Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Тогуз-Торо: абакка жеткирген чатак


Тогуз-Торо районунун борбору. Буга чейинки акцияларда тартылган сүрөт.
Тогуз-Торо районунун борбору. Буга чейинки акцияларда тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Тогуз-Тородогу башаламандыкка байланыштуу кармалган 15 кишинин баш коргоо чарасын карады. Үч аялды “өлкөдөн чыкпоо” тил каты менен бошотуп, калган 12си Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.

Макмал кенинде чыккан чатактан кийинки жагдайга байланыштуу 17-апрелде Тогуз-Торонун тургундары Жалал-Абадда жана Бишкекте нааразылык акцияларына чыгышты. Бул жолу алар "башаламандыкка тиешеси бар" деп кармалган 15 кишини бошотууну, Макмал кенинде алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын курулушун токтотууну талап кылышты. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, премьер-министр Сапар Исаков бул боюнча позициясын билдирди.

"Уу ичип жашап жатабыз"

Атай айылдык кеңешинин төрагасы Уланбек Шериповдун айтымында, чогулгандар бийлик маселени бир тараптуу карап жатканына нааразы болушууда:

- Кармап кеткендердин арасында 13 эркек, үч аял бар экен. Аялдардын биринин эмчектеги эки айлык баласы бар. Баласы ызылдап, ыйлап жатат. Ошого бул жерге чогулган миңдей адам кармалгандарды Жалал-Абад облусунун борборунда эмес, ушул жерден эле суракка алып, коё беришин талап кылып жатат. Экинчиден, бийлик маселени бир тараптуу карап жатканына нааразы болуп, өткөндөгү башаламандыктын чыныгы уюштуруучуларын кармабай жатканына ачууланып жатышат.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Тогуз-Торо районунда коомдук коопсуздук көзөмөлдө экенин билдирип, райондун борборунда 200гө жетпеген адамдар турганын ырастады.

Ушундай эле талап менен 17-апрелде Тогуз-Торонун элүүгө жакын тургуну Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына да нааразылык акциясына чыкты. Алардын бири Букен Абдрасулова башаламандыктын чыныгы уюштуруучулары кармалбай жатканына нааразы болду:

- Күнөөлүүлөрдү камабай, карапайым кишилерди кармап кетишти. Эмнеге Максат Жээналиев, Руслан Асеинов, Улан кармалбайт? Төрт кишинин айынан Тогуз-Торо эли күйүп кетти. 30 жылдан бери комбинат иштейт, дамба ачык жатат. Мунун айынан биз уу ичип жашап жатабыз. Элдин баары оорулуу, узак жашаган адамдар жок, жаш эле өлүп жатышат.

Видеого "илингендер" кармалды

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Тогуз-Торо районундагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 15 киши кармалганын ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов чатакка тиешеси бар деп шек саналган 120дан ашуун киши суракка алынганын билдирди.

- Ак үйдүн алдына чогулган Тогуз-Торонун тургундарына жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдим. Алар негизинен "тергөө акыйкат өтсүн, негизги шектүүлөр эмнеге кармалбайт, эмне үчүн Бишкекке алып келип тергелет?" деген суроолорду коюшту. Бул иш резонанс жаратып жатканы үчүн ИИМдин тергөө кызматына алынганын, тергөөгө алынган 120дан ашуун адамдын ичинен 15 киши "конкреттүү тиешеси бар" деген ыкчам маалымат, видеолордун негизинде алынып келгенин айттым.

Сеитовдун айтымында, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккандар "окуяга тиешеси бар" деп беш кишинин аты-жөнүн беришкен. Алар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары, ал "кармалган аялдардын биринин эки айлык баласы бар" деген маалымат туура эместигин, анын баласы эки жашта экенин айтты.

Ал эми митингге чыккандар күнөөлөп жаткан "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын директору Максат Жээналиев түшүндүрүү иштери буга чейин бир нече ирет жүргүзүлгөнүн, айыл өкмөттөр өздөрү туура эмес мамиле кылгандыктан элге маалымат жетпей калганын айтууда:

- "Түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй койду" деген туура эмес. 2016-жылдан бери бул багытта иштеп келгенбиз. Мектептерде, гезит, телеканал аркылуу чыккан. Анын баары калың элге жетпейт экен. Буга айыл өкмөттөрү өздөрү туура эмес мамиле кылбагандыктан, жакшы көңүл бурулбагандыктан элге жетпей калды.

Жээналиев буга чейин "уюшулган кайсы бир күчтөр жергиликтүү тургундарга жалган маалымат таратып жатат" деп билдирген болчу.

11-апрелде Тогуз-Тородо жүздөгөн адам жыйналып, жаңы салына баштаган фабриканын имараты, акция учурунда курулушка пайдаланылган техника өрттөлгөн. Анда "жергиликтүү тургундардын буга чейин айтылган талаптарын, мүдөөсүн бийлик укпай жатат" деген доомат коюлган болчу. Ички иштер министрлиги чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиция кызматкери жабыркаганы маалымдалган.

Тогуз-Тородогу акцияда имараттар өрттөлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

Бул маселе өкмөт Жогорку Кеңештин үч фракциясына отчет берип жатканда да көтөрүлдү. Депутат Эмил Токтошев өкмөт муну алдын алса болорун, убагында жакшы маани берилбегендиктен азыркыдай жагдай түзүлүп жатканын айтты.

- Сиздер элге барып аныктайсыздарбы же милиция менен ОМОНду алып келип коёсуздарбы? Кыргыз эли эч качан камчыга баш ийген эмес. Мунун арты жаман бүтөт. Чын эле цианид колдонулуп жатыптырбы, зыяны барбы, жокпу - элге салып чечпейсиздерби?

Депутаттын суроосуна жооп берип жатып Сапар Исаков мыйзам алдында баары бирдей экенин, өрт койгондор жооп бериши зарыл экенин белгиледи.

- Эгерде инвесторлордун заводуна зыян келтирсек, анын ордун толуктап беришибиз керек. Ким өрт койду, ким от тамызды - аны тергөө аныктайт. "Инвестиция тартыш керек" деп айтып жатасыз. Биз өзүбүздүн кадамдар менен көрсөтүшүбүз керек. Экинчиден, биз ал жерди “иштебейсиңер” деп токтотконбуз, тиешелүү кадамдар жасалган, документтер бар. Биз делегацияны жибердик, текшерип келиш үчүн, анан жанагыдай болуп жатпайбы.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт башчы Сапар Исаковдун "Тогуз-Тородогу башаламандыктын артында саясатчылар турат" деп буга чейин айтканы боюнча сурап, алардын атын ачык айтууну талап кылды. Бул Төрөбаев менен Исаковдун кайым айтышуусу менен бүттү.

- Сиз Тогуз-Тородогу окуянын артында саясатчылар тураарын, толугураак кийинчерээк айтыла турганын айттыңыз. Бажы боюнча да маалыматтар бар экенин билдиргенсиз. Эгер маалымат болсо башка күнгө калтырбай ачык айтыңыз. Премьер-министр катары сизде маалымат көп, толтура. Ачык эле айта бериңиз, биз дагы уккубуз келет да, - деди Төрөбаев.

Исаков бул анын өзүнүн укугу экенин, качан айта турганын өзү билээрин айтып, “азыр баары эле саясатчы болуп кетти” деп жооп берди. Бирок чатактын артында кайсы саясатчылар турганы айтылбаган бойдон калды.

Тогуз-Тородогу чатак боюнча ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси ("Ээнбаштык") жана 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") менен кылмыш ишин козгогон.

Үч фракция өкмөттүн ишин жактырган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG