Freedom House укук коргоо уюму "Интернет эркиндиги 2025" деген баяндамасын жарыялап, дүйнөдө интернет эркиндигинин деңгээли 15 жыл катары менен төмөндөп баратканын билдирди. Борбор Азия өлкөлөрү быйыл рейтингде "жарым-жартылай эркин" жана "эркин эмес" деп бөлүнгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 27 өлкөдө абал начарлаган, ал эми 17 өлкөдө гана жакшырган.
Төмөндөшүнүн негизги себеби катары авторитардык репрессиялардын уланышы, нааразылык акцияларын күч менен басуу, цензуранын күчөшү жана сөз эркиндигине болгон басым көрсөтүлгөн.
Мындан тышкары мурда "салыштырмалуу эркин" деп эсептелген айрым өлкөлөрдүн позициялары да төмөндөгөнү белгиленген.
Рейтингде эң көп позицияга төмөндөгөн өлкөлөрдүн катарына Кения (6 позиция), Венесуэла (4 позиция) жана Грузия (4 позиция) кирет. Маселен, Грузияда орусиячыл өкмөт келгенден кийин нааразылык акциялары дээрлик токтобой уланууда.
Ал эми позитивдүү өзгөрүүлөр байкалган мамлекеттердин катарына быйыл Бангладеш кирген (5 позиция жогорулаган). Интернет эркиндиги боюнча Исландия (94 балл) биринчи орунда, андан кийин Эстония (91 балл) турат.
Интернет "эркин эмес" өлкөлөрдүн башына Кытай жана Мьянма жайгашкан. Экөөнө тең тогуз баллдан берилген.
Отчеттун авторлору белгилешкендей, онлайн маалыматка көзөмөл кылуу менен авторитардык режимдер бийлигин күчөтүүнү көздөшөт.
Соңку 15 жыл ичинде интернет эркиндиги кескин начарлаган өлкөлөрдө (Египет, Пакистан, Орусия, Түркия, Венесуэла) бийлик онлайн мейкиндикти катуу көзөмөлдөйт.
"Бийлик өзүнө ыңгайлуу маалыматтарды жайылтып, коомдук пикирге таасир этүүдө. Freedom on the Net боюнча бааланган 21 көрсөткүчтүн ичинен мамлекеттердин же таасирдүү структуралардын онлайн маалымат булагына жасаган манипуляциялары эң туруктуу начарлоону көрсөттү", - деп жазылат документте.
Ошондой эле авторлор эркин деп саналган өлкөлөрдө да абал начарлап жатканын белгилешет. Быйыл "Эркин" макамына ээ 18 өлкөнүн жарымы өз позицияларын жоготкон.
Германияда абалдын төмөндөшүнө (3 пунктка, 74кө) саясатчылар тууралуу мемдер үчүн козголгон кылмыш иштери, ашынган оңчулдардын сындарынан улам өзүңдү чектөө жана Орусиянын киберчабуулдару себеп болду.
Кошмо Штаттарда жарандык мейкиндиктин чектелиши санариптик активизмге коркунуч жаратып, чет өлкөлүк жарандардын куугунтукка кабылышы катталган. Бул факторлор АКШдагы интернет эркиндигинин баасын 3 баскычка түшүрдү (73).
Борбор Азияда Кыргызстан чөлкөмдө "жарым-жартылай эркин" интернети бар жалгыз өлкө. Калган өлкөлөрдө интернет "эркин эмес" деп бааланган.
Маселен, Казахстанга 37 балл берилген. Өзбекстан жалпы рейтингде 29 балл алган. Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча мурунку жылдардагыдай эле маалымат жок.
Мындан мурда InterSec Lab эксперттери казак өкмөтү онлайн активдүүлүктү көзөмөлдөөгө, "керексиз контентке" бөгөт коюуга жана интернетке кирүүнү өчүрүүгө мүмкүндүк берген программалык камсыздоону сатып алганын белгилешкен.
Freedom House - демократияны өнүктүрүү жана адам укуктарын коргоо менен алектенген америкалык коммерциялык эмес уюм.
Ал дүйнөнүн 208 өлкөсүндө саясий укуктарды жана жарандык эркиндиктерди баалап, жыл сайын "Дүйнөдөгү эркиндик" баяндамасын жарыялайт.
Шерине