Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Путин мигранттарга сөөмөй кезеди


Орусиянын президенти парламентте сырткы күчтөрдү өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөсүн эскертти.

Бир жарым саатка чукул сүйлөгөн сөзүндө Владимир Путин өлкөдөгү демографиялык кризис коркунучун айтуу менен катар, жакынкы коңшу өлкөлөрдүн жарандары Орусияга келишин чектөөнүн зарылдыгына басым жасады.

Орусиянын элине жылдык кайрылуусун Путин президенттик үчүнчү мөөнөтүндө Федералдык жыйынга биринчи жолу келгенде жасады:

Биздин ички иштерге түз же кыйыр кийлигишүүгө жол берилбеши керек. Өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн чет элдик булактан каржылаган коомдук өкүл Орусия Федерациясында саясатчы боло албайт.

Шаршембидеги сөзүндө Путин Орусия «улуттук жана руханий иденттүүлүгүн» сактап калышы зарыл экендигин баса белгиледи. Ал калктын санынын азайышын өлкө туш келген эң ири көйгөйлөрдүн бири деп мүнөздөдү.

Сыналгыдан көрсөтүлгөн бир саат 20 мүнөттүк сөзүндө Путин ошондой эле экстремизм коркунучун белгилөө менен катар бийликтер Орусияда өз эреже, мыйзамдары бар «жабык улуттук аралчалардын» болушуна жол берилбей тургандыгын эскертти.

Орусиянын бүтүндүгү, аймактык биримдиги жана суверендүүлүгү кол тийгис болушу керек. Сеператизмдин же улутчулдуктун ар кандай көрүнүшү саясий күн тартиптен таптакыр четтетилиши керек.

Мында Путин улуттук азчылыктарды гана, же орус улутчулдугун да айтып жатканы анык болгон жок. "Бирдиктүү Орусия" бийлик партиясы орус улутчулдугун сүрөөнгө алган күчтөрдү жең алдынан колдойт деп айтылып келет.

Владимир Путин ошондой эле миграция маселесине кайрылып, мурдагы советтик жумурияттардан мигранттардын келиш эрежелерин дагы катаалдатуу ниетин ачыктады:

- 2015-жылдан калтырбай Орусияга башка өлкөлөрдүн ички паспорту менен эмес, чет элдик паспорту менен гана кире алгыдай болушу керек.

Ал ошондой эле коррупция менен күрөш аракеттерин күч алдырууга сөз берип, бир катар социалдык көйгөйлөргө да кайрылды.

Путин 2000-жылдан бери бийликте турат. Алгач эки ирет президент болуп, төрт жыл өкмөт башында тургандан кийин ушул жылдын март айында президент болуп кайра шайланган эле. Анын үчүнчү мөөнөткө шайланышына каршы массалык чыгуулар болгон.

XS
SM
MD
LG