Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:17

Париж-2024: Дзюдочу Айбек уулу утулду, Эрлан Шеров мелдешке чыгат


Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу алгачкы беттешинде жеңилди. Ал 66 килограммга чейинки салмакта украиналык Богдан Ядов менен беттешип, иппон менен жеңилип, мелдештен четтеди.

Бул Кубанычбек Айбек уулунун биринчи олимпиадасы болду. Ал 23 жашта.

Дзюдо боюнча мелдештер 27-июлда башталган. 3-августта жыйынтыкталат. Кыргызстандык дагы бир балбан Эрлан Шеров 90 килограммга чейинки салмакта 31-июлда мелдешке чыгат.

Жайкы Олимпиада оюндарындагы эң популярдуу спорттун түрү боюнча Париж Олимпиадасына 187 өлкөдөн жалпы 854 суучул барды.

World Aquatics уюмунун билдиришинче, 463чү эркек, 391и аял. 35 категорияда мелдештер өтөт. 35 комплект медал ойнотулат.

Кыргызстандан суучул Денис Петрашов эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө, Елизавета Печерских аялдар арасында 50 метрге эркин стилде сүзүүдө мелдешке катышат.

Мелдештер Париждеги La Defence Arena спорт комплексинде өтөт.

Сууда сүзүү боюнча төмөнкү аралыктарда жарыштар өтөт:

  • Эркин сүзүү - 50 метр, 100 метр, 200 метр, 400 метр, 800 метр, 1500 метр;
  • Чалкалап сүзүү - 100 метр, 200 метр;
  • Брасс - 100 метр, 200 метр;
  • Баттерфляй - 100 метр, 200 метр;
  • Комплекстүү сүзүү - 200 метр, 400 метр,
  • Эстафета 4х100 метрге эркин стил;
  • Эстафета 4х200 метрге эркин стил;
  • Аралаш эстафета 4х100 метр (эркектер менен аялдар аралашкан команда)

Денистин атаандаштары ким?

27-июлда Денис Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыгып, өзүнүн тобунда сегизинчи орунду ээледи (1 мүнөт 0,42 секунд). Бул жыйынтык менен ал 23-орунду ээлеп, жарым финалга чыкпай калды. Бул аралыктагы жарышка 36 спортчу чыгып, алардын 16сы жарым финалга өттү.

Петрашов эми 30-июлда 200 метрге брасс стилинде жарышка чыгат.

Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына үчүнчү жолу катышууда.

Токио Олимпиадасында да Денис дал ошол аралыктарда күчүн сынаган эле.

Токиодо өткөн Олимп оюндарында Денис Петрашов 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө мара сызыгына 1 мүнөт 00.23 секундда келип, 27-орунду ээлеген.

Токио Олимпиадасынын сууда сүзүү боюнча чемпиону британиялык Адам Питти болгон. Ал 57,37 секундда марага келген.

Адам Питти бул Париж Олимпиадасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө квалификациялык жарышта 59.18 секунд менен 2-орунду ээлеп, жарым финалга чыкты. Ал нидерланддык атаандашы Корбо Каспардан 0.14 секунд артта келди.

Адам Питти 100 метрге брасс стилинде сүзүү жана эстафеталык (4х100) жарыштарда Олимпиаданын үч жолку, Дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону .

100 метрге брасс стилинде сүзүүдө Олимпиаданын жана Дүйнөнүн рекорддору дал ушул Адам Питтиге таандык. Ал 2016-жылдагы Рио-де-Жанейродогу Олимпиададада 100 метрди 57.13 секундда брасс стилинде сүзүп, Олимпиада рекордун койсо, 2019-жылы 56.88 секунд менен Дүйнө рекордун да жаңылаган.

Адам Питти мелдеш учурунда.
Адам Питти мелдеш учурунда.

Париждеги оюндарда брасс стилинде 100 метрге алтын байгеге Адам Питтиден сырткары, кытайлык суучул, дүйнө чемпиону Хайян Цинь да башкы талапкер.

Цинь былтыр Жапониянда өткөн дүйнө чемпионатында брасс стилинде 50, 100, 200 метрде үч алтын медал уткан. Брасс стилинде ал 100 метрди 57,69 секундада сүзүп өткөн. Муну менен ал Азия континентинин рекордун жаңылаган.

Денистин мүмкүнчүлүгүнө токтоло турган болсок, Токио Олимпиадасынан бери көрсөткүчүн бир топ жогорулата алган. Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатында Петрашов мара сызыгына 59:78 секундада келип, Олимпиадага жолдомо уткан. Ал дүйнө чемпиону Хайян Циндан болгону эки секунда артта.

Париждеги оюндарда брасс стилинде 100 метрге сууда сүзүүдө 36 спортчу жолдомо уткан.

Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде машыккан спортчу. Ал брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир нече жолу Кыргызстандын рекордун жаңырткан.

Азиянын төрт жолку чемпиону. 2017-жылы 100 метрге брасс стилинде сүзүүдө, 2019-жылы 200 метрге брасс стилинде сүзүүдө Азия чемпиону болгон. 2024-жылы брасс ыкмасы менен 200 метрге жана 50 метрге сүзүүдө алтын утту.

Сууда сүзүүнүн тарыхы

Олимпиада оюндарына сууда сүзүү спорту биринчилерден болуп кирген. 1896-жылы алгачкы жолу Афиныда өткөн Олимпиада оюндарында сууда сүзүүнүн фристайл түрүнөн гана мелдештер өтүп, спортчулар ачык сууда жарышкан.

Брасс жана чалкалап сүзүү стилдери 1904-жылы киргизилген. Ал эми баттерфляй Олимпиада оюндарынын программасына 1956-жылы кошулган.

1924-жылы Парижде өткөн олимпиада оюндарындагы бассейн.
1924-жылы Парижде өткөн олимпиада оюндарындагы бассейн.

1908-жылы Дүйнөлүк сууда сүзүү (World Aquatics) уюму түзүлүп, ошол жылдан тарта сууда сүзүү мелдештери бассейндерде өткөрүлө баштаган. Алгач сууда сүзүү мелдештерине жалаң эркектер гана катышса, 1912-жылдан тартып кыз-келиндер да сууда сүзүү боюнча мелдештерге катышкан.

Сууда сүзүүдө АКШ спорчулары алдыда. Алар Олимпиада оюндарынын тарыхында эң көп - 250 алтын медал уткан.

Сууда сүзүүдөн эң атактуу спортчу - америкалык суучул Майкл Фелпс. Ал Олимпиаданын 23, дүйнөнүн 26 жолку чемпиону.

Майкл Фелпс мелдеш учурунда.
Майкл Фелпс мелдеш учурунда.

Спорт сеперчилери Парижде дүйнөнүн беш жолку чемпиону 22 жаштагы Маршанга мүмкүнчүлүк жогору болорун айтышууда.

Маршан 200 метр, 400 метр комплекстүү сүзүүдөн жана 200 метр баттерфляй стилинде сүзүүдөн дүйнө чемпиону. Ал 2023-жылы 400 метр аралыкка сүзүүдө Майкл Фелпстин рекордун жаңырткан.

XS
SM
MD
LG