Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Өзгөн шаарынын Таштак тилкесинде эки кабаттуу мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калганын билдирди. Өрттүн себеби такталууда.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.
Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыз колдонуудан улам чыгат. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы тилсиз жоонун негизги себептеринин бири экени айтылып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине