Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:55

Эже-сиңди: күйөөгө тийүүнүн "мөөнөтү"


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда акыркы жылдары кыздар жогорку окуу жайын аяктап, жумушка орношуп, 30 жашка жакындап калганда күйөөгө тийген жаңы көрүнүш пайда болду. 15-20 жыл мурун мындай көрүнүш өтө сейрек кездешсе, азыркы күндөрү күйөөгө тийүү «мөөнөтү» акырындап жылып бараткансыйт.

"Азаттыктын" жаңы "Эже-сиңди" долбоорунун алгачкы талкуусуна Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бактыгүл Чотурова, блогер Азиза Мурзашова жана ишмер айым Алина Макенова катышты.

Бактыгүл Чотурова: Мунун чындык жагы дагы бар. Биринчиден, статистиканы караганда, аялдарга караганда эркектердин саны азыраак. Экинчиден, биздин заман дагы ушуга алып барышы мүмкүн. Азыркы заманда жаштар терең ойлонуп, абдан эсептеп туруп, үй-бүлө курат. Илгери 15 жаштан өткөндөн кийин кара далы деп коюшчу, аны эстесең, азыр Кыргызстанда баары эле "кара далы". Бир четинен, 20 жаштан кийин кыздардын турмушка чыгып, бала-чакалуу болуп алганы жакшы, балдары өзү менен тең чоңоюп калат. Бирок 20 жашка чыктым деп эле туш келди кетип калууга болбойт. Өзүнө жаккан, өзү сүйгөн адам менен турмуш курушу керек.

Алина Макенова: Мен отузга чыкканда күйөөгө тийдим. Ага чейин окудум, анан иштедим. Жашоомду оңдоп алып, анан турмушка чыгам деп ойлоп жүргөм. Жашым 28ге жеткенде, бир аз коркунуч сезими пайда болду, бирок ушул бойдон күйөөгө тийбей калсам деле мейли деп ойлоп койгом. Мен отузга чыкканда турмуш куруп жаңылган жокмун деп ойлойм. Күйөөм аябай жакшы киши, ал азыр 36 жашта.

Алия Суранова: Эркектерди да кара далы деп айтса болобу?

Бактыгүл Чотурова: Эркек адамдарга канча жашында үйлөнсө деле боло берет, бирок аларга деле ата-энелерибиз берген кеңештерин угуп калчубуз: бала-чакаң өзүң менен чоңоюшу керек, эртеңки күндү ойлонушу керек деп үйлөндүрүп коюшчу. Өтө кечиккен дагы болбойт. Аял болуп жаралгандан кийин эне болууга тийиш. Эне болмоюнча аялдын багы ачылбайт.

Алия Суранова: Алина, сен “эртерээк эрге тий" деген сөздөрдү көп угуп калдыңбы?

Алина Макенова: 27-28 жашка чыгып калганымда тегерегимдегилер айта баштаган, ага чейин эч ким эч нерсе деген эмес. Өзүң үчүн төрөп ал деген сөздү деле уккан эмесмин.

Бактыгүл Чотурова: Баланын өзүнүн атасы болушу керек. "Жөн эле төрөп ал” деген кеңеш туура эмес. Бала атанын колунда өсүп, анын тарбиясын да көрүшү керек. Эркектер таарынбасын, бирок азыркы учурда көбү майдаланып кетти. Бардыгын эмес, албетте, бирок көпчүлүгүн аялдары башкарып калды. Акчаны да аялы табат. Ата-бабаларыбыздай намыстуу болуп, үйдүн түндүгүн бийик кармаган мырзалар болсо...

Жакшы мамиле үчүн эле тийген туура эмес деп ойлойм, анткени өзүң да бактысыз болуп, аны да бактылуу кыла албайсың.
Азиза Мурашева

Азиза Мурзашова: Мен жакында 26га чыгам, тилекке каршы, ата-энем, туугандарым: «Ушинтип жүрө бересиңби, 26га чыгып калдың! Тандап жүрө берсең, калып каласың!» - деп көп айтышат. Мен аларга «Бул менин жашоом, бул силердин жашооңор эмес, каалаганымды кылам» деп бетке эле айтам. Мен азыр бактылуумун. Эң негизгиси – адам бактылуу болушу керек. «Сенин бактың үй-бүлөдө жана балада» - деп эч ким айта албайт, себеби сен өзүң үчүн чечесиң – сен үчүн бакыт деген эмне? Буйруганда, жакшы жигитке туш болсом, албетте, турмушка чыгам, албетте, мен деле эне болгум келет. Сиңдим турмушка чыгып жатканда анын тоюндагы каалоо-тилектин жарымы мага арналган. «Эми Азиза дагы турмушка чыксын, оомин!» деген сөздөрдү угуп жаман болгом. Менин дагы турмуш кургум келет, бирок азыр болбой атат. Мен эмне кылышым керек? Бир баланын башына калпак кийгизип алып качышым керекпи?

Алия Суранова: Бизде дагы көп айтып калышат, кыз көп окуп, чет тилин билип, чет өлкөгө барып, жакшы жерде иштеп калса, эркектер андайлардан коркот деп. Акылдуу ишмер аялдын ордуна мектепти жаңы бүткөн эле жаш кызды алып, ошону өз каалаганындай башкарат деп да жатышат…

Кыз ишенимдүү, өз оюна бекем болуп, жарашкан кийим кийип, ден соолугун жакшы карашы керек. Жаман нерселер менен башын оорутпашы керек, чөкпөшү керек.
Бактыгүл Чотурова

Бактыгүл Чотурова: Жакшы мырза болсо антпейт, тескерисинче – сыймыктанат, колдойт. Андайлар жок эмес, бар. Бул ичи тардык, билимсиздик белгиси. Көзү жетпейт, өзүн биринчи планга койгусу келет. Жигиттерге андай болбогула деп айтаар элем.

Алия Суранова: Кээде кызга жакшы жигит жолугуп, аны сүйүп, жакшы мамиле кылса дагы, кыздын ага жүрөгү жатпаган учурлар болот.

Азиза Мурзашова: Менин ошондой досум бар, мени турмушка чакырган, ата-энем аны тааныйт, өзүм да ойлонуп жүрдүм. Бирок жылдызыбыз келишкен жок. Антип жакшы мамиле үчүн эле тийген туура эмес деп ойлойм, анткени өзүң да бактысыз болуп, аны да бактылуу кыла албайсың. Өзүңдүн адамыңды жолуктурганда, аны сезесиң.

Алина Макенова: Биз жолдошум экөөбүз эки жыл сүйлөшүп жүрдүк, анын ичинен бир жылдай дос болуп жүрдүк. Кийин өзүбүздүн жалпы кызыкчылыктарыбыз бар экенин байкадык, мүнөздөрүбүз окшош, көз караштарыбыз төп келишти.

Бактыгүл Чотурова: Жүрөктөр да сүйлөшөт, андайды адам өзү түшүнөт. Тагдыр жазган убакта адамдар жолугат. Адам өзү үчүн жашап, өзүн жакшы алып жүрүшү керек. Кыз ишенимдүү, өз оюна бекем болуп, жарашкан кийим кийип, ден соолугун жакшы карашы керек. Жаман нерселер менен башын оорутпашы керек, чөкпөшү керек. Эл эмне десе, ошо десин. Жакшы нерсеге башты оорутуш керек – кыялданып, максаттарга умтулуп, иштеп, оптимист болуп жүрүшү керек.

Адам өзүнө ишениши керек, бирөө багат деп отуруп албашы керек. Сен иштеп, максаттарыңа жетсең, балаңа да жакшы үлгү болуп, көп нерсе бере аласың.
Азиза Мурашева

Азиза Мурзашова: Бизде кээ бир кыздар жалгыздыктан коркуп эле турмушка чыгып алышат. Жалгыз калсам, бактысыз болом деп коркушат. Сен жалгыз эмессиң, сенин ата-энең бар, досторуң бар, жакын адамдарың, өзүң барсың. Турмушка ашыгып чыккан туура эмес.

Алина Макенова: Жаш кезинде кыздар ишенчээк болушат. Эркектер кооз сүйлөп койсо, алданып калат. Бир аз жашап, өз алдыңча тиричилик жасай баштагандан кийин, адамдарды жакшы түшүнүп, көп нерсеге башкача карай баштайсың. Кооз сөзгө ишенбей, мамилеге, адамдын жүрүм-турумуна маани берип каласың. Анан 20 жашында үйлөнүп алып, түйшүктүн баарын ата-энесине жүктөп коюшат, каражат жетпей, кыйналышат, ошонун артынан ажырашып кетишет эрте эле. Биз күйөөм экөөбүз тең аракет кылып, тиричиликти чогуу алып жүрөбүз. Үйлөнөр алдында иштеп, тирденип алуу керек деп ойлойм.

Азиза Мурзашова: Адам өзүнө ишениши керек, бирөө багат деп отуруп албашы керек. Сен иштеп, максаттарыңа жетсең, балаңа да жакшы үлгү болуп, көп нерсе бере аласың.

Бактыгүл Чотурова: Кыздар 20-25 жаштын ортосунда күйөөгө тийүүнү ойлонуп, даярдана баштаса болот. Бирок турмушка чыгуунун мөөнөтү жок. Заманга татыктуу инсан болуп калыптанышы керек.

Алина Макенова: Кыздар окуп, чет өлкөнү көрүп, иштеп баштагандан кийин даяр болот деп ойлойм.

Алия Суранова: Эң негизгиси, дайыма бактылуу болгонго аракет кылалы. Оптимист болуп, кыялданып, ар бир адам өз алдынча бактылуу болсун. Көңүл чөкпөсүн!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG