Анда Сапар Исаков "президент Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң менен жолугушууда коңшу өлкөнүн насыялык-гранттык жардамы Кыргызстандын экономикасына жакшы таасир берип жатканын айтып, бирок ошол эле кезде бул долбоорду ишке ашыргандар сот жообуна тартылып жатканын белгиледи. Бул эки жүздүүлүк" деп атаган. Мурдагы өкмөт башчысы мындай саясаттын келечеги жок экенин билдирген.
Сапар Исаковдун бул кайрылуусун талдаган саясатчылар сотто өзүнүн кызыкчылыгын коргоп, иштин маңызын бурмалоо аракети катары кабыл алышты.
Эки башка көз караш
20-июнь күнү Бишкек шаардык сотунда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун камакта калуу мөөнөтүн узартууга каршы доо арызы каралды. Сотто мурдагы премьер-министр Сапар Исаков аларды абакта кармоонун себептерин сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.
Кайрылууда ал "бул жерде эмнеге отурганыбызды түшүнбөй жатам. Бул укуктук чеги жоктук, бийлик менен макул болбогондорду эмне күтөрүн көрсөтүү менен башкаларды коркутуу. Бизди мыйзамды аткарганыбыз үчүн айыпташууда" деп жазган.
Ошондой эле айыптоо корутундусунда "Сапар Исаков Кытай өкмөтүн кысымга алган" деген кине коюлганын айтып, башка өлкөнүн бийлигин кысымга алгандай Исаков ким болуп кетиптир?" деген оюн билдирген.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков мамлекет башчынын айтканын эки жүздүү тышкы саясат деп атаган:
"Эки жүздүү тышкы саясат мамлекеттин кыйрашына алып келет. Мен эмне үчүн бул чечимге келдим? Жээнбеков Си Цзиньпиң менен жолугушуусунда «Кытайдын гранттык жардамы Кыргызстандын экономикасына, энергетикалык көз карандысыздыгына абдан жакшы таасир берип жатат» деп айтты. Ал абдан жакшы сөздөрдү сүйлөдү. Бирок сотто «Электр станцияларынын» өкүлү ЖЭБ боюнча Кытай компаниясынын алдына коюлган максаттар ишке ашпай калганын билдирди. Бул эмне? Бул эки жүздүүлүк. Ошондуктан, мен буга көңүл буруп жатам. Өзүңөргө өзүңөр каршы чыкпагыла. Эгерде Кытайдын жардамы Кыргызстан үчүн абдан маанилүү деп айтсаңыз, анда сотто дагы ошол ойду карманыңыз. Кантип ЖЭБди оңдоо иштери өз максатына жетпей калды? Ал өз максатына жетти жана Кыргызстан Кытайдын алдына койгон бардык талаптарга жооп берет. Ошондой эле Кытай бийлиги бул мамлекеттик кытай компаниясына кепилдик берип жатканда, долбоорду ишке ашыруунун сапаты жана мөөнөтү жагынан да жоопкерчилик алган".
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков тергөө абагында отуруп, иштин бардык тарабын карап, ыктымал катачылыктарды кылдат талдап чыгышканын жазган. Бирок ал күн өткөн сайын өзүнүн кыймыл-аракеттеринин бардыгы туура болгонуна ынанып, мыйзамдагы жана келишимдеги ченемдер так сакталган деген тыянакка келишкенин белгилеген.
Бурмалоонун "бурамасы"
Парламенттин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев саясатчынын бул кайрылуусун иштин маңызын тышкы саясатка оодарып, долбоордун аткарылышы боюнча жоопкерчиликти бурмалап жатканын айтты:
"Сапар Исаков айтса эле ошондой болуп калмак беле? Соттолуп жаткан адам албетте, өзүн коргоп, актаныш үчүн улам бир нерсени бурмалап айта берет. Анын капачылыгын түшүнсө болот. Себеби, долбоор ишке ашып, жаңы кубаттуулуктагы электр энергиясы жана кошумча жылуулук иштелип чыгып жатпайбы. Бул анын көз карашы боюнча туура эле болгон имиш. Биз депутаттык комиссиянын мүчөлөрү деле "насыя алынганы туура болду, долбоор зарыл болчу, аны ишке ашыруу керек" деп айтканбыз. Бирок маселе башка жакта жатпайбы. Жанагы курулуш материалдары менен жабдууларды сатып алууда асман чапчыган баалар ачыкка чыкты. Биз ошону текшерип чыгуу боюнча тапшырма бердик да. Долбоор өзү жакшы эле. Бирок анын баасы жана аны ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү каякка жашырабыз? Ошондуктан мен муну эки жүздүүлүк дегенге кошула албайм. Анткени объект курулду. Ал жакшыбы же жаманбы электр энергиясы менен жылуулукту иштеп чыгып жатат".
Сапар Исаков бийликтин эң башкы максаты - элге бейпил жашоо тартуулап, энергетикалык көз карандысыздыкка өбөлгө түзүп, өлкөнү өнүктүрө турган улуттук долбоорлорду ишке ашыруу экенин белгилеп, аталган максаттар эң мыкты аткарылган деп ойлорун айткан. Ошондой эле мурдагы премьер-министр азыркы бийликти сындап, учурда кандай улуттук долбоорлор ишке ашып жатат деген суроо койгон.
Экиге бөлүнгөн тирештин натыйжасы
Парламенттин "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев бул кайрылууну экиге бөлүнгөн башкаруучу партиянын ичиндеги тирештин жыйынтыгы катары мүнөздөдү:
"Сапар Исаков өзүнүн азыркы бийликке карата альтернативдүү оюн айтты. Мен биздин президент Сооронбай Жээнбековдун Си Цзиньпиң менен жолугушууда айтканына анча маани берген эмесмин. Бирок Сапар Исаковдун бул боюнча пикирин уктум. Ал премьер-министр болгон, эл аралык саясат боюнча адис. Аны отургузуп коюту. Ал буга каршы өзүнүн оюн айтып чыгууда. Азыр эми башкаруучу партия болгон КСДПнын бири бийликте, экинчиси оппозицияда".
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кайрылуусунда азыркы бийлик мамлекеттин өнүгүү жолун жок кылып жатканына карап тура албасын айтып, муну өзү отурган отургучту сындыра чабууга салыштырды.
Ошондой эле ал канчалык каралоо жүргөнүнө карабастан чындык алар тарапта экенин айтып, анын баары акыры ачыкка чыгарын белгиледи. Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон мурдагы сегиз жогорку кызмат адамы Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга айыпталып, сот жараяны башталган. Анда ЖЭБди оңдоо үчүн Кытайдан алынган 386 млн. доллар насыянын ыксыз сарпталышы боюнча коррупциялык фактылар ачыкка чыкканы айтылууда.