Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

"Улуттук кызыкчылыкка дал келбейт". Захарова ачкан "Номад ТВ"


"Номад ТВ” телеканалынын соц тармактары баракчалары
"Номад ТВ” телеканалынын соц тармактары баракчалары

мазмуну

  • Кыргызстанда Кремлге жакын “Номад ТВ” аттуу жаңы телеканал ишин баштады. Анын ачылыш аземине Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова катышты.
  • Кыргызстан менен Орусиянын биргелешкен долбоору катары сунушталган телеканалды Москванын башкы пропагандисттеринин бири Маргарита Симоньяндын жакын шакирти сүрөп жатканы маалым болгон.
  • Мындай кадамды эксперттер Орусиянын Кыргызстандын маалымат мейкиндигиндеги таасирин арттыруу аракети катары баалашууда.

23-ноябрда “Номад ТВ” телеканалынын ачылышы Бишкектеги Опера жана балет театрында чоң салтанат менен өттү. Кремлге жакын телеканалдын ачылыш аземине Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова келип сөз сүйлөгөнүн телеканалдын YouTube баракчасына чыккан программадан көрүүгө болот.

“Жаңы канал пайда болду, эми ар бир адам өзү чечет жактырабызбы, көңүлгө жакынбы, кошумчалай турган нерсе барбы, же башка пикир жараларбы. Бул тандоо эркиндиги жөнүндө”, - деп сүйлөдү анда Захарова.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов каналдын ачылышына катышкан учурда өлкөгө сапаттуу телевизиондук контент зарыл экенин айткан.

Эдил Байсалов
Эдил Байсалов

“Мен телекөрүүчү катары айта алам: мага телепродукт жетишпейт. Бир учурда биз теледен баш тартып, баарын түз булактардан, түз эфирде көрө алабыз деп ойлогонбуз. Бирок андай эмес экен. Көрүүчүгө баары бир профессионал медиа адистери, профессионал редакторлор, журналисттер керек. Алар бул фейк, бул чындык эмес, ал эми бул чындык, бирок мындай контекстте деп түшүндүрүп бере алышат”.

Телеканалдын соцтармактардагы роликтеринен “Кыргызстан менен Орусиянын жалпы тарыхы”, “Биргеликте согушту жеңдик”, “Кыргызстандагы эң ири, Чоң Чүй каналын, Токтогул ГЭСин биргелешип курдук” деген чакырыктарды көрүүгө болот.

Алар Орусия менен Кыргызстандын достук мамилеси катары ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ уюмдарын мисал келтирип, “келечегибиз да бирге” деген маанидеги роликтерди жайылтышууда.

Захарованын талаштуу саясий сапары

“Номад ТВга” Кыргызстандагы Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылган.

Журналист жана медиа талдоочу Миржан Балыбаев муну пропаганда деп баалады:

Миржан Балыбаев
Миржан Балыбаев

“Андай орусиялык телеканалга жергиликтүү жүздөр, элге таанылып калган журналисттер керек. Элге алар сүйлөп, пропаганда жүргүзсө алардыкы өтүмдүү болот деген ой менен ушундай кылып жатышат. Бул мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иш чара. Алар пропаганда деп ачык эле айтып жатышат. Ал эми Мария Захарованын репутациясы талаштуу маселе. Ошондой адам келип, телеканалды ачып жаткандан кийин терең ойлонуш керек. Анткени Захарованын башка мамлекеттер жөнүндө, анын ичинде Борбор Азияга, бизге карата айтылган сөздөрүн карап көргүлөчү. Эми ошол киши келип, “мына силердин тилиңерде өзүбүздүн пропагандабызды кулагыңарга куябыз” деп жатат. Ансыз да пропагандага ууланып калган эл эми кыргыз тилинде, кыргыз журналисттери чайнап берген маалыматты жута беришет”.

"Евразия" борборунун ролу

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова ошол эле күнү орус тили жана маданияты боюнча “Евразия” деп аталган борбордун расмий ачылышына барган.

Бул мекеме Кыргызстандын аймактарында да ачылып, орус тилин окутуу, киноклуб, блогерлик, театралдык студия сыяктуу багыттарда иш алып барат. Борбордун Бишкектеги кеңсеси сентябрдан бери иштеп жатат.

Орусиянын Биринчи каналынын “Евразия” борбору тууралуу даярдаган телесюжетте теги молдовалык, учурда орус жергесинде жашап-иштеген олигарх Илан Шорду көрүүгө болот. Ал орус тилин колдоо ассоциасиясынын жетекчиси, “Евразия” камкордук кеңешинин мүчөсү катары тааныштырылган.

“30 жыл мурун орус тили Советтер союзунда жашаган дээрлик 300 миллион адамды бириктирип турган. Бардык иштер орус тилинде болгон. Бүгүнкү күндө орус тили бизнес, экономика, маалымат жана башка көп нерселерди бириктирген тил болуп калды. Ошондуктан мүмкүн болушунча көп адам орус тилин үйрөнүп, орусча баарлашуусуна бардык шарттарды түзүшүбүз керек”, - деген ал телеберүүдө Илан Шор.

Шор Молдовада банктык алдамчылык менен 1 млрд долларды уурдоого айыпталып, 15 жылга соттолгон жана 2019-жылы үй камагынан качып чыгып, кийин орус жарандыгын алган. Молдованын бийлиги 2024-жылы Шорго ага чейинки шайлоолордогу добуш сатып алуу боюнча да кине койгон, ал өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

Жарандык активист Адил Турдукулов буларга токтолду.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

“Мени тынчсыздатканы алар ачык каржылык булактары аркылуу эмес, көмүскө схемалар менен каржылоо болуп жатканы бүдөмүк ойлорду пайда кылууда. Анткени Илан Шордун жасаган иштери бүдөмүк схемада. Ал чагымчыл аракеттерди көздөгөнүн буга чейин биз Молдованын мисалында көрүп келгенбиз. Азыр Кыргызстанда да кулачын жайып жатат. Ошол эле “Евразия”, криптовалюта сыяктуу. Экинчи жагынан ошол телеканал аркылуу алар жүргүзгөн согушту пропагандалоо. Бул биздин улуттук кызыкчылыгыбызга таптакыр дал келбейт деген ойдомун”.

Башта айтып өткөндөй, аталган телеканалга мурда Орусияга таандык медиада иштеп кеткен бир катар кызматкерлер өтүп, башка маалымат каражаттарынан да журналисттер тартылганы белгилүү болду. УТРК, ЭлТР сыяктуу жергиликтүү телеканалдардан дагы бир нече журналисттер жумушка алынган.

“Номад ТВ” журналисттерди Кыргызстандын ичинен тартканы менен аларды окутуп-машыктырууну Орусиядан чакырылган журналисттер аркылуу жүргүзүүдө.

Ошентип, телеканал Кыргызстанда иш баштаган Орусиянын башка долбоорлору менен туташ пайда болду.

"Евразия" уюму Орусиядагы автономдук бейөкмөт уюм (автономная некоммерческая организация) катары жарыяланган, 2024-жылы негизделген. Анын сайтында жазылгандай, мекеме салттуу баалуулуктарды колдогон долбоорлорду ишке ашырары көрсөтүлгөн. Анын ичинде маданият, билим берүү, медицина, жаштарды окутуу, медиа тармактары аталган. Журналисттерге жана блогерлерге гранттарды берүү менен да алектенет.

“Евразия” уюму 2024-жылы Бишкекте кеңсесин ачып, журналистика жана башка багыттарда окутууларын баштаган. Ошол эле жылы Кыргызстандын мектептерине жүздөй автобус алып берген.

Уюм мындан сырткары Бишкекте курулуп жаткан “Азаттык арена” стадионунун жанына “Евразия” парк салып, ишке берди. Фонд ошондой эле Кыргызстанда социалдык дүкөндөрдү ачканы маалымдалды.

23-ноябрда Кыргызстанда расмий ачылышы болгон борбор өлкө аймактарында да ачылууда. Борбордун Бишкектеги кеңсеси сентябрдан бери иштеп жатат.

Буга чейин "Азаттыкка" орус тили жана маданияты борборлору үчүн аймактарда тиешелүү жетекчилер имарат таап берип жатканы белгилүү болгон.

Медианы диверсификациялоо аракетиби?

Кыргызстандын аймагында Орусиянын “Биринчи канал” (ОРТ), “Россия 24”, РТР, “Культура”, “Звезда” сыяктуу ондогон телеканалдары тартат. Алар кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери эле Ала-Тоодо Кремлдин пропагандасын туруктуу таратып келатат.

Кыргызстан Москва түзгөн Евразия экономикалык биримдигине кошулардан бир жыл мурун – 2014-жылы Бишкекте Орусиянын Sputnik маалымат агенттигинин кыргыз редакциясы иш алып бара баштаган.

Мындан сырткары Орусиянын “Аргументы и факты”, “Российская газета”, "Московский комсомолец" жана “Комсомольская правда” гезиттери да Кыргызстанда онлайн жана гезит түрүндө жайылып турат.

Кабелдик кызматтардан ошол эле RT сыяктуу телеканалдарды көрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, интернеттен “РИА-Новости”, ТАСС, Интерфакс, Regnum сыяктуу маалымат агенттиктерин окууга болот.

Кыргызстандагы көз карандысыз “ПолитКлиника” басылмасы 2023-жылы социалдык түйүндөрдөгү ондогон баракчалар Орусиянын пропагандасын жүргүзүп жатканын аныктаган иликтөө жарыялаган. Медианын дата-журналисттери Фейсбуктагы “Салам, Кыргызстан”, “Тентек кыз”, “Две точки зрения” баракчаларынын жана Телеграмдагы “Полит Ломбард” каналынын контентине анализ жүргүзүп, алар Орусиянын Кыргызстандагы жана жалпы эле Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө багытталганын такташкан.

Орусия менен Кытайдын пропагандасын жүргүзгөн телеграм каналдардагы башкы темалар. "ПолитКлиника" аныктаган материалдар.

Кийин “Азаттык” да аны улаган иликтөө жүргүзүп, “Салам, Кыргызстан”, “Полит Ломбард”, “Дипломатия”, “САЕАС ФОКУС”, “На Востоке не все как кажется”, “Солнце встает на Востоке”, “Логистан”, “Турецкий Гамбит” жана “Ачуу чындык” Телеграм каналдары кошумча Кытайдын да пропагандасын жүргүзөрүнө күбө болгон. Кытай Кыргызстандын медиаларына ар кандай формада каржылык колдоо көрсөтүп, телестудия, журнал жана гезиттерди чыгарып жатканы да белгилүү болгон.

Мындан сырткары “МедиаХаб” медиасынын журналисттери интернет жана социалдык тармактардагы орус пропагандасынын таасири жөнүндө иликтөөсүндө мындай көрүнүш Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнө мүнөздүү экенин аныктаган. Алар жогорудагыдай баракча-каналдар Орусиянын пропагандасына шайкеш постторду жарыялап, Батышты сындай турганын көрүшкөн. Фейк-баракчалар ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишип, мамлекеттик тилдерди өнүктүрүүгө каршы чыгып, жергиликтүү саясатчыларды каралоо кампаниясын жүргүзүшөрү да белгилүү болгон.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG