чет жерге көнүп кетүүсүндөгү кыйынчылыктарды өз башынан өткөргөн мигрант эне борбордогу шарттар тууралуу айтып берди:

- Мен өзүм былтыр майда келгем бул жерге. Өзүмдүн балдарымды Орусияга алып келип алып, мектепке бере албай, жеке мектептерге акча жетпей, аябай кыйналгам. Анан ушул жерди таап калдым. "Ковчег -21" лицейине жергиликтүүлөр 50-60 миң рубль төлөп балдарын окутат. Мигранттардын балдарына бардыгы бекер. Атайын ушундай социалдык долбоор. Мигранттын балдары ата-энелери иштегендиктен көбү үйдө отурат, аларды мектепке даярдаган деле эч ким жок. Бул жерде орус тилден башка чет тилдерин, сүрөт, дене тарбия, көркөм өнөр сабактары жана балдар театры бар. Орус тили жана мектепке даярдоо сабактары адатта жумасына үч күн болот. Азыр болсо лагерде жумасын беш күн, эртеден кечке балдар бул жерде. 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар бар. Өзбекстандыктар, тажикстандыктар бар, эң көбү эле кыргызстандыктар.

Долбоордун жетекчиси Рустам Курбатов
Долбоордун жетекчиси Рустам Курбатов

Долбоордун жетекчиси Рустам Курбатов жайкы эс алуудан тышкары мигранттардын балдарын мектепке даярдоого өзгөчө көңүл буруларын айтты: ​

- Чет өлкөдөн келген, орус тилин билбеген балдарды кабыл алабыз. Алар окуудан тышкары эс алышат, спорт менен машыгат, экскурсияларга барышат. Жайкы лагерь 30-июнга чейин болот. Ал эми сентябрдан баштап орус тилин билбей мектепке бара албай калгандарды окутабыз. Бир жыл ичинде аларды мектепке даярдайбыз. Биз - "Ковчег-21" лицейиндеги мугалимдерден түзүлгөн демилгечи топпуз, "Келгин балдар" - бул биздин долбоор. Биз өз күчүбүз жана жеке адамдардын колдоосу менен иштеп келебиз. Бала кайсы өлкөдөн келбесин, билим алып, Орусияда коомго аралашып, өз жолун таап кетсе деген максат менен иштейбиз. Мигранттардын балдарын шаарда бардык эле мектепке кабыл албайт, ата-энесинен миграциялык документтерин сурагандар болот. Кабыл алса дагы баланы 1-2 класс төмөн отургузуп койгон учурлар кездешет.

Сабак маалында
Сабак маалында

Жогоруда айтылгандай, "Келгин балдар" долбоору мигранттардын балдарын жайкы лагерге акысыз алат. Москванын Строгино метро станциясынан жайкы лагерге чейин мектептин атайын автобусу да каттайт.

"Келгин балдар" долбоорунун байланыш телефондору : +7 985 099 7964 (тажик, өзбек тилинде), +7 925 442 0415 (кыргыз тилинде), +7 926 517 2093 (орус тилинде).

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG