Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7-мартта Бишкектин Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрттөн төрт машине толугу менен күйүп кеткенин билдирди.
Өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Аны өчүрүүгө үч өрт өчүрүү автоунаа тартылды.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине