Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:56

Конституцияга 31 жыл. Сөз эркиндиги, эл аралык коомчулуктун эскертүүсү


Кыргызстанда Конституциянын кабыл алынганына 31 жыл болду. Өлкө эгемендик алгандан бери Конституция ондон ашык жолу өзгөртүлүп, акыркысында президенттик башкарууга кайткан. Адам укугу, сөз эркиндиги боюнча Конституциянын талаптары аткарылбай жатат деген сын бар. Бийлик муну четке кагып келет.

Бул ирет Конституция күнүн утурлай кандайдыр бир мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар, талкуулар болгон жок.

"Ченемдерди кыйшаюусуз аткаруу - туруктуу өнүгүүнүн кепили"

Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу 5-майда расмий жарыяланды. Анда ал Конституцияны барктоого чакырган.

"Баш мыйзамыбыздын укуктук маңызы гана эмес, руханий жана маданий мааниси да бийик. Элибиздин келечек мүдөөсү менен дүйнө таанымын чагылдырып, өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктоочу пайдубал катары кызмат кылат. Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюусуз аткарууну сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел",- деп жазылган Жапаровдун куттуктоосунда.

Баш мыйзамдын 31 жылдыгы сөз эркиндигине басым күчөп, эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрү көбөйгөн учурга дал келди.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 3-майда жарык көргөн баяндамасында 180 өлкөдөгү журналисттер иштеген шарттар, абал изилденип, Кыргызстандагы абал да талдоого алынган.

Анда Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу эки тепкичке көтөрүлүп, 120-орунду ээледи. Бирок баяндаманын авторлору муну өлкөдө сөз эркиндиги жакшырды деп түшүнүүгө болбой турганын, башка мамлекеттердин көрсөткүчтөрү өтө эле төмөн түшүп кеткендиктен ушундай орунду ээлегенин билдирди. Алар өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылып, Баш мыйзамдагы талаптар аткарылбай жатканын, журналисттер, активист, блогерлер саясий басым алдында калганын айтып чыгышты.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Жанн Кавелье буларды билдирди:

"Жалпысынан кырдаал Чыгыш Европада жана Борбор Азияда начарлап кетти. Эки өлкө өз категорияларын өзгөртүштү. Грузия "сөз эркиндиги маселе туудурган мамлекет" деген категориядан бул багытта "кырдаал оор" деген категорияга өттү. Ал эми Өзбекстан оор кырдаалдан абдан оор кырдаалга которулду. Былтыр Кыргызстандын рейтинги кескин төмөндөп кеткенден кийин быйыл деле эч кандай жакшы жылыш болгон жок. Тескерисинче, дагы оорлошту. Маселен, коррупциянын бетин ачуу менен алектенген 11 көз карандысыз журналист быйыл январда камалды. Орус мыйзамын кайталаган, президент Садыр Жапаров кол койгон "чет элдик өкүл тууралуу" мыйзам да өлкөдөгү сөз эркиндигине кандайдыр бир сокку ургандай болду. Тактап айтак, быйыл Кыргызстандын саясий рейтинги кескин төмөндөдү. Кыргызстан аймакта Азербайжан жана Өзбекстан менен биргеликте саясий көрсөткүчү начар мамлекеттердин ичинен рекордсмен болуп саналат", - деди Кавелье "Азаттыкка" курган маегинде.

Мындан тышкары 2022-жылдын октябрында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулардын тогузу азыр тергөө абагында отурат. Калганы түрдүү жагдайда үй камагына чыккан. Алар да абакта мыйзамсыз отурганын айтып, өздөрүнө карата саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирсе, бийлик сөз эркиндиги сакталып жатканын айтып, "куугунтук жок" деген жооп кайтарып келет.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан саясатчы Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыгып, ушул эле күнү БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

"Ар бир нерсе өзүнүн орду менен болушу керек. Сегиз айдан бери жасалып аткан кыймыл-аракеттер Кыргызстанды дүйнөгө маскара кылып бүттү. Кыргызстанда Конституциянын жок экенин, мыйзамдардын жок экенин далилдеп койду", - деди абактан чыккан кезинде Адахан Мадумаров.

Бишкектин борбордук жайларында тынч жыйындарга чогулууга тыюу салуу мөөнөтүнүн улам узарып жатышын Конституциялык укуктарды чектөө деп атап, муну токтотууга чакырыктар ташталып келет.

“Азыр бардык акцияларды Горький гүл багына барып өткөргүлө деп жатат. Буга эч кандай негиз жок. Мисалы, бизде бир көйгөйдү президенттин администрациясы, прокуратура же өкмөт чечпесе, нааразылык акциялар ошолордун имаратынын алдында өтөт. Мунун мааниси ал мекемелер элдин каршы экенин, маанайды билип турат. Кийин эл менен жолугуп, пикирин угуп, маселени чечкенден кийин тарап кетет. Акцияларды көтөрүлгөн көйгөйгө тиешеси бар мекеменин имаратынын астында өткөрүүнүн мааниси ушунда. Эми Горький багында өткөрө бергиле дегени биз силердин маселеңерди чечпейбиз дегендей болуп жатпайбы”, - дейт мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун.

Конституция менен мыйзамдагы кепилдик

Жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу Конституцияда жана "Тынч чогулуштар жөнүндө" мыйзамда каралган. 2012-жылы кабыл алынган документте тынч чогулуштардын жол-жобосу так көрсөтүлгөн. Кандай учурда чектесе, тыюу салса, күч колдонсо болору да жазылган. Мисалы, мыйзамдын 15-беренесинде төрт учурда гана тынч чогулуштарга тыюу салса болору жазылган. Алар:

  • Согушту пропагандалаганда;
  • Басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыккан учурда;
  • Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда;
  • Тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөргөндө.

Укук коргоочулар, активисттер бул жоболор ашкере пайдаланылып, өз үнүн жеткирүүнү көздөгөндөрдүн аракеттери да чектелип жатат деп эсептешет.

Ошол эле кезде чектөөлөрдү тартипти көзөмөлдөө катары кабыл алгандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев:

“Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бизде тартип болушу керек. Албетте, ар бир адамдын укугу корголушу керек. Бирок жүздөгөн адам митингге чыкса, бул шаарда миллиондой тургун жашайт. Ошол себептүу бул чечимдер алардын коопсуздугун ойлоп чыгарылды деп ойлойм”.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту тынч чогулуштарды өткөрүүнү чектөө чечимин марттын этегинде дагы үч айга узарткан. Узарткан чечимдердин чыгарылып келатканына дээрлик эки жылга чукулдады.

Былтыр Бишкектен тышкары Ош облусунун Ноокат, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунда да тынч жыйындарга чогулууга убактылуу чектөө киргизилген. Муну облус милициясы коомдук тартипти көзөмөлдөө чарасы катары баалаган. Кийин бул чектөөлөрдүн алынып-алынбаганы тууралуу маалымат берилген эмес.

Кыргызстанда тынч акция-митингдерди өткөрүүгө салынган тыюу эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында да белгиленген. Анда 2022-жылдан бери мөөнөтү узартылып келе жаткан чектөө жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугун бузуп жатканы айтылган.

Баяндамада да Кыргызстандагы сөз эркиндигине басым күчөгөнү белгиленип, мисал катары “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунда журналисттердин ишин чектей турган нормалар бар экенин, “Азаттык” жана “Клоопко” байланыштуу сот иштерин мисал келтирген. Андан тышкары Кемпир-Абад иши боюнча “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып менен 2022-жылы камакка алынган 30га жакын саясатчы, активисттердин айрымдары дагы деле тергөө абагында экени, кыз-келиндерге зомбулук фактылары дагы деле көп катталып жатканы айтылган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгилеп, жарандарды тартипти сактоого үндөгөн билдирүүлөрүн кайталап келет.

"Конституциянын талаптары аткарылган жок"

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, юрист Чолпон Жакупова эгемендүү Кыргызстанда Конституциянын талаптары аткарылган жок деген көз карашы менен бөлүштү:

Чолпон Жакупова
Чолпон Жакупова

"Биздин өлкөдө мыйзам үстөмдүгүнө кызмат кылуу адаты калыптанган эмес. Эгемендүү болгонубузга 30 жылдан ашса да Кыргызстан конституциялык өлкөгө айланган жок. Буга бир канча себеп бар. Баш мыйзамга соңку киргизилген өзгөртүүлөрдөн улам Баш мыйзам бекемделди, жарандардын да, аткаруу бийлигинин да аны сактоо салты, мыйзамдуулук жогорулады деп айта албайм. Бийлик да, жарандар да бири-бири менен тыгыз байланышта. Тилекке каршы, элде Конституция сакталбай келген деген түшүнүк бар, мындан улам ага сый-урмат да жок. Бул албетте мамлекеттин жоопкерчилиги. Ал жарандарды Баш мыйзамды сактоого жана бузбоого багытташы керек эле. Бирок биз көрүп тургандай, бийлик өзү Конституцияны окубайт, аны түшүнбөйт. Менин пикиримде, биз өзүбүз аны аңдабай өз мамлекетибизди алсыратып жатабыз. Мындан улам баары өзүнүн эл алдында сүйлөп жаткан сөзү, көтөрүп жаткан мыйзам долбоорлоруна реалдуу баа бергенде гана Баш мыйзамга сый-урмат, аны аткаруу башталат. Эл деген эл. Баарыбир эл чечип, эл бир жыйынтыкка келерин билүү керек".

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстанда бийлик инстутуттарынын ортосундагы тең салмактуулуктун сакталбай жатканына көңүл бурду:

"Мыйзамдуулук чөйрөсүн түзгөн мамлекет жарандарын ошол мыйзам менен жашоого багыттайт. Бирок бүгүнкү күндө мыйзамдык чөйрө президент жана анын администрациясынын түшүнүгү менен түзүлгөн концепт. Ар бир жаран иштеп жаткан мыйзамга баш ийүүсү абзел. Бирок ортодо адилеттүүлүк, мыйзамдуулук принциби сакталышы керек. Мыйзамдар байына, карапайымына, ишкерине, үйдө отурганына, саясатчысына, элитасына, бийликчилине ошол мыйзам тарап атабы? Же тандалма тарап атабы? Өзүнүн кызматтык абалына кыянаттык кылып атабы? Же мамлекет аркылуу байып атабы? Сот системасына президенттин администрациясы башын салбай элеби? Күч түзүмдөрү өз ишин канчалык туура алып барып жатат? Мамлекеттик бюджет сапаттуу сакталып атабы? Бүгүнкү күндө бул суроолорго толугу менен жооп жок. Элден талап кылып аткан мыйзамдуулукту бийлик өзү кандай сактап атканы суроо жаратат", - деди Эргешбаева.

"Баары жакшыруу, оңолуу үчүн жасалууда"

Ал эми саясатчы Феликс Кулов азыркы Баш мыйзамда жазылган эрежелер бузулган жок деген пикирде:

"Бизде сөз эркиндиги каралган, бирок ал Кылмыш-жаза кодекси менен бир аз чектелет. Ошол "Конституциялык түзүлүштү бузуу" деген чакырыктар ушул кодексте каралган. Ошондуктан ал Конституция менен карама-каршы келбейт. Себеби Баш мыйзамда "Эгерде мамлекетке жана элге зыян келтирсе, укуктарды жана эркиндиктерди чектөөлөргө жол берилет" деп жазылат. Демократиянын башкы душманы – боорукер, адилеттүү падыша. Баары эле Конституциядан көз каранды эмес. Конституцияны жазса болот, бирок негизгиси элден көз каранды. Азыр көпчүлүк президентти колдойт. Анткени коррупция менен катуу күрөш жүрүп жатат. Албетте кээ бир жерлерде аша чапкандык бар, бирок анын баары жакшыруу, оңолуу үчүн жасалууда".

Оңдолуп, өзгөртүлгөн Конституция

Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин Конституцияны өзгөртүп, толуктоо адатка айланган. Өлкө эгемендикти жаңыдан алган убакта “легендарлуу парламент” деген ат менен Жогорку Совет иштеп, ал 1990-жылы 15-декабрда “Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндө” декларацияны, 1991-жылы 31-августта “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” декларацияны жана 1993-жылы 5-майда “Кыргыз Республикасынын Конституциясын” кабыл алган.

Биринчи президент Аскар Акаев дал ушул Баш мыйзамды биринчи жолу 1994-жылы өзгөртүп, Кыргызстанда эки палаталуу Жогорку Кеңеш түзүлгөн. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Акаевдин тушунда Баш мыйзам андан кийин 1996-жылы, 1998-жылы, 2003-жылы да өзгөртүлдү. Алардын баары тең өлкө башчынын укуругун узартты. Дал ушул өзгөртүүлөргө Чолпон Баекова баш болгон Конституциялык сот жол берген деп сындаган пикирлер азыркыга чейин арбын.

2005-жылы бийликтен кулатылган Акаевден кийин президент болгон Курманбек Бакиев да Конституцияны өзгөрттү. Алгач оппозициянын талабы менен 2006-жылы бийликтин тең салмактыгына багытталган аракеттер болсо, бир жыл өтүп-өтпөй Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кайра референдум жарыяланган. Анда Бакиев өз бийлигин бекемдеген.

2010-жылы апрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып кетип, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам "2020-жылга чейин өзгөртүлбөй" тургандыгы белгиленген.

Ошого карабай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

2020-жылдын Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашкан соң 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кезектеги жолу өзгөрдү.

Ага шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болчу.

Мындай муктаждыкты Жапаров башында турган бийлик жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгы менен түшүндүргөн. Ошентип үч жыл мурда жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынган Баш мыйзам өлкөнү президенттик башкарууга кайра кайтарып, саясий системаны баштапкы абалга алып келди.

XS
SM
MD
LG