Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:01

Аялдардын 90% үй-бүлөдөгү зомбулукка тушугат


Кыргызстанда өткөн жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 109 киши соттолгон. Алардын 96сы эркек жана 13ү аялдар.

Жогорку Соттун аппарат жетекчисинин орун басары Гүлбара Калиева "Азаттыктагы" маегинде үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепетинен 90 пайыз аялзаты жабыркай тургандыгын, зомбулукка тушуккан аялдар үй-бүлөсүн эптеп сактап калуу максатында укуктарынын тебеленишине жол берип жаткандыгын билдирди.

Гүлбара Калиева: Биздин ошол статистика боюнча айта турган болсок, үй-бүлө чатактарында 90 пайыз аялдар жабыркап жатат. 2010-жылы жабыркаган адамдарды каттоого алабыз деп жаңы формаларды түзгөнбүз. Жогорку Соттун сот департаменти, Ички иштер министрлиги жана статистикалык комитет менен макулдашылган жаңы формалар чыккан.

"Азаттык:" Азыр зомбулуктун кайсы түрү күч болууда?

Гүлбара Калиева: Зомбулук дегенде административдик, кылмыш жоопкерчилиги бар. Азыркы кылмыш жаза кодексинде дагы кандай жаракат алганы же сексуалдык зомбулук болобу, баары каралган. Бирок мунун баары жетиштүү болбой жатат.

"Азаттык:" Былтыр Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 109 киши соттолгон экен. Зомбулукка жол берген себептер кайсылар болуп жатат? Үйдөгү чыр-чатак жокчулуктун айынан эле чыгат деп коюшат. Бирок азыр бардар кишилердин деле зайыптары кризистик борборлорго кайрылганы айтылып жатат го?

Гүлбара Калиева: Аялзаты назик, алсыз, укуктары жок, эч жерде иштебесе күйөөсүнө жооп бере албай калышат. Ошондон эле эркектер пайдаланып жатат. Эми бул адамдын психологиясынан да. Мисалы колдо бар эркек деле бир күчүн көргөзгүсү келет. Аялдар болсо кээде балдары үчүн эле зомбулукка чыдай берет. Көпчүлүк эркектер мас абалында аялын уруп коюп, эртеси соолукканда кайра жалынып кечирим сурашат.

Кээ бир аялдар колунда бар болсо дагы үй-бүлөнү сактап калуу үчүн, балдары атасыз калбасын, балдардын атасы соттолуп кетпесин деп органдарга кайрылбай коюшат. “Жараштык” деп арыздарын алып алышат. Азыр кризистик борборлор бар. Бирок алар айылдарда жок да. Ошондуктан айылдарда аялдар укуктарын өздөрү коргош керек. Аксакалдар соту, молдолор, айыл башчылары, жалпы коом чогуу күрөшсө жыйынтык болмок.

"Азаттык:" Мына бүгүн Бишкекте аялдар укугу туурасында жыйын өттү. Анда аялдарга карата маилени өзгөртүү, деги эле мындай абалдан чыгунун кандай жолдору сунушталды?

Гүлбара Калиева: Сунуштар айтылды. Коом көздү жумбаш керек. Зомбулук кайсы жерде болсо айтылыш керек, кошунасы болсо да айыл өкмөткө чейин ушундай үй-бүлө бар деп, аялды, балдарды коргошу керек. Дагы бир жазасын күчөтүү керек деген сунуштар айтылды.

Ооба, бирок аны кандай күчөтүш керек? Бир эле айып пул жетпейт да. Бирок айып пулдун өлчөмүн чоңойтуп койсо деле кичине тартипке келтирет эле. Анан коомдук иштер бар. Ошондой нерселерди да пайдаланыш керек. Балким бул учурда эркектер коркуп, тартынып калат эле.

"Азаттык:" Үй-бүлөдө аялына көрсөткөн кордугу үчүн быйыл канча киши соттолду?

Гүлбара Калиева: Кылмыш жана жаза кодексинде андай өзүнчө берене жок. Административдик жоопкерчиликте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 66-берене бар. Аны биз ошол статистикадан эми чыгарып, азыр мисалы оор жаракат алгандар боюнча 8 адам соттолду, жеңил жарат боюнча 33 өкүм чыккан, 38 иш кыскартылган. Жарымынан көбүрөөк иш кыскартылды.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG