Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

"Аялзат": Түркиядан акча да, азап да тапкандар


Түркиядагы мигранттар
Түркиядагы мигранттар

Кыргыз кыз-келиндер Түркияда оор жумуштарды жасап, кордолгон учурлары да жок эмес.

Түркиядагы кыргызстандык кыз-келиндердин басымдуусу тейлөө кызматтарында жана туристтик гид катары да эмгектенишет. Ошондой эле жеңил акча табууга алданып барып, сексуалдык кулчулукка туш болгон учурлар бар.

Түркияга сапар фирмадан башталат

Түркияга кыз-келиндерди жумушка чакырган жарнамаларды Кыргызстанда сейрек кездештиресиң. Анда айына 300 доллардан жогорку маяна убадаланып, бараар менен жумушка орноштурарын айтышат. Бирок жарнамалардын көпчүлүгүндө байланыш телефондору жазыла бербейт, ал эми жазылган учурда да байланышуу жеңил иш эмес. Алар көбүнчө бетме-бет жолугуп, жумуш жана шарттар тууралуу сүйлөшүүнү каалашат.

Ошентсе да Түркияга жумушка чакырып жаткан жергиликтүү фирмалардын бирине байланышып, өзүбүздү жумуш издөөчү адам катары таанышып баарлаштык.

Жарнама
Жарнама

- Болот, Түркияга барсаңар болот, азыр персоналды чогултуп жатабыз, 250 киши керек.

- Эмне жумуштарды сунуштайсыздар?

- Мейманканада ресепшн, официант, тазалык жагын караган жумушчулар керек. Жалпысынан алты ай иштейсиңер, ноябрда кайра Кыргызстанга келесиңер. Жатакана, тамак-ашы бекер берилет. Бардыгына отель жооптуу болот.

- Эмне документтер керек?

- Азыр каттоо жүрүп жатат, ага сиздин паспорт жана сүрөт керек. Ошондой эле каттоо үчүн 500 сом керек.

- Түрк тилин билбейм да, кандай кылам?

- Түрк тили кереги деле жок, бирок билип алсаңар өзүңөргө эле жакшы. Тилди билбегендер тазалык, жууп тазалоо жаатында иштесеңер болот.

Кыргызстандын миграция кызматы болгону 14 фирмага гана Түркияга жумушка орноштурууга лицензия берген. Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Алмазбек Асанбаев расмий лицензия алган фирмаларга бир дагы арыз түшпөгөнүн, кептин бардыгы мыйзамсыз иштеп жаткан өкүлчүлүктөрдө болушу мүмкүндүгүн айтат.

Алмазбек Асанбаев
Алмазбек Асанбаев

- Бизден мыйзамдуу лицензия алып Түркияда жумуш берүү боюнча иштеп жаткан фирмалар ар дайым көзөмөлдө. Ал эми атайын комиссияга ИИМ, УКМК, ТИМ жана башка министрлик, ведомстволордун өкүлдөрү кирген. Комиссиянын чечими менен лицензиянын мөөнөтү да узартылып берилет. Бирок бүгүнкү күндө Түркияга өз тааныштары жана каналдары аркылуу кеткендери да бар. Себеби Түркияга визасыз режим болгондон кийин бардыгы ал жакка бара алышат.

Кыргызстанда Түркияга жумушка орноштургусу келген фирмалар ого эле көп. Дал ушундай көмүскө фирмалар аркылуу бөтөн өлкөгө барып алып, ара жолдо калган мекендештер жүздөп саналат жана алардын көпчүлүгү аялдар.

Же иш жок, же кетээрге акча жок...

Батма Карагулова алты жылдан бери Анталия шаарында иштейт. Ал азыр өзүнө тың, тилди билип, укугун калчап калган убагы. Маалында карды ач, көчөдө сокур тыйыны жок калган учурлары болгон. Эгерде жергиликтүү бир аял үйүнө ала кетпегенде көрөр күнү Анталиянын көчөсүндө түгөнмөк беле...

- Бул жерде үй-тиричилигинде кызмат көрсөтчү кыздар чогулган жерди “офис” деп коет. Баарыбыз ошол офисте болобуз. Ким оокат кылдыргысы келсе, бизди келип тандап кетет. Кир жууйбуз, үй жыйнайбыз, картаңдарды карайбыз. Айтор үй оокатынын баарын кылабыз. Мен жаңы келгенде же тил билбейм же жумуш жок. Кыргызстанга кетип калайын десем акчам жок. Бирөөлөрдүн телефону аркылуу дагы бир таанышыма чыгып, Анталиядан бир түрк эже келип мени үйүнө алып кетти. Ал мени үч күн бакты, анан колума өзүнүн телефонун берип, башка офиске жумушка киргизди. Ошондон тартып жумушум акырындан жыла баштады. Эгерде ал эже болбогондо балким ачка эле өлүп калмакмын.

Батма Карагулова алты жылдан бери ар кандай абалга калган кыргыз кыздарын көрдү. Кээ бир кыздар билип туруп сойкулук жолу менен акча табууга барса, айрымдары алданып калып сексуалдык кулчулукка кабылат. Андай учурда качып, кутулгандар саналуу гана болбосо, калгандары ур-токмокко кабыларын айтат. Өкүнүчтүүсү кыргыз кыздарын алдамчылык жолго түрткөндөрдүн артында кыргыздар өздөрү эле турат.

- Өзүбүздүн эле апабыздай болгон кыргыз аялдар кыздарды Түркияга алдап алып барышып, соодалап, сатышат. Адал иштейбиз деп барган байкуш кыздар, зордуктоого туш болушуп, алардын укугун мындай учурда эч ким коргобойт. Бул учурда же сексуалдык кулчулукка макул болосуң же өлгөнчө сабаласың. Андыктан ким менен Түркияга баратканыңды, документтерди жакшылап текшерип барбасаң жөн эле кор болуп келесиң.

21-декабрда Анталияда Малика аттуу кыргыз кызы катуу сабалган.

Түркияда ооруканада жаткан Малика
Түркияда ооруканада жаткан Малика

Түркияга келгенине бир ай боло элек кыргызстандык кыз комада жатып, 4-февралда гана өзүнө келди. Жабыркаган Маликаны кароого келген тууганы Рахаттын айтуусунда кыздын саламаттыгында азырынча олуттуу жылыш болбой жатат.

- Маликанын ден соолугу боюнча доктурлар бир туруп сүйүнүчтүү, бир туруп өкүнүчтүү да кабарды айтышууда. Азыркыга чейин бир жак тарабы кыймылга келбей жатат. Сүйлөшө турган абалга келе элек. Көзү тунарып, сүйлөйүн дегенде оозунан көбүк чыгып кетчү, азыр ошонусу басылганына сүйүнүп жатабыз.

Кыргыз кызы Анталияда сабалган күндөн тартып жергиликтүү полиция ыкчам издөөгө киришип, окуядан көп өтпөй эки түрк жараны кармалып, бири күнөөнү мойнуна алды. Алдын ала тергөө иштериндеги маалыматтарга караганда, Кыргызстандан келген Маликаны түрк жараны башка адамга сатып жиберген. Учурда тергөө иштери аяктай элек.

Тилегибиз - жакшы үй

Биздин жарандарга Түркияда расмий иштөө үчүн виза алуу оор болгондуктан, кыз-келиндердин басымдуусу барган жеринен чыкпай иштеп, акча табышат. Ошентсе да кары-картаңдарды же балдарды кароого келгенде кыргыз кыздарынын эмгегине суроо-талап жогору экенин миграция жаатында түркиялык эксперт Мурат Шахин айтууда.

- Түрк калкы бара-бара картайып баратат. Колунда бар иштерман жаштардын ата-энелерин кароого убактылары жок, андыктан чет өлкөлүк мигранттарды иштетишет. Мисалы, каралашканга чоң шаарларда доктур, мугалим, инженер болуп иштегендердин убактысы да болбойт. Бир түрк оорулуу кары адам менен бир үйдө жатып аны карабайт, караса да көп акча сурайт. Ал эми кыргызстандык кыз-келиндер аз акчага каралашып, үйдүн оокатын да жасайт.

Үй оокаттарынан мурда мигранттарды кандай үй-бүлөгө кызмат кылууга бараткандыгы түйшөлтөт. Анткени кыздардын айрым үйлөрдө ыдык көргөн учурлары да сейрек эмес көрүнүш. Ошондуктан жакшы жана тынч үй-бүлөгө кызмат кылуу бардык мигранттардын кыялы экенин Түркиядагы дагы бир мекендешибиз Клара Ажыбаева айтат.

Түркия жана Кыргызстан желеги
Түркия жана Кыргызстан желеги

Бирок иштин көзүн тапкан кыз-келиндер өз өлкөсүнө тынымсыз акча которуп, жашоо шартын оңдоп алышууда. Кыздарга жумуш таап берген Түркиядагы ортомчу Асыл айымдын айтуусунда, кыргызстандык кыздар 1000 долларга чейин айлык акы алган учурлар бар.

- Кыздарыбыз кээде жакшы үй-бүлөгө туш келишет, кээде жаман үйгө барып калат. Келген үй жакпай калса, кыздар өз каалоосу менен баш тартууга акысы бар. Айлыктары жаман эмес, 1700 лирадан 3 миңге чейин алгандар бар. Кээ бир үй-бүлөлөр кыздарын өз баласындай кылып багып алышат.

Асыл айымды өкүндүргөнү - кийинки учурда Кыргызстандан келген жаш муундун өкүлдөрү жалкоо болуп, жеңил жол менен акча табууну адатка айландырып баратышат. Бул үчүн бөтөн үй-бүлөнү бузуп, үй-жайлуу эркектер менен баш кошуп алууну каалагандардын саны арбыды. Мындай аракеттердин айынан депортацияга туш болгон кыздар да бар дейт ал.

Бүгүнкү күндө Түркиядагы кыргыз мигранттары өз өлкөсүнө канча каражат которуп жаткандыгы тууралуу болжолдуу да сандар жок.

2016-жылдын маалыматына ылайык, Түркиянын аэропортторунан 82 миңдей кыргызстандык кирген. Алардын басымдуу бөлүгүн иштегени барган мигранттар түзөт. Ал эми Кыргызстандын миграция кызматы 14 миң жаран Түркияда ар тармакта иштеп жүргөнүн билдиришти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG