Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

"Маң болбош үчүн маалыматты ылгаш керек". Эл аралык укук коргоочулар Бишкекке кирбей калды


мазмуну

  • "Адам укуктары боюнча эл аралык федерация" (FIDH) укук коргоо уюмунун Рафаил Лопухин баштаган үч эксперти 12-декабрда “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргызстанга киргизилбей, артка кайтарылды.
  • Укук коргоочулар “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму уюштуруп жаткан фестивалга жана “Кризис маалындагы маалымат коопсуздугу, пропаганда менен манипуляцияга каршы туруу” деген темадагы конференцияга катышуу үчүн келе жатышкан.
  • Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын кезектеги "Бир дүйнө Кыргызстан" фестивалы 12-16- декабрда Бишкекте өтөт.

Укук коргоочулар эмне себептен артка кайтарылганы тууралуу расмий комментарий бериле элек. “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму муну жарандардын ээн-эркин кыймылын чектөө, укук коргоочулардын укугунун бузулушу катары сыпаттап, тынчсыздануусун билдирди.

"Кымбаттуу достор, биз Елена менен Бишкектеги аба майдандабыз. Мен абдан тынчсызданып жатам, чакырганыңар үчүн рахмат,жакында көрүшөбүз деп ишенем".

"Бизди өлкөгө киргизбей жатат, биз паспортубузду кайтарып беришин жана артка кайта турган каттамга, Стамбулга жөнөтүшүн күтүп жатабыз".

Бул "Адам укуктары боюнча эл аралык федерация" (FIDH) укук коргоо уюмунун PR-менежери Рафаил Лопухин жана анын ассистентинин билдирүүсү.

Экөө 12-декабрда таңга маал Кыргызстанга учуп келип, өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылган. Алар “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму уюштуруп жаткан адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын 19-фестивалына жана “Кризис маалындагы маалымат коопсуздугу, пропаганда менен манипуляцияга каршы туруу” деген темадагы конференцияга катышуу үчүн келе жаткан. Лапухин маалымат коопсуздугу жана пропагандага каршы туруу боюнча 12-декабрдагы жыйында сөз сүйлөмөк.

"Адам укуктары боюнча эл аралык федерация" (FIDH) эл аралык укук коргоо уюмунун PR-менежери Рафаил Лопухин жана анын ассистенти.
"Адам укуктары боюнча эл аралык федерация" (FIDH) эл аралык укук коргоо уюмунун PR-менежери Рафаил Лопухин жана анын ассистенти.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму тараткан маалыматка караганда, ушул эле күнү эртең менен Кыргызстанга учуп келген FIDH Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинин директору Илья Нузов артка кайтарылган.

"FIDH миссиясынын өкүлдөрү Кыргызстанга учуп келгенде чек ара көзөмөлүнөн өткөрүшкөн эмес. Чек арачылар өлкөгө кирүүгө тыюу салуу боюнча эч кандай расмий же жүйөлүү түшүндүрмө беришкен жок жана алардын паспортторун алышкан. Бир нече саат күтүүдөн кийин эксперттер өлкөдөн чыгарылды. Депортациялоонун мыйзамдуу негиздери жазылган расмий билдирүүнүн жоктугу даттанууга жол бербей, процессуалдык укуктарды жана укуктук принциптерди бузууга жатат", - деп жазылган "Бир дүйнө Кыргызстан" уюму тараткан билдирүүдө.

Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова бул көрүнүштү жарандардын эркин жүрүү, пикирин ачык билдирүү, биригүү эркиндиги жана укук коргоочулардын макамынын одоно бузулушу катары сыпаттап жатат.

Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

"Кыргызда баш кесмек бар, тил кесмек жок деген сөз бар. Бул кыргыздын ички дүйнөсү, кандай акыбал болбосун эркин, көчмөн элбиз дегенди билдирет. Бугүнкү иш-чара журналисттерге арналган. "Азаттыктан" баштап канча жылдан бери ушул күнгө чейин журналисттер кесилип, блогерлер камалып, сын айткан адам дагы жаман акыбалга кабылып жатат. Бул абдан кейиштүү нерсе. Мен таңкы төрттөн бери уктай элекмин. Биздин FIDH уюмунун үч эксперти өлкөгө кирбей, депортация болду. Алардын бирөө массмедиа боюнча, пропагандага каршы кандай ыкма менен иштей аласыңар деп ой бөлүшкөнү келаткан. Биз адвокат менен аракет кылып жатабыз. Бул абдан кайгылуу кадам болуп калды. Бул жолугушуу стратегиялык жактан абдан маанилүү эле. Анткени пропагандага каршы кыргызстандыктарды кандай сактап калабыз жана Орусиянын саясатынан арыла алабыз деген маселе. Кыргызстандын мыйзамдары, эл аралык уюмдар, БУУнун астындагы милдеттенмелерине карабай күнүмдүк иште элге, журналисттерге, ачык коомго жакшы таасирин тийгизип, жардам бере албай жатканы бизди кейитти".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы окуя тууралуу комментарий бере элек.

FIDH дүйнөдөгү адам укуктары жаатындагы тарыхы эң узак эл аралык уюмдардын бири. Ал 1922-жылы негизделген. Курамына укук коргоочулук менен алектенген көптөгөн уюмдар кирет. Баш кеңсеси Франциянын борбору Парижде жайгашкан, башка өлкөлөрдө да өкүлчүлүктөрү бар. Ал кыргызстандык укук коргоочулар менен да кызматташып, өлкөдөгү абал тууралуу баяндап турат.

"Кризис маалындагы маалымат коопсуздугу, пропаганда менен манипуляцияга каршы туруу” жыйыны "Бир дүйнө Кыргызстан" уюштурган адам укуктарынын даректүү тасмаларынын фестивалынын алкагында уюштурулган. Анда чет элдик жана жергиликтүү журналисттер, медиа эксперттер сөз сүйлөп, талкуу болду.

Молдовадагы иликтөөчү журналисттердин борборун негиздеген Корнелия Козанак пропагандага жана манипуляцияга каршы күрөшүү үчүн өлкөдөгү барыдк күч менен аракетти бириктирүү зарыл деп эсептейт.

"Мында журналисттер, коомдук ишмерлер бул учурда өз алдынча, жалгыздап иштебеши керек. Каршы туруу үчүн пропаганда кылган схемадан эки кадам алдыда болуу зарыл. Молдовада ал схема, жалган маалыматтарды таратуу абдан тез алмашып, тез тарап жатты. Акыркы жылдары мындай схемалар социалдык тармактарда катуу жайылды. Ошол аркылуу шайлоодо такыр эле бейтааныш талапкерди сүрөп, ал жакшы добуш алышы мүмкүн. Мында маалымат каражаттары документтештирип, көрсөтүп турушу зарыл. Албетте кайсынысы пропаганда, кайсыл нарратив билиш үчүн элдин мадиасабаттуулугун дагы көтөрүш керек. Адамдар муну түшүнгөндө өздөрү тандап, электеп алат. Биз акыркы шайлоодо журналисттер, мамлекеттик органдар бири-бирибизге маалымат берип, биргелешип иштедик. Мисалы, бизде "Евробиримдик жакшы эмес, ал жакка кирсе баалар өсөт, ЛГБТ көп, үй-бүлөлүк баалуулук жоголот, Орусия Молдовага көп жардамын берип жатат, Евробиримдикке кирсе, Орусия менен согуш болушу мүмкүн, бийлик ошого түртүп жатат" ж.б. ушул сыяктуу маалыматтар, орус пропагандасы абдан көп болгон. 2022-жылы пропагандалык орусиялык каналдар жабылган. Бирок Молдованын түштүгүндө кабелдик телеканалдар аркылуу материалдарын таратып келет. Пропаганда дал ошол телеканалдар аркылуу жүргүзүлүп жатат. Түшүнгөндөр башкача кабыл алат, көпчүлүгү аны чын көрөт. Ушул багытта иштеш керек, бул жагынан алганда биздин өкмөттүн деле күчү толук жетпейт. Анткени схемалар абдан тез өзгөрүп жатат. Ошол себептүү баары бирдиктүү иш алып барыш керек".

Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодо президент Майя Сандунун европачыл "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы добуштардын 50% ашуунун алып, алдыга чыккан. Ал эми экинчи орунга шайлоочулардын 24% ашуун добушу менен орусиячыл Патриоттук блок чыккан.

Шайлоо алдында президент Мая Санду жарандарга кайрылып, Европаны жактаган күчтөрдү колдоого, демократияны коргоого чакырган. Ал Орусия өз тарапташтарын бийликке алып келүү үчүн ири каражатын сарптап жатканын белгилеген. Молдованын Санду башында турган азыркы бийлиги Европа Биримдиги менен интеграцияга жетишүүгө умтулууда.

Орусия башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишип жатат деген айыптоолорду такай четке кагып келет.

Ал эми Кыргызстанда Кремлге жакын “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ноябрда расмий ишин баштады. Анын ачылыш аземине Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова катышкан. Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен долбоору катары сунушталган телеканалды Москванын башкы пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньяндын жакын шакирти сүрөп жатканы маалым болгон. Мындай кадамды эксперттер Орусиянын Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги таасирин арттыруу аракети катары баалашууда.

Медиа эксперт Асел Сооронбаева сырттагы пропагандага каршы мамлекеттик деңгээлде курөш байкалбай жатканын айтууда.

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

"Бул билинбегени менен абдан кооптуу жагдайга алып келиши мүмкүн. Биз башка өлкөлөрдөн сабак алып, алдын алып, привентивдүү чараларды жасашыбыз керек болчу. Мамлекеттик мадиаларда абдан чоң рычаг, ресурс бар. Ошолорду пропагандага туруштук берүү үчүн, адамдардын сынчыл ой-жүгүртүүсүн арттыруу үчүн алгылыктуу иштерди жасаса болот. Бирок муну хирургиялык тактык, тобокелдикти эске алуу менен ишке ашырышы керек. Дүйнө тынч эмес болуп турган шартта адамдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн арттыруу, маалыматты ылгаганды үйрөтүү абдан маанилүү болуп турат. Бул жаатта бирдиктүү аракеттердин жүргүзүлгөнүн көрбөй жатабыз. Бийликтин жасаган иштерин элге жеткирип, маалымдоо жакшы эле жүрүп жатат. Ошондой эле масштаб, ошол эле ресурс жана темп менен сырттагы пропагандага каршы, ага туруштук берүүчү, маалымат коопсуздугун камсыз кылуучу иштер ошого тең болбой жатат".

Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү адам укуктары жаатындагы абал начарлап, сөз эркиндигине чектөө күчөп бара жатканы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагышат. Министрлер кабинетинин төрага орун басары чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын бирине маегинде Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын маягы бойдон кала берет деген пикирин билдирген.

"Бир дүйнө – Кыргызстан 2025" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын XIX эл аралык фестивалы Бишкек шаарында 12-декабрынан 16-декабрына чейин өтөт. Фестиваль салттуу түрдө Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн режиссёрлордун, укук коргоочулардын, эксперттердин, маданий ишмерлердин жана жарандык коом өкүлдөрүнүн баштарын бириктирүү менен даректүү чындык менен адам укуктарын илгерилетүү үчүн ачык аянтча катары кызмат өтөйт.

Анда Кыргызстандан, Өзбекстандан, Канададан, Индиядан, Грузиядан, Швейцариядан, Германиядан, Чехиядан, АКШдан жана Жаңы Зеландиядан тартылган 22 тасма көрсөтүлөт. Тасмалардын каармандары социалдык, климаттык жана саясий чакырыктардын алдында эрктүүлүгүн жана ар-намысын сактаган адамдар. Даректүү тасмаларда аялдардын жана балдардын укуктары, өзүн билдирүү эркиндиги, билим берүү жана теңчилик үчүн күрөш, эс тутумду жана маданий мурастарды коргоо, адамдын жаратылыш менен мамилеси жөнүндө баяндалат.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG