Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

"Алтын глобус": Шаламе мыкты актер, "Хамнет" мыкты тасма деп табылды


Комедия жанрындагы эң мыкты деп табылган "Салгылаш артынан салгылаш" тасмасынын режиссеру Пол Томас Андерсон жана анда ойногон актрисалар. 11-январь, 2026-жыл.
Комедия жанрындагы эң мыкты деп табылган "Салгылаш артынан салгылаш" тасмасынын режиссеру Пол Томас Андерсон жана анда ойногон актрисалар. 11-январь, 2026-жыл.

Лос-Анжелесте 83-жолу кино жана теледеги абройлуу "Алтын глобус" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул жолу режиссер Хлои Чжаонун "Хамнет" тасмасы мыкты драма категориясында жеңишке жетти. Фильмдин сюжети жазуучу Мэгги О’Фарреллдин ушундай эле аталыштагы романына негизделген. Анда Уильям Шекспирдин 11 жашында каза болгон уулу Хемнеттин жашоосу баяндалат. Тасмадагы башкы ролдорду Пол Мескал жана ирландиялык актриса Жесси Бакли аткарат. Жесси Бакли Агнес Шекспирдин ролу үчүн «Драмалык фильмдеги эң мыкты актриса» номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгына ээ болду.

Ал эми режиссёр Пол Томас Андерсондун "Салгылаш артынан салгылаш" тасмасы мюзикл же комедия жанрындагы эң мыкты фильм деп табылды. Андерсон ошондой эле "Эң мыкты режиссёр" наамын алды. Бул тасмада башкы ролду Леонардо Ди Каприо ойногон жана фильм мыкты режиссурасы менен мыкты сценарийи үчүн да белгиленди.

Драмалык фильмдеги "Эң мыкты эркектин ролу» бразилиялык актёр Вагнер Моурага "Жашыруун агент» тасмасындагы чеберчилиги үчүн ыйгарылды.

Музыкалык же комедиялык фильмдеги мыкты эркек жана аял ролдору үчүн сыйлыктар Тимоти Шаламеге "Марти мыкты"жана Роуз Бирнге "Колумдан келсе тээп жибермекмин" тасмаларындагы ролдору үчүн берилди.

Эң мыкты анимациялык фильм деп Netflix платформасында чыккан "Жиндерге каршы аңчылык кылган кей-поп кыздары" мультфильми аталды

Медицина тууралуу "Оорукана Пит" сериалы "Эң мыкты драмалык сериал" деп табылды.

Ал эми комедиялык же музыкалык сериал номинациясында Киностудия жеңишке жетти. Бул сериал Apple TV+ платформасында чыккан жана өткөн жылы Emmy Awards сыйлыгында 13 номинацияда байге алган.

Чет тилдеги эң мыкты фильм деп "Жашыруун агент" аттуу бразилиялык саясий триллер аталды.

Лауреаттарды уюмга мүчө жүздөй эл аралык журналист аныктайт. "Алтын глобусту" алган тасма мартабалуу "Оскар" кино сыйлыгына башкы талапкер болуп саналат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG