Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:50

"Париждеги кооз жерлердин баары жабык"


Садык Шер-Нияз
Садык Шер-Нияз

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Жайкы олимпиада алдындагы Париждеги маанай, даярдык жана күтүүлөрү тууралуу “Азаттыкка” учкай ой бөлүштү.

"Үмүт жана дем. Мен олимпиада алдында азыркы маанайыбызды ушундай сүрөттөйм. Анткени, Кыргызстандын спорт тарыхында ийгилик артып жаткан кез. Күрөштү алып карай турган болсок, дүйнөлүк алдыңкы он саптабыз. Олимпиадага келип жаткан улуттук курама да абдан сапаттуу. Алардан үмүт чоң. Чоң ийгиликтерди жаратат деп ишенип турабыз", - деди элчи.

- Бул жылкы олимпиада дүйнөдө согуштар уланып жаткан тынч эмес учурда өтүүдө. Париждеги коопсуздук чаралары, элдин маанайы кандай?

- Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Согуштардан тышкары, Орусиядагы теракт, АКШда президенттикке ат салышып жаткан Дональд Трамптын өмүрүнө кол салуу фактысы баарыбызды бир чети нес кылып, бир чети ойлонтуп турат. Мунун баары француздарды коопсуздук маселесине тыкыр көңүл бурууга милдеттендирди десек болот.

Париждеги эң кооз, туристтер көп барган жерлердин баары жабылган. Эч ким ал жактарга бара албайт. Кээ бир райондор толугу менен жабык. Ал жактарга атайын уруксат документи барлар же ошол жерде жашаган кишилер гана күбөлөндүргөн кагаздар менен кирет.

- Сизде дипломат катары олимпиада айылчасына барганга, спортчуларга жаратылган шарттарды көрүүгө мүмкүнчүлүк болдубу?

- Бизге таанышуу багытында гана уруксат берилбесе, ал жактагы шарт, уюштуруу иштерин көзөмөлдөө толугу менен эл аралык Олимпиадалык комитеттин милдетине кирет. Биз француздардын меймандос, Франциянын ири держава экенин, эли маданияттуу экенин билебиз. Ошондуктан, булар уюштуруу иштеринде башкаларга уят болбогондой аракет кылып жатат деп ишенем.

Календардык графикке байланыштуу спортчуларыбыздын баары бир учурда келишпейт. Ачылышына улуттук кураманын 20% катышат. Күрөшчүлөр августтан келе башташат. Спорт айылчасына барганга эки-үч жолу аракет жасадык. Коопсуздук маселесинен улам ал ишке ашпады.

- Олимпиада 11-августка чейин уланат эмеспи. Бул аралыкта сиздерде кыргызстандык спортчулар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү болобу?

- Биз ошого аракет кылып жатабыз. Бул жакта диаспоранын өкүлдөрү да аябай жигердүү. Алар биздин спортчуларды сыймыктануу менен күтүп жатат. Ошол эле учурда спортчуларыбыздын иш күнүнө жолтоо кылбагандай шартта балким элчиликтин имаратында жолугушуу өткөрөбүз. Мындай каалообузду Олимпиадалык комитетке айтканбыз, эгер уруксат берилсе, сөзсүз жолугушуулар уюштурулат. Бирок албетте машыгуу, мелдешке татыктуу катышуу алар үчүн биринчи орунда экенин түшүнөбүз.

- Франциядагы кыргызстандыктардын саны канча?

- Кыргызстандан келгендердин орточо саны 2500дин тегерегинде. Алардын теңи Советтер Союзу ыдыраганда эле келгендиктен, тыгыз катышыбыз жок. Алар дээрлик француз болуп калышкан. Ал эми башкалардын көбү студенттер жана эмгек мигранттары.

XS
SM
MD
LG