Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Мамлекеттин жалпы мүлкү 86 млрд. сомго бааланды


Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы мамлекеттик стадион.
Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы мамлекеттик стадион.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду алгачкы эсептөөсүнүн жыйынтыгына таянып мамлекеттин 80 млрд. сомдон ашык наркка бааланган 1 миллиондон ашык даана мүлк бар экенин билдирди. Мындай эсептөө Кыргызстан эгемендик алгандан бери биринчи жолу жүргүзүлдү.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо жана анын баасын чыгаруу боюнча парламенттин тапшырмасынын аткарылышын талкуулады. Мындай токтомду Жогорку Кеңеш 2016-жылдын май айындагы сессиясында кабыл алган. Маселе көтөрүлүшүнө мамлекеттик мүлктөрдүн эсеби жана баасы тууралуу бирдиктүү маалыматтын жоктугу негиз болгон.

Бир жарым жылдан берки инвентаризициянын болжолдуу жыйынтыгына ылайык, мамлекетке таандык 9 миңдей автотранспорт, 12 миңдей имарат жана 1 миллион техника, шаймандар бар экендиги эсептелди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиевдин айтымында, эсептөөнүн жыйынтыгы мамлекетке таандык жалпы наркы 86 млрд. сом турган 1 миллиондон ашык мүлк бар экенин көрсөттү. Мураталиев бул акыркы сандар эмес экенин айтып, мүлктү кайра эсептеп чыккан соң сандар дагы көбөйөрүн билдирди.

Бакытбек Мураталиев.
Бакытбек Мураталиев.

- Сандар мындан 10-20 эсе көбөйөт. Себеби биз азыр баланста турган баштапкы баасын гана эсептеп чыктык. Маселен, жердин баштапкы баасы канча болсо, ошол бойдон эсепке кирди. Бирок арадан жыйырма жылдай убакыт өтүп кетти. Бул жерлердин баасы көтөрүлүп жатпайбы. Андыктан эми биз кайрадан эсептеп, азыркы учурдагы баага шайкеш келтиребиз. Мамлекетке таандык стол, стул, калем сап - бардыгын кайра баалайбыз.

Бирдиктүү базага киргизилүүдө

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мамлекетке таандык мүлктү кайрадан эсептеп, баалап чыгыш үчүн депутаттардан дагы бир жыл мөөнөт сурады. Мекеменин төрагасы Ренат Түлөбердиев мындан ары мүлктү эсептөө кагаз менен жүрбөсүн, бардыгы заманбап талапка жооп берүүчү бирдиктүү системага жүктөлүп жатканын айтты:

- Биз мекеме аралык автоматташтырылган маалымат системасын түздүк. “Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү системасы” же болбосо МАИС ЕРГИ деп кыскартып койдук. Бүгүнкү күндө негизги тапшырмалар аткарылды. Анын алкагында 65 мамлекеттик орган жана 1862 мекеме менен түзүмдүк башкармалык, бөлүмдөр бирдиктүү системага кошулуп, болгон мүлк тууралуу маалыматын киргизип турушат. Бул сервер 40 миллион объектини өзүнө камтый алат жана мүлктүн баарын онлайн-режимде көзөмөлдөөгө шарт түзүлүүдө.

"Дастан" заводу.
"Дастан" заводу.

Мамлекеттик мүлктүн санын жана баасын эсептеп чыгыш үчүн 50 миллион сомго чукул каражат кеткен. Бул акча Дүйнөлүк банк тарабынан гранттык негизде бөлүнүп, тендерди Армениянын “Grant Thornton CJSC” жана Ирландиянын “VXSoft Limited” компаниялары утуп алган.

Анткен менен депутат Дастан Бекешев мамлекеттик мүлктү инвентаризациялаш үчүн бөлүнгөн 50 миллион сомго чукул каражат максаттуу колдонулганынан шек санап жатат.

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Автоматташтырылган система Кыргызстанга гранттык акча менен келген, бирок азыркыга чейин Кыргызстандын балансына өткөрүлө элек экен. Кандайча биз программалык камсыздоо бизге толук өткөрүлө электе эле мамлекеттеги болгон мүлктү санай баштадык? 2017-жылдын 10-январында Эсептөө палатасына гранттык акчанын колдонулушу боюнча тапшырма бергенбиз. Булар менин билишимче эки сайтты чыгарып, эки маалымат базасын түзгөн. Бул маселенин коопсуздук жагы да бар.

Ошентсе да депутат Бекешев өкмөткө таандык мүлккө санак жүрө баштаганын жакшы иш катары сыпаттады. Бирок комитеттеги көпчүлүк депутаттар мамлекеттик мүлк сандан сапатка өтсө деген сунуштарын беришти.

Мамлекет мүлккө жакшы менеджер боло албайт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси, саясый ишмер Равшан Жээнбековдун айтуусунда, мүлктүн саны эсептелгени менен өкмөт үчүн алардан киреше алуу негизги милдет болушу керек. Бирок азыркы саясый системаны эске алганда, өкмөт өз колуна стратегиялык ишканаларды гана кармап, калганын коркпостон менчиктештирүүгө өткөргөнү оң.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

- Кыргызстан авторитардык жана коррупциялашкан мамлекет болгондуктан, эч убакта мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкара албайт. Ошондуктан мамлекеттин колунда эмне болсо, стратегиялык, маанилүү объектилерден башкасын сатышыбыз керек. Маселен, аэропортту, энергетикалык компанияларды гана мамлекет өзүнө алып, калганы талкаланып, уурдалып кете электе эртерээк сатып, казынага акча түшүрүп калышыбыз керек. Себеби, мамлекет күндөн-күнгө ишканалардын карызын көбөйтүп, мүлкүн талкалап, уурдап жатат.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоону аягына чыгарууга дагы бир жылдык мөөнөт берди. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өкмөткө таандык мүлктү кайрадан эсептеп, баалап бүткөн соң менчиктештирүүгө чыгарыла турган тизмени жаңылай турганын билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG