Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Спикердин президенттикке аттануу мүдөөсү


Турсунбеков: Президенттикке ат салышууга ниетим бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Турсунбеков: Президенттикке ат салышууга ниетим бар

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин акыры сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында ачыкка чыгарды. Турсунбеков президенттикке ат салышуу ниетин ал мүчө болгон Социал-демократиялык партия жалгыз талапкер катары учурдагы премьер Сооронбай Жээнбековду атаган соң айтып чыкты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин 6-чакырылышынын экинчи сессиясынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда спикер депутаттардын өткөн сегиз айдагы аткарган иши, кабыл алган мыйзамдары тууралуу учкай маалымат берди. Бирок маалымат жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин ишмердигинен да, төрага Турсунбековдун президенттик шайлоого байланыштуу пландары журналисттердин кызыгуусун жаратты.

Чыныбай Турсунбеков президенттик үчүн ат салышышы мүмкүн деген сөздөрдү ырастап, шайлоого катышуу ниети бар экенин жашырган жок:

- Бул көйгөйлүү маселе болуп жатат. Президент да бул боюнча өз позициясын айтты. Экөөбүз бул темада бир канча жолу сүйлөштүк. Ал киши элге, журналисттерге берген маалыматтардын баары туура. Мен да ошол негизде ишимди жүргүзүп жатам. Андай мүмкүнчүлүктү мага эч ким чектеген жок, мен да ал мүмкүнчүлүктү колдонууну четке каккан жокмун.

"Азаттык": Президенттикке аттануу ниетиңиз барбы?

Турсунбеков: Андай ниетим бар.

Турсунбеков бул тууралуу жакын арада ачык жарыялай турганын айтып, кеңири маалымат берүүнү каалаган жок.

Ал эми журналисттердин "Социал-демократтар фракциясын бир нече жыл жетектеп, бирок бул партия учурдагы премьер-министрдин талапкерлигин көрсөткөнүнө таарынган жоксузбу?" деген суроосуна төрага Турсунбеков төмөнкүчө жооп кайтарды:

- Ким ыза болору дагы белгисиз. Менби же башкаларбы? Мисалы, мен таарынган жокмун. Мен таарынчактардан эмесмин.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Бийликтеги Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары алып чыгарын жарыялаган. Бул чечим партиянын 15-июлда өтчү курултайы бекитери күтүлүүдө. Партиянын жетекчилиги Жээнбеков жалгыз талапкер катары көрсөтүлөрүн бир нече жолу билдирген. Бирок Чыныбай Турсунбеков партиянын чечимине карабай шайлоого аттанышы мүмкүн экени айтылып келген.

Мындай маалыматтар боюнча КСДПнын түптөөчүсү, президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптада пикирин билдирип, Турсунбеков өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен гана шайлоого катышуусу мүмкүн экенин айткан:

- Чыныбай Акунович болобу, башка бирөө болобу, Кыргызстанда азыр демократия. Бизде мурункудай коркмой жок. Ким талапкер болом десе боло берет. Бирок Cоциал-демократтардан бир талапкер болот, мен ойлоп турам ал - Жээнбеков. Социал-демократтар Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билишет. Ага караганда эми Чыныбай Акунович жакында эле келди.

Ошентип, учурдагы премьер Жээнбеков менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы да президенттикке ат салышуусу мүмкүн болууда.

"Азаттыктын" архиви. Чыныбай Турсунбеков: Бизге элди бириктире турган лидер керек
Турсунбеков: Бизге элди бириктире турган лидер керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:34:26 0:00

"Партияда пикир келишпестик бар"

Саясий эксперт Орозбек Молдалиев бул кырдаалды бийликчил Социал-демократтар партиясындагы айрым пикир келишпестиктердин жыйынтыгы катары баалап жатат:

- Чын-чынында парламент спикери менен президенттин укуктарынын айырмасы аз эле. Тескерисинче, парламентаризмди курабыз деген соң спикерге талап көп болушу керек болчу. Ошондуктан бул жерден айтылбаган сөздөр чыгып жатат. Социал-демократтарда партиялык принцип менен болбой башка принциптин негизиде талапкер көрсөтүлгөнү көрүнгөндөй. Ошон үчүн Чыныбай Акунович президенттикке чыгам деп жатат. Мындай ою болсо чыгышы керек. Экинчиден, мындай кырдаал КСДПнын ичинде маселелер бар деген нерсени көрсөтүүдө.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Ошол эле кезде бүгүнкү маалымат жыйында Чыныбай Турсунбеков парламенттин ишмердигине канааттанганын билдирген. Жогорку Кеңеш төрагасы акыркы сегиз айда сот реформасына байланыштуу, электрондук өкмөткө өтүү жана социалдык тармактагы мыйзамдарды маанилүү катары санарын билдирди.

Расмий маалымат боюнча, сентябрдан 1-июнга чейин 186 мыйзам кабыл алынып, 21и четке кагылган. Мындан сырткары эл өкүлдөрү 757 токтом долбоорун кабыл алды. Парламент кабыл алган 153 мыйзамга президент кол койгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матуибраимов учурдагы чакырылыштагы парламент өз миссиясын толук кандуу аткара албай жатат деген пикирде:

- Парламенттик мамлекет деген миссиясын толук аткара албай жатышат. Экинчиден, бир катар мыйзамдарды кабыл алдык дегени менен алар иштебей жатат. Ошонун иштешин толугу менен көзөмөл кылышы керек эле. Андан сырткары сессияга кандай катышып жатат, кандай маселелер чечилип-чечилбей жатканын көрүп жатабыз. Акыркы сессияда болсо канча маселени чечпей кетип калышты.

Чынында жарандык коом менен коомчулукту депутаттардын этикасы, парламент жыйындарына катышуусу боюнча бир катар сын айтылып келет. Муну Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков да моюнуна алып, аны депутаттарга карата талапты күчөтүү менен чечүү мүмкүн деген пикирин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG