Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Кара-Тазы жайлоосунда өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдагандай, аталган жайлоодогу куураган чөп өрттөнүп жатканы тууралуу маалымат 13-сентябрда саат 17:50дө түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин райондогу бөлүмүнөн, Токой чарба кызматынан, Баткен райондук милиция бөлүмүнөн жана Кара-Булак жана Алтын-Бешик айылдарынан жалпы 75 жаран тартылган.
Тоодогу өрт 21:00дө чектөөгө алынып, өрт өчүргүчтөр түнкү нөөмөттө да калган.
14-сентябрь күнү өрт өчүрүү иштерин жалпы 22 кызматкер улантып жатышат.
Баштапкы маалыматтарга караганда тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Кургакчылыктан улам жайыттарда жана тоолордо куураган чөп өрттөнгөн учурлар буга чейин да катталган.
Чүйдүн Панфилов районундагы Орто-Арык айылынын жогору жагындагы тоодон августта эки жолу өрт чыгып, бир нече күндөн кийин өчүрүлгөн. Августтун башында Бишкек шаарынын Орок айылында кырдагы көрүстөндөн да куураган чөптөн улам өрт тутанган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдө 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.(ZKo)
Шерине