Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Бабановго бата берген курултай


Бабановго бата берген курултай
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Бабановго бата берген курултай

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин көрсөттү. Анын талапкерлиги Элдик курултай деп аталган иш-чарада жактырылып, шайлоого өзүн өзү көрсөтүү менен катышары белгилүү болду. Бабанов президенттикке шайланса алты жыл ичинде Кыргызстанды ылдам өнүгүп жаткан он мамлекеттин катарына кошууга убада берди.

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду президенттик шайлоого аттанткан курултай Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Уюштуруучулар Элдик курултай деп атаган иш-чарага жер-жерлерден миңге жакын адам келгени кабарланды.

Мындан сырткары бир катар мамлекеттик ишмерлер, мурдагы өкмөт башчылары жана Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Ата Мекен” фракциясынын башчылыгын убактылуу аткарып жаткан Алмамбет Шыкмаматов жана “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаттары катышты.

Иш-чараны Бабановду колдоо боюнча элдик курултайдын демилгелүү тобунун жетекчиси катары мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов ачып, курултай өткөрүүнү бир катар ишмерлер сунуштаганын ачыкка чыгарды.

Жумагулов өлкө башчылыгына таза, адилет адам келиши керектигин айтып, курултайдын атынан Бабановдун талапкерлигин көрсөтүүнү сунуштады:

- Урматтуу замандаштар! Элдик курултайда Өмүрбек Токтогуловичтин талапкерлигин колдосок, ага добуш берсек эң адилеттүү чечим болмок.

Элдик курултай: идея жана демилге

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Мындан соң курултайдын делегаттары Өмүрбек Бабановду президенттикке көрсөтүү боюнча резолюция кабыл алды.

Бирок курултайдын резолюциясынын укуктук күчү жок болгону үчүн Бабанов президенттикке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен барарын жарыялады.

Мындай кадамды ал президентти кайсы бир партия эмес, жалпы эл шайлайт деп түшүндүрдү. Ал эми курултайдын резолюциясын моралдык колдоо катары белгиледи.

Ошол эле кезде Өмүрбек Бабанов программасы менен учкай тааныштырды.

“Алга карай жол” деп аталган программасы беш негизги максатты көздөрүн айткан “Республиканын” лидери шайлоодо жеңишке жетсе Кыргызстанды алты жыл ичинде бат өнүгүп жаткан он өлкөнүн катарына кошом деген дымактуу планын шардана кылды:

- Биз түп-тамыры менен башкаруу системасын өзгөртүшүбүз керек. 2020-жылы жаңы шайланган парламент Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду өткөрүүгө толук укуктуу. Толук кандуу парламенттик системабы же толук кандуу президенттик системага өтөбүзбү эл чечиши керек. Бул биздин мамлекеттеги эң чоң реформа болот. Президенттик же премьерлик кызматтын бирин жоюу абзел. Президенттик шайлоодо жеңишке жетишсек, алты жыл ичинде Кыргызстаныбызды дүйнөдөгү эң мыкты өнүгүп жаткан он өлкөнүн катарына кошобуз.

Бабанов бул планды ишке ашырууга командасы, дымагы барын, болгону үч нерсе: таза шайлоо, туруктуулук, талыкпаган эмгек гана зарыл экенин кошумчалады.

Ошол эле учурда “Республика-Ата-Журттун” лидери бийликтин дарегине сөз тийгизген жок. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин таза шайлоо өткөрүү тууралуу убадасына ишенерин билдирди.

"Курултайды саясатташтырууга болбойт"

Президенттик шайлоодогу башкы фигуралардын бири болот делген Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтүүдө эки жагдай талкууга түшүп, коомчулуктун көңүлүн бурду.

Биринчиси - Бабановдун өзү түптөгөн “Республика” же тең төрагалык кылган “Республика-Ата-Журт” партиясынан эмес, курултайдын батасы менен өзүн көрсөткөнү кызыгуу жаратты. Экинчиси - өлкөнү өнүктүрүү боюнча амбициялуу программасы ишке ашабы деген суроо жаралды.

“Республика-Ата-Журт” партиясын бирге түзгөн, мурдагы тандемдеши Камчыбек Ташиев менен пикири келишпей, курултай аркылуу абалдан чыгуу айласы катары санагандар да чыкты.

Ал эми буга чейин курултайды мыйзамдаштыруу демилгесин көтөрүп келген коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков президенттикке талапкерди курултай көрсөткөнүн оң бааласа да, элдик институтту ашкере саясатташтыруудан чочулайт:

- Курултай деген ыйык чогулуштардын бири болушу керек. Бирок ал соңку кезде бийликке каршы жыйын деп кабыл алынып жүрөт. Мында биздин да, балким бийликтин да күнөөсү бар. Буга чейин Жогорку Кеңеш Курултай жөнүндө мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алган. Мына ушул мыйзамды кабыл алып, курултай жөнүндө түшүнүктү тактап алышыбыз керек. Болбосо ар ким курултайды өз ыңгайына жараша колдоно берет.

Он мамлекеттин катарына киребиз десе эл дуулдап колдоп жатат. Бирок мен саясатчы катары, реалист катары алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айланууну утопия деп эсептейм.
Алмамбет Шыкмаматов

Курултайга мейман катары катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов Бабановдун жалпы курултай менен чыгышын башка талапкерлерден айырмаланган тактикалык артыкчылыгы болду деп эсептейт. Бирок кыска аралыкта өлкөнү өнүктүрүү боюнча планынын ишке ашырына ишене албай турат:

- Парламенттик шайлоодо деле парасыз жолдор, жети пайыздык насыялар деп көп эле убадаларды берип келген. Ошол сыяктуу биздин элге ушундай жакшы, кооз убадалар майдай жагары көрүнүп турбайбы. Жанагыдай биз алты жылда өнүккөн 10 мамлекеттин катарына киребиз десе эл дуулдап колдоп жатат. Бирок мен саясатчы катары, реалист катары алты жылда өнүккөн он мамлекеттин бирине айланууну утопия деп эсептейм.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерден документтерди 15-июндан тарта кабыл ала баштады. Учурда он бир адам талапкер катары катталуу үчүн арыз берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG