Кино өнөрүнө өзгөчө стили, көз карашы менен кирип, кайталангыс тасмаларды жаратууга жетишкен Динара Асанованын көзү тирүү болгондо быйыл 82 жашка чыкмак.
Кыска өмүрүндө, он жылдан ашпаган чыгармачылык жолунда кино искусствосунун нукура үлгүлөрүн калтырып кеткен чыгаан кинорежиссёрдун чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз.
Динара Асанованын кинодогу чыйыры өткөн кылымдын 60-жылдары башталган. Бул жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында реквизитор, режиссёрдун жардамчысы, киномонтаждоочу болуп иштеп, айрым фильмдердин эпизоддорунда роль жаратууга да жетишкен.
Ушул эле маалда ал Москвадагы Бүткүл союздук театралдык институтуна (ВГИК) үчүнчү жолку аракетинен кийин өтүп, окуй баштайт.
Ал 1966-жылы "Ар кимдин өз жолу бар" фильминде башкы каармандын образын аткаргандан кийин калган чыгармачыл жолун кинорежиссер катары улантууну чечкен.
1968-жылы Москвадагы Бүткүл союздук театралдык институтту бүткөндөн кийин мекенине кайтып келген. Бирок мында чыгармачыл изденүүгө шарт түзө албай, Ленинградга сапар тартып "Ленфильм" киностудиясына ишке орношот. Ушул киностудияда ал бир топ фильм тартып, бийик чыгармачыл дараметин көрсөтө алган.
"Анын мыкты тасма тартарына көбү ишенген эмес"
Коомдук ишмер, "Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова Динара Асанованын көзү өткөндөн кийин апасы Марзия Камаловага көп ирет жолугуп, режиссердун чыгармачылыгын иликтеп, ал жөнүндө "Динара Асанова жана анын фильмдери" деген көлөмдүү макала жазган.
"Чындыгында Динара эже кыргыз аялдарынын ичинен чыккан күчтүү кинорежиссерлордун бири болгон. Мен анын бардык фильмдерин көрүп чыккам, эмгектери мага аябай таасир эткен. Ал тууралуу макала жазууда мен анын апасы Марзия апа менен көп жолугушуп, бир топ маалымат алгам. Бул учурда Марзия апа 70 жашта эле. Ал көп жылдар “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген. Анын айтуусуна караганда, Динара эже ВГИКке алгач тапшырганда өтпөй калат. Анан “Кыргызфильмге” келип бир жылча иштеп, ал жерден колдоо кат жаздырып, кайрадан тапшырып, анан өткөн экен. Аны бүткөндөн кийин кайра “Кыргызфильмге” келип орношоюн дегенде аны бул жакта “кыз бала экен, кыз баланын колунан эмне келмек эле” дешип, кабыл албай коюшкан экен. Марзия апа ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, “жардам бериңиз” деп кайрылат. Бирок Кондучалова да “мындан башка да жумуш көп” деп көңүл бурбай коет. Анан Динара эже Москвага кетип, “Мосфильмге” барат. Бирок ал жакта да жолу болбойт. Ушундан кийин максатынан кайтпаган талант Ленинградга барып, “Ленфильмде” режиссердун жардамчысы болуп жөнөкөй жумуштарда иштейт. Анан бир күнү ал жерге жаңы директор дайындалганда ага кирип кино тартарын айтып, мүмкүнчүлүк сурайт. Анын макулдугун алып он жылдан бери сценарийи чаң басып жаткан “Тоңкулдактын башы оорубайт” тасмасын тартууга киришет. Бирок кашайып сценарийдин автору Юрий Клепиков жакшы тасма тартарына ишенбей, уруксат бербей коёт. Ага Валентин Распутиндин сценарийинин негизинде тарткан “Рудольфио” аттуу даректүү тасмасын (дипломдук ишин) көрсөткөндө гана жактырып, уруксат берет. Көп өтпөй “Тоңкулдактын башы оорубайт” фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып атак алып келет, Москвада аншлаг менен көрүлө баштайт. Ушундан кийин эжеге “Ленфильм” ишенип артып бир топ тасмаларды удаа жаратат. Чынында кыргыз кызынын “Ленфильмде” калып, ошондой мыкты фильмдерди жаратышы – кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Бирок Динара Асанованы кыргыздар ал дүйнөгө белгилүү болуп кеткенден кийин гана чакыра башташты”.
"Ленинградга кетпесе таланты мынчалык ачылбайт эле"
Мурдатан коомчулукта “Динараны башка режиссерлор кодулай бергени үчүн Ленинградга кетип калган” деген кеп-сөз болуп келе жатканын улуу муундагылар айтып жүрөт.
Бирок айрым белгилүү киноишмерлери мындай кептерди четке кагат.
"Кыргызфильм” киностудиясынын алгачкы киномонтажеру, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Асанованын замандашы Ракия Шершенова "Азаттыкка" курган маегинде мындай дейт:
“Асанованы мекенинде иштетпей коюшту” деген кептер туура эмес. Анын “Ленфильмде” иштеп калуусунун тарыхы мындай. Ал кезде “Кыргызфильм” киностудиясында штат деген болгон. Биздин студия союз боюнча үчүнчү категорияда болчу. Анан беш-алты такшалган режиссерлор кезектешип, беш жылда бир кино тартат. Мындайда кезек жетиши кыйын эле. Бир күнү Динара мага келди “эмне кылам” деп. Мен “Кыргыз ССР мамлекеттик кинонун жетекчиси Шаршен Усубалиевге барчы, көмөк кылар” дедим. Анткени Дианаранын атасы Колдош Асанов согушка барып, Ленинградды коргоодо каза болгон экен. Анан Усубалиев Ленинграддын военкоматына “Динаранын атасы ушундайча каза болгон, кызын жумушка орноштурууга жардам бергиле” деп кат жазып бериптир. Муну Усубалиев өзү айтып берген. Ушинтип Динара “Ленфильмде” иштеп калды, буга өзү бактылуу болду. Кийин канча жакшы тасмаларды тартты. Тилекке каршы, жаш кетип калды”.
Буга чейин белгилүү кинорежиссер, маркум Геннадий Базаров дагы “Азаттыкка” курган соңку маегинде Асанованын Ленинградга кетип калганы боюнча ушундай өңүттө төмөнкүдөй пикирин билдирген.
“Динарага Кыргызстанда жумуш бербей коюшкандыктан таарынып кетип калды деп көп ушак кылышат. Бул туура эмес. Ал ленинграддык сүрөтчүгө турмушка чыгып, багын ошол жактан таап кетип калган. Динара Асанова Ленинградга кетпесе, таланты мынчалык ачылмак эмес. Кийин ага жолукканымда “сен бактылуу экенсиң, ушундай абройлуу студияда иштеп калдың” десем, ал “кел бизге” дечү. А мен кыргыз тоолору жок жашай албасымды айтчумун. Эми мекенинен кетип башка жерде иштеп калган киноишмерлери көп эле да. Маселен, Кыргыз ССРинин эл артисти кинорежиссер, драматург Альгимантас Видугирис деле Литвадан келип биздин өлкөдө калып калды. Ушул жерде иштеп, кыргыз кызына үйлөнүп, көзү өткөнчө эмгегин бизге арнады”.
"Өспүрүмдөр темасына терең кайрылган"
Динара Асанова өмүрүнүн кыскалыгын сезгендей, кино дүйнөсүндө жан үрөп иштеген экен. Ал жети тасма жаратууга үлгүрүптүр. Анын “Боз балдар” (Пацаны), “Рудольфио”, “Аялым чаным кетти”, “Тоңкулдактын башы оорубайт” өңдүү тасмалары тарыхта советтик кинонун шедеври катары калганын киноишмерлери баалап жүрүшөт.
Динара Асанованын тарткан фильмдеринин баары өсүп келаткан жаштарга, алар жашоодо кабылган социалдык карама-каршылыктарга арналат. Ал турмуштун ачуусу менен таттуусун өз фильмдеринде курч чагылдырган.
Киноишмерлеринин айтымында Асанова тасмаларында дайыма чындыкты көргөзүүгө аракет кылчу. Өзү дагы аябай чынчыл адам болгон дешет. Бирок советтик системанын цензурасы күч болгондуктан, режиссердун тасмаларынан айрым эпизоддор жогору жакка жакпай, кыскартылып калган учурлар болуптур.
Кинорежиссер Темир Бирназаров Асанованын айрыкча өспүрүмдөр темасын мыкты ачып бергенин белгиледи:
“Динара Асанованын советтик кинодо өзгөчө өспүрүмдөрдүн темасын абдан терең бере алганында. Өспүрүм балдардын ички дүйнөсүн, алардын инсан катары калыптануу жолун, визуалдык жактан абдан элестүү кылып бере алчу. Динара Асанованын фильмдеринде, актерлору чыныгы жашоодогудай, эч кандай кооздугу жок, сезимдерин өтө ишенимдүү кылдат берет эле. Асанованын негизи эле стилистикасы даректүү фильмдерге жакын деп ойлойм. Өзгөчө көркөмдүк жок, чыныгы жашоодогудай көрсөтүлөт”.
"Кино - менин жашоом"
Динара Асанованын “Боз балдар” (Пацаны) тасмасына өзүнүн көзү өткөндөн кийин, 1985-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Дегеле бул таланттын эмгектери өзүнүн татыктуу баасын анын көзү өткөндөн кийин гана ала баштаган.
Кинорежиссер өмүрүнүн акыркы жылдарында “Баарыңарды жакшы көрөм” деген китеп жазган. Анда “Кино - менин жашоом. Бул зор искусство жашоо-турмушумдун бардык тарабын ары сезимтал, ары эмоционалдуу таасирлерге бөлөп, мени ыйлатып да, кайгыртып да, кубантып да келет”, - деп айткан жери бар.
Таланттуу кинорежиссердун өмүр-чыгармачылыгына арналган көргөзмө Бишкектеги Михаил Фрунзенин үй-музейинде 12-ноябрда ачылды.
"Динара Асанова. Убакытка жана мейкиндикке сыйбас кино" деп аталган көргөзмөнүн уюштуруучулардын бири Нуркамал Мамбетбаева маданий саамалык тууралуу буларды айтты:
“Көргөзмөнүн ачылышына улуу-кичүү муундун өкүлдөрүнөн бир катар кино сүйүүчүлөрү келишти, Кыргызстандагы чет өлкөнүн элчиликтеринен өкүлдөр келди. Кино ишмеринин жакындарынан бир тууган эжеси Клара Асанова эжебиз катышты. Динара эже джаз музыкасын жакшы көрчү экен. Мына ошондуктан саамалыкта Темирлан Акжол аттуу таланттуу музыкант бала джаз музыкасын ойноп берди. Анан Динара Асанованын чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Мындан сырткары көргөзмөгө “Кыргызфильм” киностудиясынан бир канча буюм-тайымдарды алып келип койдук. Бул менен советтик кинонун доорун чагылдыргыбыз келди. Көргөзмө ушул айдын 22сине чейин уланат”.
Кыска өмүрүндө кино өнөрүндө өчпөс из калтырып кеткен Динара Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзеде туулган.
Анын “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Боз балдар”, “Сүйүктүүм жана кымбатым”, “Жан дүйнөнүн ачкычы” көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган.
Динара Асанованын туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет. Динара Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманскиде лыжа тебүүчүлөрдүн мелдешин тартып жатып, көз жумган. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
Шерине