Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Жээнбековдун жети багыты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү үчүн реформа жергиликтүү бийликтин кызматтык функцияларынан башталышы керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал 23-январда Бишкекте аймактарды өнүктүрүү жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун алгачкы отурумунда айтты. Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жумушчу топ сунуш пикирлерди кабыл алып, мыйзамдык базаны түптөп, реформанын үстүндө иш алып барышы керек. Президент бүгүнкү жыйында коюлган тапшырмаларды аткарууга 1-майга чейин мөөнөт берди.

Акимдердин укугун кеңейтүү зарылчылыгы

Президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган жети багытта аймактарга бөлүнгөн каражаттарды теңдештирүү, жеңилдетилген насыяны аймактардын муктаждыгын эске алуу менен берүү, облустун брендин иштеп чыгуу, таза суу менен камсыздоо, жергиликтүү бийликтин функцияларын реформалоо өңдүү милдеттер каралган.

Президент бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтен түңүлгөн эл электр жарыгы өчсө да президентке түз кайрылууга аргасыз болуп калганын белгиледи. Анын пикиринде, жергиликтүү бийликке элдин ишенимин кайтаруу үчүн аким, айыл өкмөттөрүнүн функцияларын карап чыгып, маселе чече алгыдай деңгээлге жеткирүү зарыл.

- Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү мыйзамдарды кайрадан анализдеп көрүп, аны өркүндөтүү зарыл. Көп учурда кабыл алынган мыйзамдар толук кандуу иштебей, тескерисинче тоскоолдук жараткан учурлар байкалат. Айрым министрликтер менен ведомстволордун территориялык бөлүмдөрүн райакимдердин кароосуна өткөрүп берип, жергиликтүү администрациянын ролун күчөтүү зарыл.

Жээнбеков: Аймактык лобби күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Мыйзамдардагы чалкештик

Өкмөттүк аппараттын аймактык башкаруу боюнча бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакировдун айтуусунда, акимдер бүгүнкү күндө өкмөттүн ишин аткарган формалдуу өкүл гана болуп калды. Алардын колунда бийлик болгону менен финансылык мүмкүнчүлүктөрү жок. Акимдердин жана айыл өкмөттөрүнүн милдеттери да аралашып калгандай деди Бакиров:

- Жергиликтүү калкка маселени аким чечип жатабы же айыл өкмөт чечип жатабы, ал көп деле роль ойнобойт. Ошондуктан бул жаатта мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу керек. Себеби айыл өкмөттүн депутаттары бүгүн айыл өкмөттү шайлайт жана ал муниципалдык кызматкер болуп эсептелет. Ал эми аким бул мамлекеттик кызматкер. Бирок азыр депутаттар арасында аким депутаттарга отчет бергидей маселе кайрадан көтөрүлүп жатат. Бул жагын жакшылап ойлонбосок, мамлекеттик кызматкер муниципалдык кызматкерлерге отчет берип калып жатат.

Көп учурда кабыл алынган мыйзамдар толук кандуу иштебей, тескерисинче тоскоолдук жараткан учурлар байкалат.
Сооронбай Жээнбеков

Жетиген Бакиров ушул тапта айыл өкмөттөрдү шайлоо өтө коррупциялашып кеткенин, жергиликтүү кеңеште депутаттар айыл көйгөйүн көтөрүү ордуна айыл өкмөтүн шайлоо менен гана алектенип калганын белгиледи.

Аймактарды өнүктүрүү үчүн түзүлгөн жумушчу топ бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик органдарынын укук-милдеттерин так бөлүштүрүү зарылдыгын билдирүүдө. Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо боюнча бөлүм башчысы Анарбек Исмаилов бул жаатта эски мыйзамдардан үлгү алса болоруна токтолду:

- 1992-жылкы жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамда акимдер мамлекеттик органдар менен макулдашып жергиликтүү ички иштер кызматын, санитардык-ветеринардык көзөмөл, архитектура жана техникалык көзөмөл ж.б бир топ кызматтарды түзүүгө укуктуу болгон. Акимге алардын баарын тескегенге укук берилип, жоопкерчилиги да бар болчу. Мындайча айтканда биздин мамлекеттин тарыхы бул жолду басып өткөн.

Аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топ айтылган сунуш-пикирлерди эске алып, мыйзамдык базаны түптөп, реформанын үстүндө иш алып бармай болду. Аталган жумушчу топтун мүчөсү, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, президент алгачкы коюлган тапшырмаларды аткарууга 1-майга чейин мөөнөт берди:

Мухамметкалый Абулгазиев
Мухамметкалый Абулгазиев

- Бул мөөнөткө чейин бардык мыйзам, каржы, жергиликтүү бийлик менен мамлекеттик администрациянын байланышы жагынан, насыя жана башка сунуштарды кандай өнүктүрүү маселесин жумушчу топ иштеп чыгып сунуштарын берет. Биз үч бөлүккө бөлүнүп иш алып баралы деп жатабыз. Экономика-финансы боюнча бир топ, мыйзамдарды жазуу боюнча дагы бир топ иштесе, айыл өкмөт, айылдык кеңештердин ишин караган топ реформаларды жүргүзөт.

Президент өкмөттүн функциясын алып жатабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев аймактарды өнүктүрүүгө карата жасалып жаткан президенттин кадамын оң баалаганы менен, бул функциялар өкмөттүн түздөн түз аткара турган иши экенин белгилейт. Ал аймактык реформаны аткаруу үчүн өкмөткө саясий эрк керектигин айтып, азыр өкмөттө аймактардын маселесин жакшы билген жетекчилер жоктугун сынга алды:

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

- Премьер-министр жана анын командасын карасаңар, айыл өкмөт болуп ишин баштап, маселени жеринде билген адам жок. Айыл чарба институтун бүткөн бир министр таппайсың. Өкмөт кантип анан бул реформаны ишке ашырат билбейм. Реформаны жүргүзүү өкмөттүн түздөн түз иши, ал президенттин иши эмес. Айла жок эми премьер-министр айыл маселесин билбей отурса, президент киришип жатат окшойт.

Президент Сооронбай Жээнбеков алты жылдык президенттик мөөнөттө аймактарды өнүктүрүү маселеси анын ишиндеги артыкчылыктуу багыт болорун белгилеп өттү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 483 айыл өкмөтүнүн 382си дотацияда отурат. Бул көрсөткүч 84 пайызды түзөт.

2017-жылы мамлекеттик казынадан аймактардагы дотация үчүн 1 млрд 818 млн сом бөлүнсө, быйыл анын көлөмү 1 млрд 850 млн сом болот. ​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG