Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

"Көркөм окуу - кыргыз тилге болгон салымыбыз". Поэзияны сүйгөн жаштар


Өзгөрүш Абакиров, Роза Рысбек, Тилек Токтогулов.
Өзгөрүш Абакиров, Роза Рысбек, Тилек Токтогулов.

Соңку кездери өлкөдө кооз, коңур үнү менен акындардын ырларын жаңы өңүттө көркөм окуган жаштар арбыды. Алар атактуу акындардын элге сиңген ырларын жагымдуу музыканын коштоосунда окуп, сүрөт-видеолор менен жасалгалап, социалдык тармактарга жүктөп, өз окурмандарын табууда.

Мындай жаштар кыргыз поэзиясы азыркы муундун кызыгуусун арттыруу үчүн жаңы багыттарга жол таап, жаңы тенденцияларга умтулуу керек деп эсептешет. Ошону менен катар алар бул кадамдар эне тилди өнүктүрүүгө да зор пайдасын тийгизет дешет. Соңку кезде жаштар арасында көркөм окуунун чеберине айланып келе жаткан айрым каармандар тууралуу кеп кылабыз.

"Үн аркылуу деле коомго пайдалуу иш кылсак болот"

2017-жылдан бери радио тармагына аралашкан Өзгөрүш Абакиров учурда “Миң кыял” радиосунда эмгектенет. Мындан сырткары ал жарнамаларды, кадр сыртындагы тексттерди окуу менен алектенет. 27 жаштагы коңур үндүн ээси соңку төрт жылдан бери социалдык тармактарда кыргыз акындарынын ырларын окууга басым жасап, өз окурмандарын топтоп келе жатат:

Өзгөрүш Абакиров.
Өзгөрүш Абакиров.

“Поэзия окуганым, дегеле үнүм менен кыргызча контент жасаганым – бул кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон аракет деп эсептейм. Менин эң башкы максатым ушул. Эмне үчүн поэзияны азыр көп окуп жатабыз? Себеби поэзия – өзү ушундай терең дүйнө. Биз окуп жаткан ырларда ар бир адам баласы жүрөгүнөн өткөргөн сезимдер камтылган. Анан мен да өзүмө жаккан акындардын саптарын окуп, социалдык тармактарга жүктөп келе жатам. Көптөгөн адамдар аны өз баракчасынан бөлүшүп, колдоого алып жатышат. Азыр менде үн аркылуу деле коомго бир пайдалуу иш кылсак болот экен деген ишеним пайда болду”.

Абакиров окурмандар буга чейин эле өздөрү окуп жүргөн ырларын башка бирөөнүн жагымдуу үнү менен укса башкача таасир аларын кошумчалады:

“Үнүм жөнүндө жакшы сөздөрдү көп угам чынында. “Ушул үн менен кайсы сөздү уксам дагы жагымдуу” дегендер бар. Алтургай кээ бир окурмандар “сүйүү темасында ыр окусаңыз жашоодо чыгармадагыдай сүйүп жашагым келет” дешет. А жашоо, тагдыр темасындагы ойлонткон ырларды окусам, “кадимкидей жашоонун маңызын сезип кеттим дешет”. Айтор ырды өзү окуган менен бирөөнүн окуганын уккандын айырмасы чоң окшойт".

"Кыргыз тили кандай жагымдуу"

Өзгөрүштүн айтымында, өзү сыяктуу поэтикалык саптарды көркөм окуп, кыргызча контент жараткан жаштардын катары барган сайын калыңдап баратат. Алардын көркөм окуган ырлары айрыкча Инстаграм, Тик Ток социалдык тармактарында жакшы көрүлөт.

Маселен, 28 жаштагы Тилек Токтогуловдун айтымында, өзү окуган лирикалык чыгармалардын айрымдары Инстаграм, Тик Ток баракчаларынан 700-800 миң жолу көрүлгөн экен.

Тилек да мындай аракети менен эне тилди даңазалап жатабыз дейт:

Тилек Токтогулов.
Тилек Токтогулов.

“Биз үнүбүз менен, ушундай жаңы форматтагы контент менен эне тилибизди айрыкча жаш муунга жеткирип жатабыз го деген ойдомун. Азыр жаш муундун баары соцтармакта отурат. Менде да эне тилин билбей бараткан жаштарыбыз кызыксын, сүйүүсү ойгонсун деген ниет жашайт. Кээде менин социалдык тармактагы баракчамдагы жүктөгөн аудио-видеолорду көрүп-уккан башка улуттар дагы “кыргыз тили кандай жагымдуу” деген пикирлерди жазып калышат”.

Уккулуктуу үнү менен телерадио тармагында иштөөгө мүмкүнчүлүк тапкан Тилек өзү ыр жазбаганы менен соңку кезде поэзия кечелерине арбын чакырыла баштады. Анткени анын көркөм окуусунда ыр уккусу келген чөйрө бар.

Ал кийинки учурларда катышкан кеченин аудиториясы кимдер экенин кеп кылды:

“Соңку ирет бир канча кечелерге бардым. Кечээ жакында өткөн “Чырак” поэзия кечесинин коноктору тууралуу айтсам, билим деңгээли жогору, китепкөй, эки-үч тилде эркин сүйлөгөн, акча төлөп концертке бара турган мүмкүнчүлүгү бар, жаңыча ой жүгүрткөн угармандар, кыргыз тилин биз да өнүктүрсөк деген максаты бар, табити бар адамдар келишти. Мени кубантканы ушул болду. Ал жерде жаштар эле эмес мамлекеттик кызматта иштегендер да болду. “Дагы өткөргүлө, биз да жардам берели деген” жакшы сөздөрдү уктук”.

"Коомчулук кыска чыгармаларга ыктап калды"

Көркөм окуунун ышкыбоздорунун дагы бири - 24 жаштагы Роза Рысбек. Ал борбордогу жеке видеопродакшндардын биринде иштейт. Роза белгилүү төкмө акын, маркум обончу Элмирбек Иманалиевдин “Тийбегиле, сүйүүгө” аттуу ырын окуп таанылган. Бул чыгарма ТикТок, Инстаграмда алгач жарыяланганда бир миллионго жакын көрүү топтогон экен.

Роза кыргыз акындарынын чыгармаларынан сырткары цитаталарды, шыктандыруучу ой берметтерин жана чет өлкөлүк авторлордун кыргыз тилине которулган ырларын окуп жүрөт. Алардын катарында палестиналык акын Махмуд Дарвиш, америкалык жазуучу Рейнбоу Рауэлл, австриялык жазуучу Франц Кафканын чыгармалары бар.

Роза Рысбек.
Роза Рысбек.

“Көркөм окуунун мага жеке пайдалары зор болду. Мисалы чөйрөм өзгөрүп, кызыктуу адамдар менен тааныштым, өз атымды да таанытып келе жатам. Азыр коомчулук кыска чыгармаларга ыктап калышпадыбы. Албетте, узун чыгармаларды деле угушат. Бирок бул социалдык тармактардын түрдүүлүгүнөн, жеке талаптарынан көз каранды болууда. Мисалы Ютубдан узун чыгармалар угулат, ал эми Инстаграм, Тик ток баракчаларынан кыска чыгармаларды көп көрүп-угушат. Адатта окурман- угармандар өз дүйнөсүндө учурда болуп жаткан, баштан өткөрүп жаткан окуялар тууралуу чыгармаларды жакшы угушат. Бул алардын жүрөгүнө жетет. Анан аудиторияны кармап туруу үчүн көркөм окулган чыгарма маанисине жараша фото-сүрөттөр менен шөкөттөлүшү шарт”, - дейт Роза Рысбек.

"Монотондуу окуй берүү болбойт"

Адатта ырларды көркөм окуу тууралуу коомчулукта кеп болгондо эки анжы ойлор айтылып келет. Маселен, айрым актерлор “акындар ырды бир окшош ыргакка салып эле окуй беришет” дешсе, акындар “актерлор ырды бузуп окуйт” деген өңдүү талаш-талкуулар жаралат.

Ал эми жогорудагы ырды көркөм окуган жаштар бул талаш менен деле баш катырып отурбайт. Алар болгону “ырды сезип окусак элге жеткире алабыз” дешет.

Ал эми белгилүү театр жана кино актеру Эржан Осмоновдун көркөм окуу жаатындагы оюн уктук:

Эржан Осмонов.
Эржан Осмонов.

“Мисалы, биз актерлор ыр окуганда окурманга жеткиликтүү болушу үчүн жөнөкөйлөтүп окуйбуз. Ошол эле маалда ырлардын баары анын маани-маңызына, жанрына жараша актерлук чеберчилик менен коштолуп окулушу туура. Мисалы, сатиралык чыгарманы кайгылуу кылып окуганга болбойт. Сатиралык чыгарманы сатирадай, драмалык чыгарманы драмадай окуш керек. Баарын эле кооз үнгө салып, монотондуу окуй берүү болбойт. Бирок эгерде ырды окуган адам ал чыгарманын ички мазмунун түшүнүп, жагымдуу үнү менен окуп, ал эл тарабынан жакшы кабыл алынып жатса, анда жакшы эле көрүнүш деп ойлойм. Мен акындарды деле жаман окуйт деп айтпайм. Алардын да өзүнүн ыр окууу стили бар”, - дейт актер.

Анткен менен жагымдуу, ары коңур үн менен ыр окуган жаштардын потенциалын колдонуп, адабияттын окурмандарын арбытуу керек дегендер көп. Маселен, эки жыл мурун түзүлгөн “Акбарак” коомдук фонду мындай жаштар менен жигердүү иштеп, кыргыз поэзиясы азыркы муундун кызыгуусун арттыруу үчүн жаңы багыттарга жол таап, жаңы тенденцияларга умтулуу керек деп эсептешет.

"Ар бир кечебиздин концепциясы бар"

"Акбарак" фонду түптөлгөндөн бери эле кыргыз адабиятын жайылтуу максатында ар тармактуу долбоорлорду ишке ашырып келет. 2022-жылдын күз айынан бери “Топчу”, “Булут”, “Чырак” аттуу үч поэзия кечесин өткөрдү. Фонддун директору Уулжан Бектурова жаңы форматтагы кечелердин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылып, мындай маданий саамалыктардын өтүшүнө жогорудагы көркөм окуунун чеберлеринин салымы чоң дейт.

Уулжан Бектурова.
Уулжан Бектурова.

“Биздин эң негизги максатыбыз кыргыз поэзиясын жаңы деңгээлге алып чыгууга аз да болсо салым кошуу десем болот. Албетте бизде поэзия кечелери көп эле өткөрүлүп жүрөт, бирок бизде атмосфера башкачараак. Биринчиден, биздин кыргыз поэзиясынын кечелерине да билет сатып алып кирип, ырахат алып кетсе болот. Экинчиден, биздин кечелерден кийин көрөрмандарыбыз авторлордун чыгармачылыгына, кыргыз поэзиясына, эне тилге болгон таасирлерин социалдык тармактагы баракчаларга жазып жатат. Үчүнчүдөн, ушундай кечелерди өткөрүүгө Роза Рысбек, Өзгөрүш Абакиров, Тилек Токтогулов баштаган мыкты үн ээлеринин ролу чоң. Биздин кеченин өзгөчөлүктөрү жогоруда айткандай атмосферанын үстүндө колдон келишинче иштейбиз. Анан ар бир поэзия кечебиздин өзүнүн концепциясы бар. Элди чогултуп алып эле тушкелди ыр окубайбыз. Алгач сценарий түзөбүз. Кайсы идеяны угармандарга бергибиз келет деп ойлонуп, анан ошого жараша сценарий жазылат, ошого ылайык ырлар тандалат. Кыргыз поэзиясы ушунчалык бай экен. Кандай кырдаалды албайлы, ошол темага ылайык ырлардын баарын таап жаттык. Мисалы, “Булуттар” аталышындагы поэзия кечебизде адамдын төрөлгөндөн баштап, карып, көз жумганга чейинки жашоосун ырлар менен баяндап бердик. “Чырак” поэзия кечесинде эки адамдын ортосундагы сүйүүнүн бардык этаптарын чагылдырдык. Таанышуу, жактырышуу, мамиледеги кризис, ажырашуу жана башка. Акыры кече эки адамдын гармонияга келиши менен аяктайт. Биз мындай саамалыктар менен коомчулукка кандайдыр бир ойду айткыбыз келет. Үчүнчү өзгөчөлүк кечебиз жандуу музыка менен коштолот. Командабызда Шабдан Демисинов аттуу роялда ойногон таланттуу музыкант бар, ал ар бир ырга жараша нота издеп, кылдат даярданат”.

Бектурованын айтымында “Акбарактын” 2022-жылы өткөргөн алгачкы “Топчу” аталышындагы ыр кечесине 30, бир жылдан кийин уюштурулган “Булуттарга” 100 адам келсе, бара-бара кызыккан окурмандардын катары калыңдап билети 800-1500 сомдук “Чырак” поэзия кечине 200дөн ашык ыр сүйүүчүсү келген.

Чепкен көтөргөн көрүүчүлөр

Жогорудагы фонддун ар бир кечесине катышып келе жаткан медиа эксперт Марат Токоев буларды маалымдады:

Марат Токоев.
Марат Токоев.

“Ушундай саамалыктардын болуп жатканынын өзү жакшы. “Ак барак” коомдук фонду өткөрүп жаткан адабий иш-чаралар илгерки акындардын кечелеринен кыйла өзгөчөлөнүп турат. Мурда бир акындын поэтикалык кечеси болсо, маарекелик кечеси болсо, тууган-туушкандарынын баары гүл, чепкендерин көтөрүп алып сахнага чыгып кеткен учурлар арбын эле. Анан мындай иш-чаралар ал кече ээсинин чыгармаларын баалай турган саамалык болбой эле, аны куттуктай турган иш-чарага айланып калчу. А булардын кечелери жаңы форматта өтүп жатат. Жаштардын келип жатканы да кубандырууда. Ошол эле маалда, албетте, иш болгон жерде кемчиликтер да болот. Маселен, бул кечеде ыр окуган жаштардын ыр окуу стили орусиялык ыр окуп жүргөн Анна Егояндын стилине окшошуп кетет экен. Мен кечеден кийин кеп-кеңешимди уюштуруучулардын, катышуучулардын өздөрүнө да айтып жүрөм. Ырдын авторунун ички ыргагына шайкеш болгула, ырдын кыйкырып окуй турган жеринде кыйкырып, шыбырап окуй турган жеринде шыбырагыла дейм. Кээде ыр угуп отуруп анын кайсы жерден бүткөнү же бүтпөй калганы боюнча суроолор жаралып жатты. Анан мен колдон келсе эми алдыдагы ар бир поэзия кечесинде келген көрүүчүлөргө ошол күнү кайсы ырлар окулары камтылган китепчени карматып койсо жакшы экен деген ойго келдим. Мисалы, театрларга барганда колубузга брошюра берилет эмеспи. Ушундай ыкмага өтсөк да дурус болчудай деп калдым”.

Коомдун талаптарына жооп берүүгө далалат кылып, агымга каршы сүзүп, улам бир жаңычылдыкка умтулган жаштардын алдыда максаттары дагы арбын. Алардын айрымдары жаштык жигери менен, айрымдары кооз, коңур үнү менен бир аянтчага биригип, уктап жаткан коомду ойготуп, коңгуроо кылып, үн салып тургулары келет.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG