Кара-Көл шаарына караштуу Кетмен-Төбө айылынын тургундары төрт жылдан бери аягына чыкпай жаткан таза суунун курулушун бүтүрүүнү талап кылып келет. Эки миңге чукул калк жашаган айылдын эли аргасыздан тазаланбаган булактын суусун айылга тартып алышкан. Эски суу түтүктөрүн алып кетип, ордуна жаңысын коюп берем деген курулуш компаниясынан дайын жок.
Нарын районунун Жер-Көчкү айылына тартылган таза суу түтүктөрү бир жылга жетпей керектен чыкты. Азыр жеркөчкүлүктөр кайра эле арыктагы суунун көзүн карап калды. Райондук бийлик бул маселени чечүү күз айларына чейин созуларын айтып жатат.
Облус борбору Баткен шаарынын жашоочулары таза суу менен камсыздалган калктуу конуштардын катарында турат. Бирок, шаардын борборуна жакын эле турган конуштарда таза сууну сатып алып, атайын автоуналаар менен ташып келип ичүү кадимки көрүнүшкө айланган. 30 миңдей калкы бар шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн акыркы 15 жылда 100 млн. сомдон ашык каражат сарпталды.
Ош шаарында жаан жааган сайын ичүүчү суу токтойт. Буга ачык асман алдындагы таза суу кампасынын абалы себеп болууда. Адистер маселени жабык кампа куруу аркылуу гана чечүү мүмкүн экенин айтып келет. Бирок эбегейсиз көп каражатты талап кылган бул курулуш качан колго алынары азырынча белгисиз.
Таза суу маселеси жайкысын борбор калаага жакын жайгашкан айылдарда да негизги көйгөйгө айланган. Маселен, азыркы тапта Сокулук районунун Сары-Өзөн айылында жүздөгөн үй-бүлө таза сууну бир нече чакырымдан ташып келип ичип жатат. Ал эми бийлик өкүлдөрү суунун тартыштыгына элдин өзүн күнөөлөп келет.
Кыргызстандын калкын таза суу менен толук жабдууга эмне тоскоолдук кылып жатат жана бул көйгөй качан жолго коюлат? Бул суроого Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу департаментинин директору Аскар Токтошев жооп берет.