Кыргызстандын жараны, 42 жаштагы Мирбек Жакшылыков (аты-жөнү өзгөртүлдү) учурда Украинанын Орусия басып алган Мариупол шаарында курулушта иштеп жатат. "Азаттык" аны менен байланышып, кепке тартты.
- Сиз учурда Украинанын оккупацияланган Мариупол шаарында иштеп жатыптырсыз. Ал жакка кантип, ким аркылуу барып калдыңыз?
- Ооба, учурда Мариуполдобуз. Жанымда дагы эки кыргызстандык бар. Бирөө классташым, экинчиси айылдаш иним. Өзүм 20 жылдан ашуун убакыттан бери курулуштарда иштейм. Кафель коём. Курулушта бардык жумушту билем, бирок кафель койгонду жакшы өздөштүрүп алгам. Мурун чогуу иштешкен айылдашым бар.
Ал бир күнү "биз Мариуполдо иштеп жүрөбүз, бул жакка курулушчулар керек болуп атат, келип иштеп кетпейсиңерби" деп калды. Мен айылда жумушу жок жүргөм, барайын деп чечтим. Дароо шарттарын сурадым. Атайын келишим түзүлөрүн, Ростов шаарына учуп барсак, тосуп аларын айтышты. Таанышымдын сөзүнө ишенип эки жума мурда жолго чыктык. Оболу Бишкектен Москвага, андан ары поезд менен Ростовго жеттик. Ал жерден бизди ишке ала турган компаниянын өкүлү тосуп алып, келишимди көрсөттү. Үч кыргыз макул болуп, кол койдук. Ростовдон Мариуполго машине менен жеттик.
- Шарттары кандай экен? Кайсыл курулушта иштеп атасыңар? Айлык акыңар тууралуу эмне дешти?
- Шарттары жаман эмес. Келишимде эмне деп айтылса, баары ошондой экен. Айлык акы экиге бөлүнөт: жөнөкөй жумуштарды жасагандарга күнүнө 2 миң рубль төлөнсө, ишин билген курулушчуларга 3-4 миң рубль берилет. Ошентип айына эсептесек, 120 миң рубль, 90 миң рубль айлык акы берилет дешти. Банктан карта беришти. Ошол эсепке толук иштеп бүткөндө которобуз деп убада беришти. Мени менен чогуу келген дагы эки кыргыз бар. Үчөөбүз бир объектиге түштүк. Бала бакча куруп атабыз. Биз келгенге чейин көтөрүп, үстүн жаап коюшуптур, биз ичин жасап жатабыз.
- Оккупацияланган шаарда иштеп аткан экенсиңер. Кооптуу эмеспи?
- Келерден мурда Мариуполдо иштеп аткан тааныштардан сураганбыз. Албетте, кооптонуп, коркконбуз. Бирок алар "ок атууну же жардырууларды уккан, көргөн жокпуз" деп ишeндиришти. Oшондон кийин гана барууга макул болдук да. Эки жума болду келгениме, бир да атышуунун же сирена уккан жокмун.
Бригадирлер "сыртка чыкпагыла, чыкканга болбойт" деп айтып турушат. Анда-санда гана объектиден чыга турган болсок, атайын карта беришет. Өтө жүйөлүү себептер болгондо гана чыгабыз. Кароолчу, коопсуздук кызматкерлери карап турушат.
- Шаарга чыкканда жергиликтүү тургундарды жолуктурдуңарбы? Негизи шаарда жашоо кандай экен?
- Шаардын жергиликтүү тургундары деле калбай калган окшойт. Көчөлөр бош, автоунаалар аз. Ары-бери жүргөндөр деле ошол шаарды калыбына келтирип жүргөндөр болсо керек. Мариупол мага союздан калган шаардай сезилди.
- Силердин курулушта үч кыргыз жигит бар дедиңиз. Дагы кимдер иштейт? Орусиядагы борбор азиялык мигранттардын да ал жакта жумушка тартылганын угуп жүрөбүз.
- Биз иштеген объектиде өзбек, тажиктер жок. Казакстандык өзбектер, казактар, кыргыздар, буряттар, орустар иштейт. Биз барган курулушта 700дөй киши иштейт. Бизди алган компаниянын дагы үч объектиси бар дешти. Курулушта эркектер эле эмес, бурят, орус аялдар да иштеп жүрүшөт.
- Барганыма эки жума болду дедиңиз. Дагы эки ай иштейт экенсиз, андан кийин эмне кыласыз?
- Жогоруда айткандай, бизди жалдаган фирманын башка өлкөлөрдө да байланыштары бар окшойт. Анткени биздин бригадир келип, "Түркиядагы жер титиреген аймактарды калыбына келтирүүгө жумушчу жиберебиз, барасыңарбы" деди. Чоо-жайын сураган жокпуз, бирок айлык акысын жакшы төлөп берсе, ал жакта деле иштеп келмекпиз. Жыргаган жашоодон улам ушундай жерлерде иштеп жүргөн жокпуз. Негизги максат - акча таап, бала-бакыраны багуу. Менин эки уулум, берки жанымдагылардын үчтөн балдары бар. Айылда иштеп, аларды бага алчудай эмеспиз. Баарыбыз эле жакшыраак жашоону көздөп иштеп жүрөбүз. Кыргызстанда жакшыраак шарт түзүлүп, маяна түзүк болсо, бул жакка темселеп эмнеге келмек элек?