Бириккен Улуттар уюму Аялдардын тилектештигинин эл аралык күнүндө жасаган билдирүүсүндө Ооганстандагы талибдердин кыз-келиндерге каршы жүргүзгөн саясатын дүйнөдөгү эң репрессивдүү деп атап, дагы бир жолу айыптады.
Анын алдында уюмдун докладында талибдердин андай мамилеси адамзатка каршы кылмыш деп каралышы мүмкүн экени белгиленген. 2021-жылы бийликке кайтып келген "Талибан" кыймылы убадаларына турбай, кыз-келиндердин билим алуусуна, иштөөсүнө тыюу салып, бир топ укуктарын бузган чектөөлөрдү киргизди.
22 жаштагы Хафиза Кабул университетинин юридикалык факультетинде биринчи курста окуп жатканда талибдер кыздардын жогорку билим алуусуна тыюу салган.
"Кыялдарыңа балта чабышып, сени аялзат өкүлү болгонуң үчүн эле жазалашканда, абдан кеийштүү абалда калат экенсиң. Ислам аялдардын билим алуусуна тыюу салбайт, пайгамбарыбыздын аялы ишкер айым болчу, ал эми биздин окуп, билим алуубузга тыюу салышууда".
Эми Хафиза айына 5 миң афгани же 56 доллар таап, кийим тигүүчү цехте иштейт. Аны менен эмгектенгендердин көбү мурда мамлекеттик кызматкерлер болчу.
"Биз туткунга түшкөндөй жашап жатабыз, өзүбүздү капаска түшкөндөй сезебиз. Балдар же кыздар болобу, баарыбызга кыйын болууда. Биздин шаар көйгөйлөрдүн түйүнүнө айланды. Бул жерде жашоо адам чыдагыс болуп калды".
“Талибан” кыймылы бийликке кайтып келгенден бери оогандык кыз-келиндер иштөө же билим алуу өндүү эң негизги укуктары үчүн күрөшүүгө мажбур.
Талибдердин тушунда Ооганстан аялдар үчүн эң репрессивдүү өлкөгө айланганы БУУнун 8-мартта жарык көргөн билдирүүсүндө айтылды.
“Талибан” өкмөтү кыздардын 6-класстан кийин билим алуусуна, университеттерде окуусуна тыюу салып, аялдар коомдук жайларга ээн-эркин бара албай калды, алар эркек тууганынын коштоосунда гана жүрө алышат. Алар жергиликтүү же эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөө укугунан да ажырады, башын, денесин жаап-жашырган кийим кийүүгө милдеттүү.
Мындай чектөөлөрдү эл аралык коомчулук катуу айыптап келет. Бирок "Талибан" өз саясатынан баш тартчудай эмес.
БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси, Баш катчынын атайын өкүлү Роза Отунбаева талибдер миллиондогон аялды үйгө камап, алардын билим алуусуна тыюу салганын, кыз-келиндер кабылган репрессиянын кесепети оор болорун, Ооганстан ансыз деле гуманитардык, экономикалык каатчылыкты баштан кечирип жатканын белгиледи. Ошондой эле мындай мамиледен улам өлкөгө берилчү финансылык жардам азайышы мүмкүн деп эскертти:
"Ооганстан ондогон жылдарга созулган согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүү үчүн адамдык капиталга муктаж болуп турганда, өлкөдөгү потенциалдуу дарыгерлердин, илимпоздордун, журналисттердин жана саясатчылардын жарымы үйүндө камалып, кыялдары талкаланып, таланттары ишке ашпай калды. "Талибандын" тушундагы Ооганстан аялдардын укуктарына клегенде дүйнөдөгү эң репрессивдүү өлкө бойдон калууда".
Ага чейин, 6-мартта Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин Женевадагы жыйынында сунуш кылынган докладда талибдердин кыз-келиндерге кылган мамилеси адамзатка каршы кылмыш деп каралышы мүмкүн экени белгиленди.
Документке былтыркы июлдан декабрга чейинки мөөнөттө чогултулган маалымат, фактылар камтылган. БУУнун атайын баяндамачысы Ричард Беннетт жетектеген команда “Талибандын” кыз-келиндердин укуктарын четке каккан саясаты аялзатты коомдук турмуштан жок кылууну көздөйт деген жыйынтыкка келди. Баяндамада айтылгандай, мындай мамилени адамды жынысына карап куугунтуктоого байланышкан эл аралык кылмышка теңесе болот жана бул үчүн бийлик жоопко тартылышы ыктымал.
Апта башында Amnesty International укук коргоочу эл аралык уюм оогандык бир катар укук коргоочулар, илимпоздор, активисттер мыйзамсыз камалганын, аларга адвокаттары же жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин билдирген.