Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Осмоналиев кетип, Мураталиев келди. Мамлекеттик тил кандай өнүгөт?


 Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев (ортодо) жана жаңы жетекчиси Мелис Мураталиев (оңдо).
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мурдагы төрагасы Каныбек Осмоналиев (ортодо) жана жаңы жетекчиси Мелис Мураталиев (оңдо).

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев кызматтан кетип, анын ордуна Мелис Мураталиев дайындалды. Мындай кадрдык өзгөрүү өзү үчүн күтүүсүз болгонун Осмоналиев айтып чыкты.

Ал комиссияны башкарып турганда мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынып, Кремль Кыргызстанда орус тили басмырланып жатканын кыйыткан.

Буга өз учурунда Бишкек расмий тил дискриминацияга кабылбайт деп жооп берген. Соңку кезде мамлекеттик тилге байланыштуу жаңы демилгелерди көтөргөнү менен коомчулуктун эсинде калган Осмоналиевдин кызматтан кетиши жана мамлекеттик тилдин айланасында кеп кылабыз.

"Начар иштеп жатасыз деп эле кетирип коюшту"

Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин кызматтан кеткени тууралуу кабар 5-мартта жарыяланды.

Маалымат Осмоналиевдин өзү үчүн да күтүүсүз болгонун жана президенттин демилгеси менен чечим кабыл алынганын "Азаттыкка" кыскача гана билдирди:

“Ооба, мен жумуштан кеттим. Мына кечээ кечки саат 17:00дө чакырып, “сиз начар иштеп жатасыз” деп эле кетирип коюшту, ошол. Бул президенттин демилгеси дешти”.


Осмоналиев Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасы болуп 2022-жылы май айында дайындалган. Кесиби боюнча физик окумуштуу бул убакыт аралыгында бир канча демилгелерди көтөрүп, алардын айрымдары талкууга түштү.

Алсак, 2023-жылы апрель айында Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилди кызматтык тил катары кеңири колдонуу жана чиновниктердин кыргызча сүйлөп, иш кагаздарын кыргызча жүргүзүүсүнө талапты күчөткөн “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору талкууга алынган.

Суроолорго жооп берип жатып, Каныбек Осмоналиев “эгер депутаттар жана президент саясий чечим кабыл алса, латын арибине өтүүгө окумуштуулар, коомчулук даяр” деген.


Эртеси күнү эле Осмоналиевди президент Садыр Жапаров кабыл алып, “Кыргыз тилинин латиницага өтүүсү тууралуу сөз кылууга азырынча эрте экенин, кириллицадагы мамлекеттик тилди талаптагыдай, сабаттуу деңгээлде билүүсүн камсыз кылмайынча, латын алфавитине өтүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес” экенин эскерткен.


Тил комиссиясынын төрагасы Фейсбуктагы баракчасына да байма-бай пикирин жазып, айрым чиновниктер мамлекеттик тилге бут тосуп жатышканын жазып келген.

Бирок ошол эле учурда коомчулукта Каныбек Осмоналиевдин ишине ичи чыкпагандар да арбын. Ал көпчүлүк учурда курулай убадаларга көңүл буруп, тилди өнүктүрүү боюнча конкреттүү иштери жок болгонун айткандар да бар.

"Жакшы иштер жасалып жаткан"

Филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-орус славян университетинин профессору Аттокур Жапанов тил комиссиясындагы жетекчинин алмашуусуна ашуудан ат алмаштыргандай деп баа берди:

Аттокур Жапанов.
Аттокур Жапанов.

“Кийинки жетекчи комиссияны кандай жетектейт, билбейм. Бирок мамлекеттик тил жаатында абдан жакшы иштер жасалып жаткан. Осмоналиев республикадагы ар бир мекемени кыдырып, иш пландардын баарын аткарып, конференцияларды уюштуруп жүрдү. Андан сырткары тил мыйзамынын аркасында парламент депутаттары менен урушуп, канча чоңдорго жаман көрүндү. Кеп жаман көрүнгөндө эмес, тилге күйгөнүндө да. Эми ушул ишти жаңы жетекчи эки эсе мыктылап улантып кеткенде гана элде ишеним ойгонот. Эмне эле тилге келгенде кадрларды алмаштыра берет, түшүңбөйм. Тил деген сезимтал тармак да, ар бир кадрдык өзгөртүү сокку болот”.


Осмоналиев өз кызматындагы эң маанилүү иштердин бири катары "Мамлекеттик тил" боюнча мыйзамдын кабыл алынышын атап келет. Былтыр июлда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш экени айтылган. Андан сырткары мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган.

Дал ушул мыйзам кабыл алынгандан кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкекти сындап, орус тили "басмырлоого" кабылып жатканын айтып чыккан.


Лавровдун бул билдирүүсү кыргыз коомунда кызуу талкуу жаратып, айрымдар муну Орусиянын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсү катары баалаган.

Мындан кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек куруп, мыйзам орус тилин "дискриминация" кылбай турганын, өлкөдө эки тил тең бирдей шартта колдонуларын айткан.


Окумуштуу Аттокур Жапанов мамлекеттик тилдин пайдубалын бекемдөөгө арналган демилгелер күчөгөн маалда Кремлдин таасири байкала баштаганын белгилеп, бул жолку кадрдык жүрүшкө себеп болгон жокпу деп санааркап турат.

“Көрүнүп эле турбайбы, чоңдорубузду тээтигил жакка чакырып туруп эле ордуна коюп жатышпайбы. Эми биздин чоңдорубузду деле түшүнсөк болот. Экономикалык санкция кылып муунтуп койсо байкуштар эмне кылат анан? Анан кой, жок дегенде ушинтип туралычы деп айла жок баш ийет экен да”.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бул органда системалуу иш болгон жок деген пикирде:

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

"Эшмат келсе өзүнүн планын, Ташмат келсе өзүнүн планын көтөрүп чыгып атып эле өнүкпөй жатабыз. Мыйзамдуу мамлекетте жашап жаткандан кийин кызматка ким келбесин даяр турган нерсени мыйзамдын негизинде андан ары улап кетсе жакшы болот деген ойдомун".

Ал тапта жаңы төрагасы Мелис Мураталиевди 5-мартта жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды. Бул тууралуу тил комиссиянын басма сөз кызматы маалымат жарыялады. Ошондой эле мекеме “жалпы жамаат Каныбек Осмоналиевдин башка кызматка которулгандыгына байланыштуу алдыда иштерине ийгилик каалашты” деп кошумчалаган.

47 жаштагы Мелис Мураталиев “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жетекчиси жана коомчулукка улуттук каада-салтты терең чечмелеп берген кыргыз таануучу катары белгилүү.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG