Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Мигранттарды имерген Москванын саясаты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттардын жарандык алышын жеңилдеткен мыйзам күчүнө кирди.

«Орусиянын жарандыгы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү Мамлекеттик Дума былтыр декабрда киргизген. Анда Украина элине колдоо үчүн ушундай жеңилдиктер берилип жатканы айтылган.

Мыйзамда «коомдук-саясий, экономикалык оор кырдаалда турган өлкөнүн, ошондой эле куралдуу кагылышуу менен бийлик алмашып жаткан мамлекеттин жарандарына орус жарандыгы жеңилдетилген жол менен берилет» деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле мыйзамда президентке жеке чечими менен чет өлкөлүктөрдүн каалаган катмарына жеңилдетилген жарандык берүү ыйгарым укугу бекитилген.

Азыр жалпы шартка ылайык чет өлкөлүк орус жарандыгын алыш үчүн Орусияда беш жылдай жашап, убактылуу жашоого уруксат алгандан кийин туруктуу жашоого көрсөтмөсү болуш керек.

Жаңыдан күчүнө кирип жаткан мыйзам чет өлкөлүктөрдүн айрым катмарына коюлуп келген ушундай талаптарды жоюп, үч жылда эле орус паспортун алууга жол берет. Жарандык алуу боюнча документтер да кыскартылган мөөнөттө - алты айдын ичинде каралат. Ал эми Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары үчүн бул мөөнөт үч айга чейин кыскартылган. Бир жолу орус жарандыгына документ тапшырып, кайрылуусу канааттандырылбаса, бир жылдан кийин кайра кайрылууга уруксат берилет.

Москвадагы миграция боюнча серепчи Светлана Саламова Орусияга жер которгон келгиндер менен алардын үй-бүлөлөрү үчүн орус паспортун алуу кыйла жөнөкөйлөтүлгөнүн белгиледи:

Светлана Саламова.
Светлана Саламова.

«Жаңы мыйзам орус паспортун алууну каалаган Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) жарандарынын документтерин кыска мөөнөттө кароого шарт түзгөн. Бул Келгиндерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында жүрүп жатат. Буга чейин алар башка чет өлкөлүктөр катары эле адегенде убактылуу, кийин туруктуу жашоого уруксат алышы керек болчу. Ошондой эле документтерди кабыл алуу мөөнөтү кыскартылды. Албетте, КМШ менен Кыргызстандын мигранттарынын арасында орус паспортуна кызыгуу көп. Бирок кыргызстандыктар орус жарандыгын алса, алардын укуктары жана милдеттери кандай өзгөрөрүн ойлонушу керек. Мисалы, ЕАЭБдин алкагында документтерин толук мыйзамдаштырып иштеген кыргыз жарандарынын укугу орусиялыктардан деле эч айырмаланбайт. Болгону документтерди мыйзамдаштырып, өз укуктарын, талаптарын коё билиши керек. Дагы айта кетчү нерсе - мурун адамдар туруктуу жашап, иштеген аймакта жарандык алып, ошол жерге байланып калчу. Көчүп-конуп иштеген мигранттар үчүн бул тоскоолдук. Эми бул талап жоюлган өңдөнөт. Орус паспортуна кызыккандар көбөйөрү турган нерсе».

Саламова мигранттардын бир тобу, өзгөчө кыргызстандыктар социалдык камсыздоого кызыгып орус жарандыгын алып жатышканын айтты:

«Көп жылдык миграцияда жүрүп, акыры отурукташууну да чечкендер бар. Албетте, бул орус өкмөтү үчүн деле ыңгайлуу. Көп жыл бою Орусияда жүргөн мигранттар акыры мекени менен байланышы үзүлүп, жергиликтүү элге аралашып жатат. Бул боло турган процесстер. Мыйзамды өзгөртүү ошол келгиндерге карата жүргүзүлгөн. Ал жерде мыйзам мурункудай жалаң эле орус улутундагыларга эмес, өзүн орус дүйнөсүндө чоочун сезбеген, өзүн Орусия менен байланыштырган келгиндерге багытталганы көрүнүп эле турат».

Адистер орус бийлиги келгиндерге мындай жеңилдиктерди азайып бараткан калктын санын толуктоо максатында берип жатканын белгилешет. Мисалы, расмий эсептөөлөр боюнча былтыр Орусиянын калкы 100 миң адамга чейин азайып, 32 аймакта өлүм-житим көбөйгөн. Бириккен Улуттар Уюму Орусиянын 145 миллиондой калкы 2050-жылга карата 132,7 миллион адамга чейин азаярын болжолдойт.

Улуттук изилдөө университетинин Жогорку экономика мектебинин демография институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Анатолий Вишневский азыр миграция Орусиянын калкын толуктоонун башкы булагы болуп калганын белгилейт. Адистин айтымында, орус бийлиги бул абалга байланыштуу миграциялык саясатты да өзгөртүүдө.

Анатолий Вишневский.
Анатолий Вишневский.

«Азыр өнүккөн өлкөлөр калкынын санын мигранттардын эсебинен толуктап жатышат. Миграция – калктын табигый көбөйүшү. Европада деле нааразылык бар, бирок алар деле мигранттарды кабыл алып жатышат. Орусияда да абал ушундай эле, мигранттарга муктаж. Ыкмалары гана айырмаланат. Орусия мурунку совет өлкөлөрүнөн келгендерге жарандыкты жеңилдетип берип жатат. Бул туурабы же туура эмеспи деген суроо татаал. Бир чети орус жараны болгусу келгендер болсо, аларга мүмкүнчүлүк берүү деле жаман нерсе эмес. Орусияда 1993-жылдан тартып өлүм-житимдин көптүгүнөн калк азайып келген. Ортодо 2009-жылдары өзгөрүп, эми кайрадан кескин азаюу байкалат. Бул күтүлгөн нерсе болчу», - деди Анатолий Вишневский.

Орусиянын ИИМинин маалыматы боюнча былтыр 270 миңдей чет өлкөлүк орус паспортун алган. Бул мурунку жылга салыштырмалуу орус жарандыгына өткөндөр беш пайызга көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Украинанын 80 миңден ашуун, Казакстандын 45 миңдей, Тажикстандын 36 миңдей, Армениянын 27 миңдей, Өзбекстан 21 миңден ашуун жараны орус жарандыгын алган.

Ал эми Кыргызстан боюнча алсак, эгемендик жылдарында жарым миллиондон ашуун кыргызстандык Орусиянын жарандыгына өткөнү расмий айтылып келет. Былтыр орус паспортун 9 миңдей кыргызстандык алган. Мындан тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда убактылуу жашоо уруксат кагазы менен, дагы 20 миңге жакыны туруктуу жашоого уруксаты менен жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG