Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Мигранттар: кемигинде да, керкисинде да бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияга 2018-жылдын алты айында 19 миллионго жакын чет өлкөлүк турист келип, бул тармак 11 миллиард доллар киреше тапкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу отуз пайызга көп дегенди билдирет.

Былтыр Түркиянын Анталия аймагында беш жылдыздуу 403 мейманкана расмий каттоодон өткөн. Ал эми Кыргызстандан келген эмгек мигранттары дал ушул Анталиянын мейманканаларында ар түрдүү жумуштарды аткарышат. Атайын агенттиктер аркылуу иш тапкан айрым мекендештер эмгек келишиминдеги макулдашуулар аткарылбай, укуктары бузулуп жатканын айтып келишет.

22 жаштагы Кыяз (аты өзгөртүлдү - ред.) апрель айында Бишкектеги жумуш менен камсыз кылган агенттиктердин бири менен келишим түзүп, Анталияга ишке келген. Кыяз кол коюлган келишимдеги милдеттенмелер толук аткарылбай, мигранттар укуктарын коргой албай жүрүшкөнүн айтты.

- Кыргызстанда түзүлгөн келишимде күнүнө сегиз саат иштейбиз деп кол коюп келгенбиз. Бул жакка келгенде "10 саат иштейсиңер, ашыкча саат үчүн кошумча акча төлөнбөйт. Болгон нааразычылыкты агенттиктен өкүлдөр келгенде өздөрүнө айткыла" деп коюшту. Агенттиктен келгенде деле бардык көйгөйлөр чечилип кеткен жок. Өзүбүз чуу салып, шарттарыбызды коюп, сегиз саатка түшүргөнгө аракет кылып жатабыз.

Анталиядагы бир мейманканада Кыяз менен кошо жыйырмадан ашык кыргызстандык иштейт. Алар Бишкектеги “Фиеста” деп аталган агенттик аркылуу келишкен. Мейманканада иштеген кыргызстандыктардын талаптарын уккан агенттиктин директору Канат Чинботоев Анталия шаарына учуп келип, алардын маселелерин чечүүгө аракет кылып жүргөнүн айтты.

- Биз Анталиядагы башка агенттик менен келишим түзүп, анан Кыргызстандан жарандарды жиберебиз. Иштегени кетип жаткандардын толук документтерин жана визасын ошол түрк агенттик бүтүрөт. Анталияга келгенде да дал ошол биз сүйлөшкөн агенттик кыргызстандыктардын ишине көз салып турат. Бирок азыр баарыбыз өтө кыйын абалда турабыз. Анткени доллар кымбаттап кетип иштегени келгендердин эч кимисинин көңүлү жок, "кетебиз" дегендер көп болуп жатат.

“Фиеста” агенттигинин директору Канат Чинботоевдин айтымында, жайкы сезондо Түркиянын туристтик аймактарына иштегени келип, айлыгын ала албай калган же иш шартына канааттанбаган кыргызстандыктар чанда кездешет. Ошентсе да Канат Чинботоевди кыргыз жаштарынын жумушка жоопкерчилик менен мамиле кылбаганы өкүндүрөт.

- Көңүлү жок болуп калса эле биздин жарандар ичимдик ичип, көчөдө бараткандарга тийишип, мушташа кетет. Баары камерада көрүнүп турат, тана албайт. Нааразы болбой иштегендер деле бар. Кетип калып өкүнгөндөр да бар. Айтор, маселелер болсо түшүндүргөнгө аракет кылып жатабыз.

2017-жылы Түркиянын Анталия аймагында эле беш жылдыздуу 403 мейманкана катталган. Андан тышкары туристтерди тейлеген миңдеген чакан мейманканалар бар.

Жергиликтүү серепчилер акыркы жылдары туристтик сезондун кыска жана айлык акынын төмөн болгонунан улам мейманканаларда иштегендердин саны азайганын айтышат.

Себих Чайлак.
Себих Чайлак.

Анталияда катталган ASA Group эл аралык агенттиги Кыргызстандагы айрым фирмалар менен келишим түзүп, ортомчулук кызматын көрсөтөт. Агенттиктин жетекчиси Себих Чайлак Түркиядагы мейманканалар чет өлкөлүк мигранттарга муктаж экенине токтолду.

- Түркияда 12 айлык туристтик сезон алты айга түшкөндүктөн жергиликтүүлөр көбүнчө чет өлкөгө кетип же башка жумуштарды таап жатышат. Катар, Дубайга кеткен түрктөр көп. Алардын ордуна кыргыз, казак, украин улутундагы жумушчулар иштеп жатышат. Ал эми мейманканаларга чет өлкөлүк мигранттарды иштеткен кирешелүү. Эң башкысы - алты ай туруктуу иштеген кызматкерлер менен камсыз болушат, чет элдик мигранттар бир канча тил билишет. Өзгөчө кара жумушта же тейлөө кызматында иштеген чет өлкөлүктөр абдан керек.

Алты жылдан бери чет өлкөлүк мигранттар менен иштешкен Себих Чайлак жыл сайын Кыргызстанга өзү барып, иштейм дегендер менен бетме-бет сүйлөшүп, эмгек шарттарын түшүндүрүп келет. Бирок көп учурда өзгөчө жаш мигранттар менен иш алып баруу кыйын экенин белгиледи.

- Быйыл Кыргызстандан келген эмгек мигранттар менен көп түшүнбөстүктөр болду. Мейманкананын жетекчилеринин жоопкерчиликсиз мамилесине, шарттардын туура келбегенине жана мигранттардын тартипсиздигине күбө болуп отурабыз. Өзгөчө Кыргызстандан келген жигиттердин айынан көп маселе чыкты. Тил билбегендиктен да чыр-чатак ырбап, мейманканаларда нааразылык көп болду.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Миграция кызматында 75 жеке агенттик расмий каттоодон өткөн. Алардын дээрлик бардыгы жарандарды Түркияга ишке жөнөтүшөт. Ал эми Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктер ассоциациясында сексенден ашуун фирма катталган. Ассоциациянын жетекчиси Шерболот Обозов өз тажрыйбасы менен бөлүштү:

- Мигранттарга байланышкан көйгөйлөр жыл сайын кайталанып турат. Бирок жыл сайын агенттиктер аркылуу барып, иштеп келгендер да бар. Ал эми айрым тажрыйбалуу мигранттар мейманканаларды тандап, ишке киришкени менен шарттарын жактырбай улам маселе жарата беришет. Өздөрү менен кошо башкаларды да үндөп, жумушка кош көңүл мамиле жасашат.

2017-жылы 700 миңге жакын чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинде каттоодон өткөн. Алардын 20 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Бул сан жайкы туристтик сезондо 30 миңге жетет.

Туристтик сезондо келген кыргызстандыктар негизинен мейманканаларда, дүкөндөрдө жана тейлөө кызматтарында иштешет. Дээрлик бардык келишимдерде эмгек акы лира менен түзүлөт. Ал эми Түркиядагы минималдык айлык 1600 лирадан жогору болбойт. Ушул тапта доллар кымбаттагандыктан айлык акы орточо эсеп менен 270 долларды түзүп, эмгек мигранттарын түйшүккө салып турган чак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG