Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Аттестатты ката баскан "Тартип" дагы тендерге катышты


Иллюстрация
Иллюстрация

"Учкун" мамлекеттик басмаканасы жогорку жана орто окуу жайлары үчүн дипломдорду басуу боюнча жарыяланган тендердин шарттары одоно бузулуп жатканына нааразы.

Анда быйыл элүү миңден ашуун аттестатты ката басып чыгарган "Тартип" деген жеке менчик компания бул жолку тендерге дагы катышып, арзан бааны сунуштап, утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп жатканы көрсөтүлгөн.

Мамкаттоо кызматынын төрага орун басары Русланбек Сарыбаев компания "кара тизмеге" кирбегенден кийин аны тендерге катыштырбай коюуга мүмкүн эмес экенин айтууда.

Жаңы тендерге катышкан "Тартип"

Мамлекеттик каттоо кызматы Билим берүү министрлигинин буюртмасы менен 2017-жылы 29-сентябрда жогорку жана орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду басып чыгарууга тендер жарыялаган болчу.

Жалал-Абад: аттестатын күткөн бүтүрүүчүлөр

Жалал-Абад: аттестатын күткөн бүтүрүүчүлөр

Жалал-Абад облусунда 5 миңдей мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты жараксыз болуп калды.

Жогорку окуу жайлары үчүн 120 миң, ал эми орто окуу жайлары үчүн 105 миң диплом даярдоо керек болгон. Бул үчүн бюджеттен 55 млн 193 миң 336 сом каралган. Бул тендерге "Учкун", "Шрифт-Сервиз" жана "Тартип" деген үч компания катышууда.

"Учкун" мамлекеттик басмаканасынын расмий өкүлү Бекбол Темирбек уулу тендерлерге катышуу укугунан ажыратылууга тийиш болгон "Тартип" ишканасы кандайча ага катышып жатканын айтты:

- Быйыл 2017-жылкы бүтүрүүчүлөр үчүн даярдалып, бирок жараксыз басылган аттестаттарды "Тартип" жеке менчик басмаканасы чыгарган. Мына ошол тендердин шарты боюнча ага карата кандайдыр бир чаралар көрүлүшү керек эле. Анткени тендерден утуп чыккан компания кемчилик кетирсе, анын баарын моюнуна алып, жазана тартары көрсөтүлгөн. Ошондой эле ал компания мына ошол жараксыз аттестаттарды басып чыгарып, зыян келтирип, анан дагы мектеп бүтүрүүчүлөрүн күттүрүп, убара кылганы үчүн акчалай айып төлөшү керек болчу. Бирок анын ордуна бул компания эч нерсе болбогондой кайра эле экинчи бир тендерге катышып жатканы таң калтырат. Буга карата тендердик комиссия дагы үн ката элек. Мамлекеттик сатып алуулар департаменти бул ишкана эмнеге "кара тизмеге" киргизилбей, кайра тендерге катышып жатканы боюнча түшүндүрмө бериши керек.

Арзан сунуш, айтылбаган маалымат

Билим берүү министрлиги менен Мамкаттоо кызматынын өкүлдөрүнөн турган конкурстук комиссия 23-октябрь күнү кайсы компания дипломдорду кандай баага даярдап бере алары боюнча сунуштарды кабыл алган. Алардын ичинен "Тартип" компаниясы эң төмөн баа сунуштап, тендерден утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин көрсөткөн. "Учкун" дипломдорду 50 миллион сомго даярдоону сунуштаса, "Шрифт-Сервиз" 41 миллионго жана "Тартип" 39 миллион 930 миң сомго басууну сунуштаган.

Белгилей кетүүчү жагдай, "Тартип" басма ишканасы быйыл жазында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарын даярдоо тендерин утуп алып, бирок анын 50 миңден ашууну жараксыз болуп басылып чыккан жайы бар. Натыйжада аттестаттар кайрадан басылып, кошумча зыян келтирилген. Ошондой эле жогорку окуу жайларына тапшырууну көздөгөн мектеп бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын күтүп, бир топ убара тартышкан.

"Тартип" ишканасынын ысымын атагысы келбеген эсепчиси ишкана бул жолу эч кандай тендерге катышпай эле турганын айтуу менен гана чектелди:

- Бул боюнча Мамкаттоо органына жана Билим берүү министрлигине кайрылып, маалымат алсаңыздар болот. Биз бул тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз. Аттестаттарды даярдоо боюнча тендер быйыл жазында болгон. Азыркы учурда өтүп жаткан тендерге биздин эч кандай тиешебиз жок.

"Кара тизмеге" киргизбөөнүн жыйынтыгы

Ошол эле кезде Мамлекеттик сатып алуулар порталында дипломдорду басып чыгаруу боюнча тендерге "Тартип" компаниясы катышып жатканы көрсөтүлгөн.

Дипломдорду даярдоого тендер жарыялаган Мамкаттоо кызматынын төрага орун басары Русланбек Сарыбаев "Тартип" ишканасын тендерге катыштырбай коюуга эч кандай негиз болгон эмес деп билдирди:

- Мына ошондой болгон соң Мамлекеттик сатып алуулар департаменти аны "кара" тизмеге киргизиши керек болчу. Биз эми ал компания боюнча соттун чечими болбосо же "кара тизмеге" киргизилбеген соң тендерге катышпагыла деп чектөө койо албайбыз да. Биз деле тендер таза жана акыйкат өтүшүн каалап жатабыз. Бирок аталган компаниянын мурдагы тендердеги ишмердиги боюнча ошондой маалыматттар болгондон кийин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ага карата чара көрүшү керек болчу.

Ошол эле кезде тендерлердин мыйзамдуулугун көзөмөлдөөчү Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев быйыл жайдагы чуулгандуу аттестат чыры менен белгилүү "Тартип" компаниясы эмнеге "кара тизмеге" кирбей калганын эстей албай койду:

- Азыр мен аны айта албайм. "Тартип" деген компания дедиңизби? Анткени колумда ага байланыштуу кагаздар жок. Кимде ким келишимдин шарттарын бузса же аткарбаса, анда ошондой компаниялар "кара тизмеге" киргизилет. Мына ошондой компаниялар башка бир тендерлерге катышууга укугу жок. Мындай чектөө бир жылдан үч жылга чейин созулушу мүмкүн.

Ошол эле кезде Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы дипломдорду даярдоо үчүн уюштурулуп жаткан тендерге министрликтин эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG